"Памирим" (ыр жыйнагы)

"Памирим" (ыр жыйнагы)

 

 

 

Памирим

 

Аска зоодо ак карлар,ээрибеген Памирим

Аркар кулжа мекендеп,жээрибеген Памирим

Ак булутка өзгөчө жакын экен Памирим

Асман тиреп тоолоруң,керилесиң Памирим

 

Бүркүт көктө калкыган,бийиктесиң Памирим

Бүтүн дүйнө тааныган илимдесиң Памирим

Тажик-кыргыз жайгашкан биримдиксиң Памирим

Бүт ааламды тандантып ийилтесиң Памирим

 

Кызыл куйун шамалды жерим сүйгөн Памирим

Кыйын турмуш шартына,элим көнгөн Памирим

Кылымдардан байырлап өнүп-өскөн Памирим

Кыдыр даарып,олуя түнөп өткөн Памирим

 

Тоо койнунан аккан сууң,күмүш оңдүү Памирим

Топурагың алтындан,нур төшөлгөн Памирим

Токой болуп дарактар,тал өспөгөн Памирим

Топоз-торпок,кой- эчки мал өрөөнү Памирим

 

Тагдырлар

 

Тагдырдын табышмактуу сырларыны

Акылга калчап чечип койгон барбы?

Гайыпка ишенсе да,таң калбастан

Далайдын өтмүшүнө көңүлүн бурбас барбы?

Ыраазы болуп баардык жашообузга

Роббиме кол жайып дуа айталы!

 

Тагдырлар ар адамда ар башкача

Тагдырды ар маңдайга жазган

Алла Кечээ күнгө өкүнсоөң да,эртеңине кызыгарсың

Тагдырың өз башыңа кызык гана

 

Жашоодо жакшы жаман күндөр болор

Бирөөдөн бакыт кушу учпас конор

А бирөө бир жаүылып тайып турса

Кээ бирөнүн жүрөгү мунга толор

 

Өмүрдө күлкү муң да удаа келээр

Бирөөлөр бүгүлсө да сынбай жеңээр

А бирөө шайыр шатман ойноп күлсө

Кээ бирөө өз өмүрүн бөтөнгө белек берээр

 

Турмушта ар бир пенде бакыт тилээр

Бирөөлөргө бакыт не? өзү билээр

А бирөөлөр бакыт санайт өз түгөйүн

Кээ бирөөлөр бакыт жок деп жер тепкилээр

 

Тагдыр деген ушундай кайып иши

Тагдырыңа ишенээр момун киши

Кечээкиге тообо,эртениңе бакыт сурап

Тагдырды дуа өзгөртөт аны билчи

 

Адамдар ар тагдырдын күбөсүбүз

Аттиң деп кээ бирөөгө күнкүлдөйбүз

Бирөөгө азамат деп алкап аны

Бирөөдөн башты чайкап кол үзөбүз

Той ыры

 

Жалындуу сезим сизге үйрүлүп

Жагынып бир-бирине сүйуүү дешип

Жыл өтүп,айлар өтүп жетти убакыт

Жанашып жаш жубайлар үйлөнүп

 

Достугуңар ак сүйүүгө айланып

Аруу сезим бир-бирине байланып

Түбөлүк деп кол кармашып келдиңер

Нике шакек салуу үчүн шайланып

 

Кубанычтан колун жайып атаңыз

Көңүлү шат күйпөлөктөп апаңыз

Кудайымдан тилеп сизге бар бакыт

Калың элден сурап берет батааңыз

 

Бакыт төру курчап алсын экөөңдү

Бала жыты кооздоп жүрсүн дүйнөңдү

Башыңарды кошуп турган мындай күндөн

Байсалдуу жол,аруу үмүт күтөлү

 

Мына бүгүн көптөн күткөн күнүңөр

Мындан аары бирге өмүр сүрүңөр

Алдыңарда арбын максат тилек бар

Бир бириңди дайым колдой жүрүңөр

 

Балалык

 

Балалыгым өмүрүмдүн башаты

Баштагыдай аппак,аруу жашайынчы

Күнөөлөбөйм,бирок сага капамын

Мени таштап кайда кеттиң айтчы

 

Балалыктан айрылбаса болот го деп

Бала кыял,эрке бойдон жүрөмүн

Бала эмессиң,улгайдын го десе бирөө

Аттиң деп,мыйыгымдаан күлөмүн

 

Балалыгым кош дебеске жоктой айла

Оюнуна тойбос кезим келбес кайра

Бала бойдон өткөрсөм дейм өмүрдү

Чиркин ай ошондогу күндөр кайда

 

Көйгөйү жок,көңүлуү ток балалык

Күнөөсү жок,дүйнөсү шок жаралып

Көз кубанчы ата-эненин бал тилдүү

Кош эмесе биз жаштыкта калалык

 

Кош балалык сезбей калдым кеткениңди

Конуп бакыт максаттарга жетеличи

Бул куракты тапшырыпсың жаштыкка

Көрдүн бекен жаштык гүлүн сепкенини

 

Алтынбүбү Рысмахамат кызы

Ыраң-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.