Тил билсең - дил билесиң!

Тил билсең - дил билесиң!

Данияр мырза, саламатсызбы, сизди Америкага барып Мургаб кыргыздарынын тажик тилин үйрөнүү жөнүндө илимий лекция жасап келди деп уктук, ошол тууралуу биздин окурмандар менен бөлүшө кетсеңиз?!

 

Саламатсыздарбы, Сарыкол сайтынын жалпы окурмандары. Ооба, ушул жылдын март айында Американын Индияна университетинде “Борбордук Азия мамлекеттеринин тилдери жана лингвистикасы” аттуу аябай чоң эл аралык конференция болуп өттү. Көп жылдан бери изилдеп келген илимий изилдөөмдүн жыйынтыгы менен “Тил билсең – дил билесиң” деген темада конференцияга барып бөлүшүп келдим. Изилдөөнүн негизги максаты Тажикистандын кыргыз мектептери жана Кыргызстандагы тажик мектептери мамлекеттик тилди кандай өздөштүрүп жатканын иликтөө болчу. Албетте, коңшулаш мамлекеттер эгемендүүлүккө ээ болгонуна 27 жыл эми болгондуктан, мамлекеттик тилди окутуу багытында көп иштерди алып баруулары керек. Аталган мектептер көпчүлүккө белгилүү болгон көйгөйлөр менен душар болууда, тагыраак айтканда, керектүү китептин жана мугалимдердин жетишсиздиги, окуу куралдардын аздыгы, мамлекеттик тилде гана баарлашунун чектелгени жана башкалар. Бул багытта көп иш чараларды алып баруу өтө зарыл.

 

til-bilse-dil-bilesin 3 til-bilse-dil-bilesin 2

 

Эмне себептен “тил билсең – дил билесиң” деген темада конференцияга катыштыңыз?

 

Кыргыздын “тил билсең – дил билесиң” деген макалынын мааниси жана философиясы өтө терең. Кадимден бери эле кыргыз эли башка тилдерди үйрөнүп жана анын жардамы менен башка элдер менен баарлашып соода саттык иштерин алып барган. Учурда Тажикистанда жашаган кыргыздар үчүн тажик тилин, ал эми Кыргызстанда жашаган тажиктер үчүн кыргыз тилин окуп үйрөнүү бул замандын талабы болуп калды. Макал өзү айтып тургандай эле мамлекеттик тилге кошуп башка чет тилдерди да өздөштүрүп алса, келечек үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр жаралат деп ишенем. Мисалы, Чикаго шаарында 3 миңге жакын кыргыздар жашашат экен. Кыргыз диаспорасынын жетекчиси мени Чикаго шаарына барып конок болуп кетишке чакырды. Ал жакка барганда, өтө күтүлбөгөн жерден Сарыколдук жигиттерибиз Нургазы жана иниси Эдилге жолугуп калдым. Үч Сарыколчунун Чикагодо учурашы өтө сүйүнүчтүү болду. Нургазы, Эдил жана Памирбек инилерибиздин Америкада окуп иштеп жүргөндөрүн көрүп өтө кубандым жана сыймыктандым, 3 миң кыргыздын арасында биздикилер да бар экен деп. Алардын мыйман достугу үчүн дагы рахмат айткым келет. “Тил билсең – дил билесиң” деген макалга бул жигиттер сонун үлгү болду, эгер англис тилин жакшы билсең Америкага деле барып кеңири окуп, жашаса боло турганын тастыктадылар.

 

til-bilse-dil-bilesin 5 til-bilse-dil-bilesin 4

 

Тил үйрөнүүдө жаштарга кандай кеңеш бере аласыз?

 

Азыркы жаш муундарыбыздын билимге болгон кызыгуусу жылдан жылга жогорулап бара жатканы мени аябай эле кубандырат. Ким кайсы кесипти тандап албасың, аны мыкты өздөштүрүү менен бирге замандын талабына ылайык мамлекеттик тилге кошуп орус, англис, кытай жана башка тилдери мыкты өздөштүрүп алуусу өтө зарыл. Ал үчүн атайын университетке деле тапшырыштын кажети жок, кыска мөөнөттүү курстан окуп үйрөнсө болот. Тил үйрөнүүдө эң негизгиси кызыгуу жана көп окуп көп практикалык аракеттерди жасаш керек. Мисалы, бүгүнкү күндө туризм Мургаб эли үчүн канчалаган киреше алып келип жатат, бирок туристерди тейлөө үчүн англис тилин жакшы үйрөнүшүбүз керек. Ансыз туристерге жакшы кызмат көрсөтүү жана туристерди чакыруу кыйынга туруп жатат.

 

Жалпы окурмандарга өзүңүз жөнүндө кыска маалымат менен бөлүшө кетсеңиз.

 

Мен Тажикистан Республикасына караштуу Мургаб районунда №9 Манас атындагы мектепти аяктаган соң Хорог Мамлекеттик Университетинде чет тилдер факультетин ийгиликтүү бүтүргөнмүн. 2008-2012 жылдары Бишкек шаарындагы ОБСЕ Акамедиясында “Саясат таануу” багытынын жана Япониянын Цукуба Университетинде “Билим жана маданият саясаты” программасынын магистратураларын окуп бүтүргөнмүн. Учурда Бишкектеги Кыргыз Улуттук Университетинде Этнография багыты боюнча аспирантурада окуп жаткан кезим жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинде “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин деканы жана ага окутуучусу болуп эмгектенүүдөмүн.

 

til-bilse-dil-bilesin 6

 

Маегиңизге рахмат!

 

Сиздерге да чоң рахмат! Сарыкол сайты өнүгүп элге кызмат кыла беришине тилектешмин.

 

Маектешкен Сарыкол сайт жамааты.

Комментарий

Sherali

Суббота, 26 Мая 2018 18:44

Азаматсыз Данияр ака дагы да оркундон. Берген майегинизди окуп абдан кубандык сизге ийгилик!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены