
Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен келген кыргыздар Нарын шаарында жашап жатышат. Аймактык кабарчы алардын бири Шарапат Абдыкалык кызы менен таанышып, памирликтердин айрым каада-салттарын сурап келди. Анын айтымында, Памирде куда тосуу учурунда бир чоң аякка ун алып, үйгө кирип келе жаткан кудаларынын бардыгынын бетине чачышат. Андан соң, мал союлгандан кийин бир жиликти атайын талашып ойношот. Аны көргөзбөй үйгө таштаган адамга жакшы кийит кийгизилет.
«Кудабыздын тууган-уругу чогулуп келишет. Биз дагы туугандарыбызды чогултуп, куданы тосуп алабыз. Чапан-көйнөк жабуу салтын кылабыз. Кудаларыбыз үйгө жакындап калганда 1 чоң табак ун алып чыгып, алардын көзүнө, бетине чачабыз. Биздин салтта муну «улпак септик, актык чачтык» дейт. Анын мааниси актык чачып, биз сүйүндүк, кош болдук» дегенди тушүндүрөт.
Мындан сырткары, тойдун маанисин чыгарган оюн болот. Жаңы союлган малдын бир жилик этин алып, майданга салабыз. Анда эркектер, айрыкча жаштар жиликти талашып ойношот. Үйгө кирип жатканда катып кирип кетпесин деп кайтарып карап турушат. Эгер жилик кыздын үйүнүн ичине ташталса ал үйдү жазыктар дейт. Билгизбей катып кирип, куда тосулуп жаткан үйдүн ичине таштаса ал уткан болуп, жакшы чапан кийгизебиз. Жиликти үйгө киргизбей таап алган болсо кайрадан оюнга салышат.
Күйөө баланы чогулган элдин ортосуна отургузуп, чапан кийгизип, эки жагына эки эркек киши отуруп ырдайт. Аны жеңелери үйгө киргизип жатканда кой союп, каттама, пало (күрүч) жана башка жакшы тамактарды киргизебиз. Куда тоскон үйдүн кыздары мал союп, каттама, нан, жакшы тамак жасап, күйөө баланын алдына коюшат. Күйөө бала ага акча берет. Анан «кайын эненин оту» деп коет. Кайын энеси кой союп, күйөө баласын ырдатып үйгө киргизет. Кайын эненин отуна 1 жылкы, 1000 акча же колунда бар байыраагы 100 доллар берет. 2 күн той болуп, анан кудаларды узатабыз», - деди Шарапат Абдыкалык кызы.