Кичи илимий академия-жаңы мүмкүнчүлүктөр

Кичи илимий академия-жаңы мүмкүнчүлүктөр

Өзүңүздөргө маалым эки жылдан бери районубузда “Зээндүү балдарды өнүктүрүү” борбору тарабынан райондук Илимий Кичи Академия (ИКА) түзүлүп, бул багытта бир топ алгылыктуу иштер жүрүүдө.

 

Быйылкы 2016-2017-окуу жылында да районубузда Илимий Кичи Академиянын Экинчи илимий конференциясы болуп өттү. Мындагы негизги максат-окуучуларыбыз үчүн илимдин бардык тармактары боюнча өз тандоолоруна жараша илимий изилдөөлөргө багыт алууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгү. ИКАнын негизги максаты-баланы мектеп жашынан илимий ишке көнүктүрүү, кесипке багыт алдыруу эмеспи. Көрүнүп тургандай быйылкы конференцияда, өткөн жылга салыштырмалуу катышуучулардын санынын көптүгү, илимий темаларынын актуалдуулугу менен айырмаланып турду.

 

Демек, бул иш чара биринчиден бардык предметтерди ичине камтып, максатка ылайыктуулугу болсо, экинчиден келечекте жалпы эле Мургаб районубузда билимдин прогрессивдүү көтөрүлүшүнө чоң өбөлгө түзөт деп ишенимдүү айта алабыз.


Албетте, бул жаңычылдык окуучулардын илимге, билимге болгон кызыгуусун арттырууда. Мындай мүмкүнчүлүк жергебиздин тарыхы, анын ыйык жерлери, үрп-адаттары, салт-санаалары, жаратылышы, дары чөптөрү жана башка жааттарда илимий иштердин жаралуусуна жакшы шарттарды түздү. Изденүүнүн деңизине терең сүңгүгөн, мугалимдердин жардамында маңыздуу темаларды жараткан окуучуларыбыз-ИКАнын катышуучулары изденүүнүн кучагында гана калбастан, өздөрүнүн келечекке болгон кадамдарын кенен арыштоого да мүмкүнчүлүк алууда.

 

Бул жылы ИКАнын калыстар тобунун курамын:

 

Б. Кодиров-райондук Өкүмөттүн кызматчысы,

Гарибмамадов С.-Мургабтагы АКФнун менеджери, эмгек ардагери,

Ниязбеков Г.-“Сарыкол” гезитинин редактору, Тажикистан республикасынын илим жана билим берүүнүн мыктысы,

Жумабаев К.-Тажикистан республикасынын билим берүүнүн мыктысы,

Маматумаров С.-райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси,

И. Назировдор ж.б. түздү.


Бул конкурска С.Конокбаев атындагы, №2 Токтогул атындагы, №4 Шаиков атындагы, №9 Манас атындагы, №14 Сайниев атындагы, №1 Ахмедшарипов, №12 Карабаев атындагы жана №11 Шаймак , №13 Жанкулиев жалпы орто билим берүү мекемелеринин зээндүү жаш таланттары катышты.


Kichine ilimii akademia 2Жыйынтыгында, өтө жоопкерчиликтүү жана өзгөчө демилгелүү даярданышканып келишкен С.Конокбаев атындагы, №2 Токтогул атындагы жана №11 Шаймак мектептеринин окуучулары жана алардын жетекчи мугалимдери калыстардын көңүлүн буруп, мактоого татырлык таасир калтырышты. Ал эми №9 Манас атындагы, №14 Сайниев атындагы, №1 Ахмедшарипов, №12 Карабаев атындагы билим берүү мекемелеринин кээ бир окуучуларын эске албаганда, өз мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдалана алышпай калышкандай болду. Эң өкүнүчтүүсү, №4 Шаиков атындагы мектебинин зээндүү окуучуларына илимий иштерин даярдоодо алгылыктуу туура багыттар берилбей калгандыгы байкалды. Андыктан, биринчи кезекте аталган мектептин жана жалпы эле мектептердин мектеп адми- нистрациясы, жетектөөчү мугалимдери окуучуларын бул иш чарага окуучуларды даярдоодо районубуздагы “Зээндүү балдарды өнүктүрүү” борбору тарабынан жиберилген Жобосун окуп, үзгүлтүксүз иш алып барышса жакшы болмок деген ой келет. Ошондо гана жаш таланттарыбыз чындап илимдин жолуна түшүп, изилдөө иштери системалуу жүрүп, чыгармачылык- тын даңгыр жолуна багытталары анык. Ырас, азыр да уучубуз кур эмес экен.


Жаш таланттар:


А. Эркинбаевдин өзү жасаган “Электр тести” (№5),

Заир кызы Исландын дары чөптөр боюнча иши (№11),

Сомони Гулзордун “Вентилятору” (№14),

С. Тагаееванын алтын тамыр боюнча изилдөө иши А. Арзымамбетованын иши (№1),

А. Абдыкаарованын, А. Максуталиеванвңын иштери (№9),

Гулчехра, Асел, Санжарбектердин иши (№2),

№12 мектебинин окуучуларынын ж.б. окуучулардын илимий иштери жана аракеттери кубандырбай койбойт.


Айрыкча, С.Конокбаев атындагы, №1 Ахмедшарипов, №9 Манас атындагы жана №11 Шаймак мектептеринин жаш таланттары өз илимий иштерин орус тилинде жакташып, суроолорго жооп беришип, областык жана республикалык деңгээлге чыгууга даяр экендигин далилдешти. Эске сала кетсек, областык же республикалык деңгээлдеги конкурстарда мамлекеттик тажик тилинде же орус, англис тилдеринде гана өз илимий иштерин жактай алышат эмеспи. Өткөн жылы биздин райондон республикалык конкурска катышып келишкен окуучуларыбыз орус тилинде жактап келишкен. Жогоруда аталган мектептердин ичинен бул багытта С. Конокбаев атындагы мектептин окуучуларынын өтө чоң жана жигердүү аракеттерин айтпай коюуга болбойт. Айыл жеринде турушуп, эч кандай орус тилдүү байланышуулар болбосо да жаш муундардын мындай аракеттери жүрөк жылытып, көптөн үмүттөндүрөт. Калыстар тобу бул мектептин администрациясынын, орус тили жана жаш му- галимдеринин билим берүүдөгү эмгектерине өзгөчө ыраазылык билдиришти. Ал эми №2 жана №11 ж. б.жамаатардагы мектептердин окуучулары райондун чегинен чыгуу үчүн орус тилин же мамлекеттик тажик тилин өздөштүрүүгө туура келери абзел.


Эки күнгө созулган бул ат салыштын жыйынтыгында 14 окуучу облустук конкурска катышууга укук алышты, 10 окуучу райондук деңгээлдеги жеңүүчүлөр болуп табылды. Алар “Зээндүү балдарды өнүктүрүү” борборунун 2-3-даражадагы дипломдору менен сыйланышты. Конференцияны жыйынтыктоо салтанатында ар бир калыстар тобунун ар бир мүчөсү сөз сүйлөшүп, жаш таланттарга жана алардын жетекчилерине каалоо-тилектерин айтышып, өзгөчө жагдайларга ток- толуп, келечеке эмнеге көңүл буруулары керектигин баса белгилешти. Районубуздун “Зээндүү балдарды өнүктүрүү” борборунун директору Эсен Жумабаевдин жана анын кызматчыларынын алгылыктуу иштерин белгилешип, андан аркы ийгиликтерди каалашты.


