БУЛ КYНДӨР

БУЛ КYНДӨР

Эсте калды эч табылбас өмүрүм

Бирде токтоо бирде шоктук күндөрүм

Эмне мынча шашыласын убакыт

Келе жатам өзүң менен жарышып

 

Бул күндөрүм өтүп кетет шамал сымал

Токтото албайм эч бир таппайм айла амал

Бул өмүрүм шар аккан суу сыяктуу

Кайрылбастан агып өтүп ылдам ылдам

 

Жай да бүтүп күз мезгилге алмашып

Күз да бүтүп кыш мезгилге жанашып

Мезгил сымал адамдардын өмүрү

Өтүп жатат ар бир жашка картайып

 

Өмүр өтөт алыс учкан куштай болуп

Күндөрүм артта калып арман болуп

Жашоого бир жаралган адам байкуш

Өтүп кетет бир жарк этип жок болуп

 

Эркайым Мамытова

Мургаб - КР Арчалы айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.