Бишкекте Ван кыргыздары колдонгон жана жасаган буюмдарынын көргөзмөсү өттү (сүрөт)

Бишкекте Ван кыргыздары колдонгон жана жасаган буюмдарынын көргөзмөсү өттү (сүрөт)

Бишкек, 16.05.24. Бүгүн Улуттук тарых музейинде "Эбегейсиз ушул күндө, Этникалык кыргыз дүйнө" аттуу кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.


Анда Туркиянын Ван аймагындагы Улу Памир айылынан усталары жана кол өнөрчүлөрүнүн колунан жаралган буюмдары коюлду. Көргөзмөгө катышуу үчүн Вандык кыргыздардын атайын тобу Кыргызстанга келишкен.


Көргөзмөгө маданият министринин орун басары Марат Тагаев катышып, кыргыздардын кол өнөрчүлүгү замандын талабына ылайык өркүндөп -өсүп аткан маалда, Ван кыргыздары кыргыздын кол өнөрчүлүгүнүн түпкүлүгүн, нукуралуулугун жоготпой, муундан-муунга таберик кылып сактап келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.


"Аталар изи" коомдук фондунун жетекчиси Асел Калканова аталган кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн этникалык кыргыздардын сакталып келген мурасын чогултуу, коомчулукка жакындан тааныштыруу, жайылтуу максатында уюштурганынын айтып өттү.


Аталган көргөзмө "Аталар Изи" коомдук фонду тарабынан Маданият министрлигинин жана Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын колдоосу менен болду.


Көргөзмөнүн максаты муундан-муунга мурас болуп келе жаткан кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон кол өнөрчүлүктү (узчулук, чеберчилик, устачылык, булгарычылык ж.б.) сактоо, улуттук маданиятты жана баалуулуктарды даңазалоо жана келечек муунга өткөрүү, кол өнөрчүлөргө шык берүү жана колдоо көрсөтүү, этникалык кыргыздарды өз мекенине адаптация болуусуна жана алардагы сейрек кездешкен буюмдарын элибизге тааныштыруу жана жайылтуу ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн жаңы жүздөрүн коомчулукка жана эл аралык деңгээлге алып чыгуу болуп саналат.


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены