Рахмон тажиктерге тарыхты үйрөтөт

Рахмон тажиктерге тарыхты үйрөтөт

Тажикстанда билим берүү мекемелерине президент Эмомали Рахмондун “Тажиктер тарыхтын таризинде” аттуу китебин окуу сунушталды. Мындай буйрукту өлкөнүн Билим берүү министрлиги чыгарды.

 

Буга чейин Борбор Азияда Өзбекстан менен Түркмөнстанда президенттер жазган китептер мектеп программасына киргизилип, милдеттүү түрдө окутулчу.

 

Президент Эмомали Рахмондун “Тажиктер тарыхтын таризинде” аттуу китебин өлкөнүн мектептеринде жана орто окуу жайларында окутууну Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги сунуштайт.

 

Министрликтин өкүлү Абдужаббор Алиевдин “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргенине караганда, өкмөттүн буйругу тарых боюнча билимди жогорулатуу максатында сунушталат:

 

- Өлкөдөгү билим берүү жайларынын окутуучуларына бул китеп боюнча ар кыл талкууларды, тегерек үстөлдөрдү өткөрүү сунушталды. Китеп учурда бардык китепканаларга таратылды жана көпчүлүк мугалимдер окуп чыгышты.

 

Кесиби боюнча экономист Эмомали Рахмондун төрт томдон турган бул китеби алгач 2009-жылы басылып чыккан. Андан бери орус, араб, кытай, англис, француз жана немис тилдерине которулуп, бир нече жолу кайра басылды. Китепте тажиктердин тарыхы жана мамлекеттүүлүгү боюнча президенттин көз карашы менен ой-толгоолору баяндалат. Президент Рахмондун калемине таандык жыйырмага жакын китеп басылып чыккан. Алардын арасында: “Арианадан Саманиддерге чейин”, “Тажикстандын төбөлсүздүгү жана улуттук кайра жаралуу” сыяктуу эмгектери өлкөнүн китепканаларынын эң кадырлуу жерлеринен орун алган.

 

Дүйшөмбүдөгү китеп дүкөндөрдүн биринин сатуучусу Бобожон президенттин калемине таандык китептер кымбат экенин айтууда:

 

- Китеп дүкөндөрдө президентибиздин бир нече китеби бар. Мыкты сапаттагы кагазга басылгандыктан, баасы жогору.

 

Коңшу өлкөнүн китепканаларында президенттин китептери көз жоосун алып тизилгени менен карапайым тажиктердин аларга кызыгуусу солгун. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары сурамжылоого тарткан Дүйшөмбүнүн тургундарынын көбү Рахмондун кандай китептери бар экенин билбестигин айтышкан. Буга чейин тажик президентинин китептери окуу программасына киргизилбей, дипломдук же илимий иштерди жазууда гана колдонулчу. Эми тажик бийликтери президенттин китептерин даңазалап, жайылтуу жагынан коңшу Түркмөнстан менен Өзбекстандан үлгү алышкандай.

 

Түркмөнстандын экс-президенти, маркум Сапармурат Ниязовдун "Рухнамасы" мектеп программасына милдеттүү түрдө киргизилип, жада калса окуучулар ал боюнча сынак тапшырчу. Ниязов өзүнүн “Рухнамасын” түркмөндөрдүн “адеп-ахлак конституциясы” деп атаган. Ага ылайык, өлкө жарандары жумушка орношордо, жада калса айдоочулук күбөлүк алып жатканда суроолорго жооп берчү.

 

Түркмөнбашынын көзү өткөн соң, “Рухнама” мектеп программасынан такыр эле алынып, милдеттүү сынак тапшырылбай калган. Анын ордуна түркмөндөрдүн жаңы аркадагы Гурбангулы Бердимухамедовдун бир нече эмгеги жана ал жөнүндөгү китептер мектеп программасына кирди. Тактап айтканда, 4-класстын окуучулары адабият сабагында президенттин "Дөөлөт кушу", "Тирүү уламыш”, “Жакшы ысым өчпөйт”, “Канаттуу тулпарлар” деген китептери, түркмөн жазуучусу Ташмамед Журдековдун “Чоң атанын кыялын орундаткан небере” аттуу романын, акын Амангүзел Шагулыеванын президентке арнаган ырларын окушат.

 

Өзбекстанда болсо президент Ислам Каримовдун “Өзбекстан төбөлсүздүккө жетишүү астанасында” аттуу китебин жогорку класстагы окуучулар милдеттүү түрдө окушат. Бул китептин негизинде Өнүгүүнүн өзбек моделин иштеп чыккан, суверенитетке жетүүдөгү кыйын сыноону жана тоскоолдуктарды эр жүрөктүүлүк менен жеңүүгө биздин элди баштап барган президенттин акылман, салмактуу жана келечекти көрө билген саясатынын маңызын окуучуларга түшүндүрүү ар бир педагогдун милдети” деп жазат өкмөттүк “Өзбекстан мугалими” гезити.

 

Ал эми Казакстанда эл башы Нурсултан Назарбаевдин китептери мектепте милдеттүү түрдө окутулбаганы менен “Казак тарыхчылар конгресси” деген бирикме Назарбаевдин китептерин мектеп программасына киргизүүнү утур-утур сунуштап келишет.

 

Кыргызстанда болсо туңгуч президент Аскар Акаевдин "Өткөөл мезгилдин экономикасы физиктин көзү менен", "Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана "Манас" эпосу” тууралуу китептери, анын жубайы Майрам Акаеванын "Үмүттүн шооласы өчпөйт" деген китептери өз маалында кызуу талкууланган.

 

Ал эми 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев “Жолду жүргөн арбытат" жана 2005-жылдагы март ыңкылабы жөнүндө китептердин автору. Учурдагы президент Алмазбек Атамбаев болсо саясатка аралаша элек кезинде адабий котормо менен алектенген. Бийликке келгенден бери кандай китеп жазганы кабарлана элек.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены