Жең «ичиндеги» жемкорлук… Билим министрлигиндеги «мите курттар» же Тажикстандагы этникалык кыргыздарга берилген орундарды сатып жибергенби?

Жең «ичиндеги» жемкорлук… Билим министрлигиндеги «мите курттар» же Тажикстандагы этникалык кыргыздарга берилген орундарды сатып жибергенби?

Мамлекеттердин чегаралары аныкталган учурдагы тарыхый шарттын жагдайына жараша Кыргызстандын аймагынан сыртта калып, бүгүнкү күндɵ бɵлɵк ɵлкɵлɵрдɵ күн кечирип жаткан этникалык кыргыздарга карата мамлекет тарабынан ар кандай багыттагы жардамдар кɵрсɵтүлүп келет. Алардын бири – жогорку окуу жайлардан берилген орундар. Кыргыз ɵлкɵсүнүн бул колдоосу четжерде жашаган жүздɵгɵн кыргыз жаштарынын бактысын ачып, ондогон жылдардан бери ɵз кадрын даярдаганга салымын кошту. Бул жалпы кыргыздын жеңиши болду десек жаңылышпайбыз.

 

Жогоруда белгилегендей, Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыз мамлекети башка ɵлкɵлɵр сындуу сыртта жашаган боордошторуна кам кɵрүү максатында жогорку окуу жайлардан квота бɵлүп, орто мектепти бүтүргɵн этникалык кыргыздардын уул-кыздарына жогорку билим берип келе жатат. Ɵкүнүчтүүсү, быйылкы жылдагы сынакта жанды кейиткен жагдай орун алып, «жең ичинен» жүргɵн иштер изги саамалыкка кɵлɵкɵ түшүрдү. Дегенибиз, этникалык кыргыздарга бɵлүнгɵн орундардын басымдуу бɵлүгү бир аймакка ыйгарылып, «устакандалып» кетти.

 

Салтка айлангандай, буга чейин ЖОЖдордон бɵлүнгɵн орундар кыргыздар жашаган райондорго берилип, сынактар ɵз аймагында ɵткɵрүлгɵн соң, жеңген балдар Кыргызстанга жɵнɵтүлүп турган. Бул эң алгылыктуу чечим болгон. Анан эле кɵзүн кызарткан бирɵɵ чыга калып, четɵлкɵдɵ жашаган кыргыздардын баары сынакты Кыргызстандын борбору Бишкектен тапшырсын деген жобону киргизе коюптур, ошондон баштап маселе татаалдашып кетти. Шартты түшүнбɵгɵн кемпайдын айынан этникалык кыргыздар азап чегип жаткан чагы.

 

Маселен, окууга тапшыруу үчүн Кытайдан Кыргызстанга келүү мүмкүн эмес, ал жактын мыйзамдарын билебиз. Эгер мурдагыдай орундар жɵнɵтүлсɵ, ɵз жеринде тапшырып, мамлекеттин уруксаты менен келишмек. Ал эми Тажикстандан менен Туркиядан Бишкекке келип тапшырганга мамлекет тоскоолдук кылбайт, бирок каражат жагы оор. Тажикстандан бир кишинин келип кетиши 6-7 миң сом. Бирɵɵ жарым коштоп келсе 15 миң сом кетет. Ага эптеп тиричилик ɵткɵргɵн этникалык кыргыздардын чачма-чаркы жетеби? Бул кыйнаганга тете иш да.

 

Айтор, Кытай менен Туркияны мындай кой, жаныбыздагы Тажикстандан Бишкекке келип сынакка тапшыруу – азаптын тозогу. Мунун ɵзү «колуңда барың келип кɵр, колуңда жогуң нары тур» деген эле сɵз. Себеби, бей-бечарасы тобокелчиликке салып келе албайт. Эптеп келген күндɵ деле бул жакта тишин шакылдатып тургандардын элегинен ɵтɵрү белгисиз. Анын фактысы быйыл далилденип, башка мамлекеттерде жашаган этникалык кыргыздарга берилген орундар бир ɵрɵɵнгɵ ыйгарылып кетти. Бул жемкорлук эмей эмне?

 

Фактыга келсек, этникалык кыргыздар үчүн Билим берүү министрлиги быйыл 75 орун бɵлүп, анын ичинде Ɵзбекстанга – 30, Тажикстанга – 25, Кытайга – 10, Түркияга – 5, Казакстанга – 5 квота бериптир. Эгер бул орундар мурдагыдай ар бир ɵлкɵгɵ жɵнɵтүлгɵндɵ баарына балдар келмек. Бирок, азыркы «жең ичинен» иш бүтүргɵнгɵ ылайыкталган жобого ылайык сынак Бишкекте ɵткɵндүктɵн, Түркия, Кытай жана Казакстандан балдар келе албаптыр. Мүмкүн Тажикстандагы этникалык кыргыздар окшоп кеч уккандыр. Же мамлекет уруксат берген эместир.

 

Кыскасы, «келбей калды» деген шылтоого жамынган билим министрлигиндеги «мите курттар» 57 орунду Ɵзбекстандан келген кыргыздарга карматышкан. Баасы аябай кɵтɵрүлүп, Медакадемияга болгон орундар 3 миң долларга чейин чыкканы тууралуу сɵздɵр бар, бул чынбы? Эгер бул сɵздɵр ушак болсо, анда эмне үчүн мамлекет тарабынан Тажикстандык, Кытайлык, Казакстандык жана Түркиялык кыргыздар үчүн берилген орундар мыйзамсыз түрдɵ жулуп алынып, Ɵзбекстандан келген кыргыздарга берилди?

 

Мындай ɵкүмзɵрлүкка Президенттик аппарат тарабынан чукул арада кɵңүл бурулушу керек. Анткени, бул орундар Президенттик квота деп аталып, эгемендүүлүк алгандан бери адилеттүү түрдɵ бɵлүнүп келген. Эгер азыркы шалаакылыкка чара кɵрүлбɵсɵ, ажого сɵз тийип калышы мүмкүн. Андыктан, кемчиликти жоюу милдет. Башкасына кол шилтеген күндɵ дагы, Медакадемияга болгон орундар кайтарылып берилиши керек. Ал оңой-олтоң келген эмес, бир нече жылдык кайрылуулардын негизинде чечилген.

 

Баса белгилеп айтарыбыз, Президент тарабынан этникалык кыргыздардын ар бирине энчиленип берилген орундарды министрликтин алдындагы түзүлɵ калган беш кишилик комиссия бɵлɵккɵ ыйгарып бергенге эч кандай акысы жок. Эгер келбесе орду бош турушу керек. Тагыраагы, Тажикстандагы же башка ɵлкɵдɵгү кыргыздарга ыйгарылган квота бɵлɵк бирɵɵгɵ берилгени Президенттин укугунан аша чапканга барабар. Баса, министрликте этникалык кыргыздарга берилген 7 орундун дайын-дареги билинбей калган, буга да министрлик жообун берер…

 

Сɵз аягында эске сала кетерибиз, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда губернатор болуп турган кезинде Бадахшан облусуна иш сапары менен барып, Мургаб районунда жашаган кыргыздардын кɵйгɵйү менен жеринде таанышып кайткан. Ал сапарда Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Абдылдабектин мүрзɵсүнүн башын кɵтɵрүп, элдин батасын да алган. Эми ошондо чечилген медициналык окуу жайга болгон орундар Мургабдык кыргыздарга берилбей калганы эмне деген катачылык? Бул тууралуу "Де-Факто" гезит жазып чыкты.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены