Аман болсун айылымдагы апалар

Аман болсун айылымдагы апалар

Урматтуу Сары Колдун ажарлуу айымдары!

 

Апалар, жеңелер, эжелер сиздерди келе жаткан жаз жана аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм !

 

Сиздерге чың ден соолук узун өмүр, ишиниздерге ийгилик каалайм. Үйдө жагымдуу жар, мээримдүү эне, коомдо да ордуңар чоң, коломтодо оту өчпөгөн көч улаган бала өстүргөн ыйык апалар бар болунуздар.

 

Төмөнкү ыр саптарын гүл десте катары тартуулаймын!

 

 

Аман болсун айылымдагы апалар

 

Жаз күнүндөй жайнаган мүнөзү бар

Бул дүйнөнү кармап турат апалар

Силер барда жашоо дагы көңүлдүү

Ар бир үйдүн апа деген куту бар

 

Атыңардан кагылайын апалар

Жаныңарда дайым болсун аталар

Силер менен алар дайым бактылуу

Эриш аркан өмүр сүрүп жашааңар

 

Айлымдагы апаларым сагынам

Силер үчүн ыр жазууга камынам

Ушунчалык улук экен атыңар

Бардык жерде бийик болсун баркыңар

 

Жарык дүйнө жашоо берген апалар

Силерсиңер көрбөй калсак сагынаар

Бакыт берип өстурдүңөр уул кызды

Аман болсун айлымдагы апалар

Алтын апам

 

Алтын апам бүгүн сени эстедим

Көз жашымды тыялбастан эскердим

Ойлоп көрсөм сен көз жумган кезинде

Сен сиз жашоо жок эле деп сезгенмин

 

Канчалаган жылдар өттү андан бери

Жашап келем согуп турса жүрөк деми

Жаш кезимде баамдабапмын анчалык

Кыйнап келет эне деген сагыныч илеби

 

Аттиң арман чоңойгонум көрбөдүң

Окууга өттүм студентик күндөрүм

Турмуш куруп чыгарымда күйөөгө

Башкалардай узатпадың өкүндүм

 

Эне болуп сенин жолуң жолдодум

Кудай берип үч уул бир кыздуу болдум

Эне деген ыйык атка татыдым

Себеп болуп таянарым жолдошум

 

Баары жакшы келин күттүм кыз узаттым

Үй булөө деп чоң бир шаарды курганмын

Жетишкенин кызыңдын сен көрбөдүң

Ошол болду жалгыз менин арманым

Аттиң арман эрте кетип калганың

 

Майрамдарда сунгум келет гүл арнап

Куттуктасам дейм өзүңдү бек кучактап

Анте албаймын айла жок ыйлап алам

Бирок мен бейиш жайын суранып дуба кылам

 

(Алтын апам Уркуяга арнаймын)

 

Эркеайым Мамытова

Мургаб-Бишкек

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.