Ө.Бердибаев: КЫПЧАКТАР

Ө.Бердибаев: КЫПЧАКТАР

Кыпчактар

Талаада түрлөп гүл өскөн,

Тамырлап чыккан күнөстөн.

Тайманбай баатыр эр кыпчак ,

Тагдыры үчүн күрөшкөн.

Көрүнүп бийик чатыры ,

Теминип күлүк атыны.

Жалындуу оту өчпөгөн ,

Жеңилбес кыпчак баатыры .

Кыртышын жердин кемирген ,

Найзасы учтуу темирден.

Кыпчактан чыккан мырзалар,

Даңкталып өткөн өмүрдөн .

Кылчайсак кыйгач кыйын жол,

Кыйлалар баскан чыйыр жол.

Кылычтын ойноп мизинде ,

Кыраандар баскан кыйыр жол .

Элим деген эр кыпчак,

Жерим деген шер кыпчак.

Биригип бир муштумга ,

Бөлүнбөгөн эл кыпчак.

Тоолордо туулуп төрөлүп ,

Баатыр болгон таберик .

Зоолордо туруп жөлөнүп ,

Күлүк минген таберик.

Күн шооласы төгүлөт ,

Күмүш саадак жез мылтык.

Кылымдан кыпчак көрүнөт ,

Ай шооласы төгүлөт.

Айланып алыс узак жол,

Ааламдан кыпчак көрүнөт.

Күн көрсөткөн жарыкты,

Кылымдар жазган тарыхты.

Кыйла жол баскан кыпчактар,

Миң жылдап кылым карытты.

Шаңшытып көктө шумкарын,

Тектирде чаап тулпарын .

Кыпчактар кылым дүбүртү ,

Санжыра санайт жылдарын.

Доорлор мезгил ай санап,

Агылып суулар сай салат.

Деңиздер толуп бөксөрүп,

Кээде тынч кээде чайпалат.

Көк - жал болгон сырт жагың,

Көшөргөн баатыр кыпчагым.

Толтосу жез сабы алтын,

Куруңа таккан бычагың.

Кыйгач оймо үзөңгү,

Кыдырсак тоону түзөңдү.

Кылымда калган айтылып,

Сулуусу кыпчак түсү өңдүү .

Тоолук эл жүргөн тоолордо,

Кайберен кийик жылбырс бар.

Асманда жарык жылдыздай,

Ааламда кыпчак кыргыз бар.

Күн тийген тоодо жарык бар ,

Кылымдар жазган тарых бар.

Мөңгүлүү зоодо жарык бар,

Мезгилдер жазган тарых бар.

Кыргызда улуу кыпчак бар ,

Кылымды баскан кыпчактар.

Санжыра айткан улуулар ,

Сары- Колдо кыпчак уруу бар !

 

Абдижамил Примбердиев
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.