Мургабдагы интернат

Мургабдагы интернат

Коңшу өлкөлөрдө жашаган кыргыздарга арнап, «Элимдин көрөңгөсү» рубрикасын тартуулайбыз. "Азаттыктын" рубрикасынын алгачкы санында Тажикстандын Мургаб районундагы Баш-Күмбөз айылындагы мектеп-интернаттын абалынан кабар алабыз.

 

Ооганстан менен чек арадан болгону 30 чакырым аралыктагы бул алыскы айылдагы мектепке жакында Бадахшан автоном областынын бийликтери жана борбордук тажик өкмөтү жардам көрсөтүп, жазында мектепти оңдоп-түзөп берүүгө сөз берди. Баш-Күмбөз айлындагы мектептин мурдагы башталгыч класстар мугалими Убайдылда Шайимов "Азаттык" менен маегинде мектепке жардамдын алгачкы партиясы келип түшкөнүн, анда электр жарыгы жок айыл үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон күн батареялары бар экендигин билдирди. Азыр Кара-Балтада жашаган Шайымов Мургабдан кайтып келе жатканда Жаңыл Жусупжан телефон менен байланышты.

 

Жаңыл Жусупжан:

Жаңы жылыңар кут болсун. Силердин Баш-Күмбөз айлындагы мектеп-интернатка областын жетекчилиги дагы, анан тажик өкмөтүнөн дагы жардам болгону жатыптыр деген жакшы кабар уктук. Ал кандай жардам экен билдиңерби?

 

Убайдылда Шайимов:

Жаңы жыл бирге болсун. Мектептин директору областка барган экен. Бир компания күн батареяларды белек кылып, интернаттын балдарына азык-түлүк бериптир. Ошол мектепте завуч өзү күбө болуптур, он бир кап ун, шекер, ак май түштү деп айтып келди.

 

Жаңыл Жусупжан:

Бул эмне болгон мектеп, кайсы жерде жайгашкан? Өткөндө Дүйшөмбүдөн Мургабга келип кеткен кабарчы мектептердин абалы начар деди эле.

 

Убайдылда Шайимов:

Mintern2Мургаб районуна караштуу Баш-Күмбөз айылындагы мектеп-интернатында жыйырмадай уул бала жана он бештей кыз бала жашашат экен. Бул мектеп-интернат союз маалынан бери келе жатат. Заман өзгөргөндө интернатты жоюп, райондун өзүндө бир интернат кылабыз дешкенде, мен ошол жерден сөз сүйлөп, айылдын балдары 70-80 чакырым алыстыкта жайгашкан районго кантип барып окушат деп, интернатты ошол айылда калтыруусун суранып, сунуш киригизген элем. Дүйшөмбү шаарынан Билим берүү министирлигинен он бештей адам делегация болуп келген эле. Ошолордун ичинен бирөөсү "макул, суранычыңарды талкуулап, орундатып беребиз" деп айткан эле. Ошол бойдон интернат сакталып калды. Мен өзүм ошол жашаган айылымда мугалимдик кесипте сегиз жылдай иштегем. Азыр ушул күндө президенттин өзүнүн фондусунан каражат бөлүнүп, азык-түлүк менен камсыз кылып турат. Жакында дагы келишип, жардам берип турабыз деп убада кылып кетишти.

 

Жаңыл Жусупжан:

Мектептеги абалы кандай экен? Силер окуган, иштеген кездерден айырмасы барбы? Мектеп жакшы жылыйбы? Окуучулардын китептери жетиштүүбү?

 

Убайдылда Шайимов:

Мен иштеп жүргөн кездегиден жакшы. Бирок окуу курал дегенден артта экен. Биз окуп жүргөндөгү окуу куралдарды эптеп жеткизип, түшүндүрүп, мугалимдер окутуп жатышыптыр. Мен өзүм мектепке кирип, абалы менен таанышып, күбө болуп чыктым, кыргыз тил, адабият, физика сабактарынан китептер аз санда экен. Бир класста он беш бала окуган болсо, кыргыз тил, адабияты төрт балага бирден берилет экен. Китеп жетишсиз.

 

Жаңыл Жусупжан:

Силер интернат мектептин курамында деп айттыңар. Демек, интернатта окугандан башка дагы балдар барбы?

 

Убайдылда Шайимов:

Ооба, интернатта жаткан балдардан тышкары айылдын балдары да келип, баары чогуу окушат. Айылдан сырткары тоодо жашаган чабандардын балдарынын турар жери жок, интернатта жашап окушат. Алар үчүн жата турган жерлеринде эки кабат койкалар коюлган, телевизор турат, окуу бөлмөсү бар. Бир гана китеп жетишпейт экен.

 

Жаңыл Жусупжан:

Мургабдын жашоосу Ошко байланган эмеспи. Кыштын күнү ал жакка барып-келүү кыйын, тамак-аш, бензиндин баалары кандай экен? Ушул жагынан кыйнчылыктар барбы?

 

Убайдылда Шайимов:

Mintern3Мен Мургабдан жаңы чыктым, бүгүн эртелеп кар жаай баштаган эле. Бирок кудайга шүгүр, жол ачык экен. Элдер Оштон азык-түлүк алып барышып, Дүйшөмбүдөн азык-түлүк алып келишип, жашоо жакшы. Бирок азык-түлүк жана башкаларга баа Кыргызстанга салыштырмалуу өтө кымбат. Мисалы, бир килограмм шекер 8 самони (80 сом), ал эми Кыргызстанда 45-50 сом. Кытайдан да Көлмө өткөөлү аркылуу Дүйшөмбүгө азык-түлүк жана башкалар ташылат эмеспи. Бирок Кытайдын азык-түлүгүнө караганда Ошто өзүбүздүн таза тамак-аштар бар - суу май, Кара-Балтанын кумшекери дегендей.

 

Ошондойлор менен кудайга шүгүр, камсызбыз. Бирок жолдун алыстыгынан жашоо кыйыныраак. Мургаб районунда өтө чоң көйгөй - электр жарыгы жок. ГЭС деген жок. Союз маалында бар эле, эскилиги жетип калды. Азыр эл Кытайдан чыккан күн батареялары менен күн көрүп жатышат.

 

JanylЖаңыл Жусупжан "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).

Дополнительная информация

Автор:
Жаңыл Жусупжан
Источник:
http://www.azattyk.org/

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены