Билим берүү министрлигиндеги карөзгөйлөр Мургаб кыргыздарынын келечегине балта чаптыбы?

Билим берүү министрлигиндеги карөзгөйлөр Мургаб кыргыздарынын келечегине балта чаптыбы?

Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде Билим берүү жана илим министрлигиндеги жеке кызыкчылыкты өйдө койгон «мите курттар» боюнча сөз козгоп, Тажикстандагы этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларынан берилген орундар «жен ичинен» таратылып кеткени боюнча айрым фактыны ачыктаган элек. Маалымат чыккандан Kийин тескей турган айрым органдардын чын дилден күйүп-бышып кызыкканын байкадык, ал эми министрлик тараптан көңүл жубатарлык жооп боло элек.

 

Түшүнүктүү болуш үчүн окуяга бир аз токтоло кетели. Жыл сайын Кыргызстандын ЖОЖдорунан этникалык кыргыздар үчүн атайын орун бөлүнөт. Ал орундар Кыргыз Республикасынын Президент тарабынан ыйгарылат десек жаңылышпайбыз. Адаттагыдай быйыл даты буга чейин болуп келгендей, чет жерде жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 орун бөлүнүп, алардын 30у -Өзбекстанга, 25и -Тажикстанга, 10у - Кытайга, 5и - Туркияга, 5и - Казакстанга берилген экен. Тилекке каршы, билим министрлигиндеги ачкөз кызматкерлер көпчүлүк орунду, болгондо дагы эң зарыл болгон медициналык орундарды бир өлкөгө, тагыраагы өзбекстандыктарга 57 квотаны кармата берген. Бул жерде биринчиден чоң мыйзам бузуу жатат. Экинчиси, жемкорлук болгону байкалат, анткени баасы аябай көтөрүлүп. Медакадемияга болгон орундар 3-5 мин долларга чейин чыкканы тууралуу сөздөр бар, бул такталабы? Бул боюнча кайсыл тарап так жообун айтат?

 

Тиешелүү министрлик бул ишке эч кандай чара көрбөй турганына көзүбүз жеткен соң эми биз жардамды Жогорку Кеңештин депутаттарынан күтөбүз. Мыйзам бузууну тез арада текшерип, Тажикстанда, Кытайда, Туркияда жана Казакстанда жашаган этникалык кыргыздарга өз орундарын алып бериши керек. Башкасы болбогон күндө дагы медициналык орундар өзүнө ыйгарылышы зарыл. Маселен, Тажикстандык кыргыздарга 25 орун берилген, анын алтоосу И.Ахунбаев атындагы Медициналык академияга болгон. Тилекке каршы, сынак маалындагы кырдаалдан пайдаланган эргулдар «майлуу» орундарды өзбекстандык кыргыздарга «жен ичинен» беришкен. Бул жемкорлук эмей эмне?

 

Биздин кейнгенибиз, Тажикстанда жашаган Мургабдык кыргыздар бир нече жылдык кайрылуунун негизинде Медакадемияга орун бөлдүрткөн. Тилекке каршы быйыл Мургаб менен Памирдин кыргыздарынан бир дагы бала Медакадемияга өтпөй калды. Бул жүздөгөн кыргыздын өмүрүнө балта чапкан менен барабар. Анткени, Мургабда бир доктурдун алтынга бергис баа-баркы бар. Жалгыз бирөө бүтүп барса, жүздөгөн кыргыздын өмүрүн сактайт эле да. Бул жерде миңдеген кыргызга кам көргөн түбү терең мамлекеттик саясат жатат. Негизи, буга чейин ар бир өлкөгө бөлүнгөн орундар кол тийгис болуп келген.

 

Булак: Де-Факто

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены