Апакелер

Апакелер

Апакелер жаздын жыпар гүлдөрү,

Апакелер ай шооласы түндөгү.

Апакелер жан жыргатып дем берген,

Жылуулук да сулуулук да үйдөгү.

 

Апакелер мээрим төгүп сүйлөгөн,

Бейиш багы жашыл болуп бүрдөгөн.

Аракер асылдардын асылы,

Нур жүзүдөн жандын баары сүрдөгөн.

 

Апакелер сиздер барда аалам кең,

Атаандашып боло албайт эчким тең.

Апакелер дайым аман жүрсүнчү,

Сиздер барда дайым болот бизге дем.

 

Рахат Кушмаматова

Мургаб - Исфана

www.sary-kol.ru.

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.