С. Абдрахманов: "Ак Суу" (ыр саптар)

АК СУУ

Сары-Кол барктуу жеримде

Сыйлуу орду дайым төрүндө,

Памирдин көрктүү жеринде

Атактуу Ак-Суу эл жери бар.

 

Бүркүтү шаңшып жар салган

Улары ышкырып үн салган.

Аркар, кулжа, теке жайнаган.

Аска-Зоо тоолору таңшыган.

 

Өрдөк каздар сүзүп ойногон,

Күмүш түс балык чабак урган,

Ар жандыкка өмүр арнаган

Сууларың сенин ак таптаза.

 

Гүлдөрү аңкып термелген

Талаалары чачат береке,

Ыссык суулары бууланган

Көргөн жандар таң калган.

 

Сугун арткан жоолордон

Бабалар коргоп кан төккөн,

Ак-Суучу эли жерим деп

Мээнет кылып тер төккөн.

 

Аталар түндүк көтөргөн

Энелер шырдак жасаган,

Жигиттер ырдап даңктаган

Селкилер кештесин арнаган.

 

Улуу Жибек Жолу уланган

Көлмө-Бел деген ашуусунан.

Рахманкул Хан ыйлап кеткен

Ак-Таштан Кызыл-Рабаттан.

 

Ак-Суунун даамы билинет

Чүйгүн эт, сүт тамагынан.

Ак-Суунун деми сезилет

Тоо жүрөк элин карасаң.

 

Ак-Суунун эли кең пейил

Ак-Суунун жери ток пейил.

Ак-Суунун салкын абасы

Жараткан берген дарысы.

 

Токтомуш, Шаймак, Чеш-Төбө

Элдерим менен сыймыктанам.

Кош-Агыл, Бейик, Агажан

Жерлерим менен мактанам.

Катылуу кен байлыктары

Кой эчки топоз малдары.

Санжыра сүрөт жылдары

Сагынат уул кыздары.

 

Ырдалып бүтпөс ырлары

Айтылып бүтпөс сырлары.

Аруу сулуу келин кыздары

Ар намыстуу боз уландары.

 

МЕКЕНИМ ТАЖИКСТАН

Тажикстан аска-тоолор өлкөсүсүң

Таажы кийип азияда сен бийиксиң

Желбиреп туусу асман кучактаган,

Ааламдын рекордун багындырган.

 

Мекеним Худжанд береке чачкан,

Мекеним Памир Шугнан кен баскан.

Мекеним бийик тоолор мөңгү баскан,

Мекеним ой талаалар гүл жайнаган.

 

Душанбе сен жүрөгү мекенимдин,

Куляб сен тирегисиң мекенимдин,

Эл бактына туулган баатыр уулуң

Эмомали Рахмон Президентимсиң.

 

Мекеним Сары-Колдо санжыралыуу,

Мекеним Хорог шаары кооз сулуу,

Мекеним терең көлдөр таза суулар,

Мекеним жайыт талаа жемиш бактар.

 

Исмаил Сомони күнгө колун созуп,

Мекенимдин ыйыктыгын эске салат.

Миллиондогон жүрөктөр сен деп согот,

Менин үйүм өлкөм сен Тажикстаным.

 

Мекеним Нурек, Хатлон, Бадахшан,

Мекеним Варзоб, Сарез, Канибадам,

Мекеним Сино, Фирзавс, Шотемур,

Мекеним илим билим дүйнөсүнө.

 

Мекеним герб, туу, гимн одаларда,

Мекеним Авестада, Тарыхтарда,

Мекеним Гафуровдун китебинде,

Мекеним билим кени мектебимде.

 

Санжарбек Абдрахманов

Мургаб району Токтомуш айылы,

№2 Токтогул мектебинин окуучусу

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.