Жогорудагы иш чарада №2 Токтогул атындагы жалпы орто билим берүү мекемесинен да 3 окуучу райондук деңгээлдеги тандоо туруна катышып, илимий иштери боюнча жетишкендиктерин көрсөтүп, алдыңкы орунга жетишишти. “Эмгек аздан өнмөк” демекчи, арийне, бул жетишкендиктер окуучуларыбыздын келечекте облустук, республикалык деңгээлдердеги эмгектерге жетишүү үчүн чоң өбөлгө, чоң стимул. R.S.Төмөндө ошол конференцияга катышкан окуучулардын алган таасирлери жана максаттары жөнүндө ой бөлүшкөн- дө алар төмөнкүлөргө токтолушту:


С.Абдырахманов. 7-класстын окуучусу.

Тарых боюнча: -“Мен алгач ирет катышып өз эмгегимди коргой алганым мага чоң дем берди, дагы кызыгуумду арттырды, албетте, толкундоолор болбой койгон жок. Менин максатым өз жерибиздин тарыхын терең изилдөө, ысымдары унут калган адамдарды жарыкка чыгарып, жаңы муунга тааныштыруу, жерлерге коюлган аттарды чечмелеп берүү, жалпысынан Сары-Кол жергемдин тарыхын өркүндөтүү. Мени окуткан мугалимдериме терең ыраазычылык билдирүү менен алардын ишенимин, эмгегин актоо үчүн бар мүмкүнчүлүгүмдү бермекмин.”


Адылбек кызы Асел. 9-класс.

Биология боюнча: -“Чыгыш Памирдин бардык жерлеринде эң кеңири таралган өсүмдүктүн бири бул-эрмен. Эрмен адамдарга гана эмес жаныбарларга да дарылык касиети өтө көп. Бирок, бул өсүмдүктүн дарылык касиети бар экенин адамдардын көпчүлүгү биле беришпейт. Жер жүзүндө жашаган адамзаттын бардыгынын жашоосу өсүмдүктөр менен тыгыз байланышканы жакшы белгилүү, байыртадан бери адамдар өсүмдүктөрдү тамак аш катары пайдаланып, алардын ичинен дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү ажырата билишкенин билебиз. Келечекте мен мындан башка да өсүмдүктөрдү алып изилдешке аракеттенемин. Дагы да белгилей кетүүчү жагдай, бизди бул эмгекте сөзсүз түрдө мамлекеттик жана орус тилин билүүбүз абзел.”


Гүлчехра Эрдөөлат кызы. 9-класс.

Этнография боюнча: -“Мени бул эмгекти жазууга кызыктырган себеп, бүгүнкү күндөгү ааламдашуу мезгилинде кээ бир үрп-адаттарыбыз, каада-салттарыбыз башка элдер менен жуу- рулушуп цивилизациялуу доор ай санап эмес күн санап акылыбызды аңкы-теңки кылып, аң сезимибизди башка багыттарга азгырып бара жаткан мезгилде, ата-бабаларыбыздан таберик калган айрым салттарыбызды кайрадан иштеп, жазып чыгууга түрткү берди. Каадасыз эл болбойт – демекчи кыргыз элинин өзгөчө меймандос каадаларынын бири мал союу, устукандоо жана ал боюнча түшүнүктөрдү бүгүнкү күндө айрым жаштарыбыз унутуп бараткансыйт. Аш-тойлордо кээ бир жаштарыбыздын жасоолдук (эт устукандоо) кылуудан кетен- чиктеши биздин улут үчүн туура эмес деп ойлойм. Ошондой эле ушул эмгекти ИКАнын базасында атайын колдонмо кылып чыгаруу жана мал (топоз) союу, устукандоо боюнча эмгектерим али алдыда.”


Э. Алибай агай, жетекчи:

“Келерки жылы, буюрса, болуучу ИКАга ушул окуучуларыбыз тил үйрөнүү менен бирге областтык масштабда иш жактоого ушул күндөн кам уруп, даярдык көрүүдө.

Менин айтарым: ...демек, ИКА бул, жаңы жана ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр! Аны колдон чыгарууга болбойт.”


Даярдагандар: Ниязбеков Г. “Сары кол” гезитинин редактору,
Эркинбеков А. Токтогул атындагы №2 мектебинин тарых мугалими.

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru