Аркар оттойт Памирде, аркар оттойт

Аркар оттойт Памирде, аркар оттойт

Атактуу Памир «Сары-Кол» жергесинде туулуп өскөн Халил Мурзахматов өз жеринде, аттын кашкасындай таанымал адам. Айрыкча фото искусствосу боюнча, элдин жагымдуу маанайларын алып эл үчүн талыкпай эмгектенип келген. Өрнөктүү эмгектерди, ыр-макал, тарткан сүрөттөрү, эл ичинде эрикпей жыйнаган санжыра санаттары, элдик казынадан алып элге чачкан инсан. Памирим деген жыйнагында кунт коюп окуп чыкканда, өзүнчө руханий байлык алгандай канаатанасың...

 

Урматтуу мекендештер агайдын китебин сайттан [мынабу жерден] толук кочуруп алып окусаныздар болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Агайдын чыгармачылыгыдан эки сап:



Аркар оттойт Памирде, аркар оттойт

 

Аркар оттойт Памирде, аркар оттойт,
Ар бир чөптүн түрлөрүн искейт, жоктойт.
Аркыраган шамалда ак кар, көк муз,
Аркар, кулжа чыдамкай кандай коркпойт.

 

Аркар оттойт Памирде, аркар жүрөт,
Адам жытын алыстан искеп билет.
Адыр-адыр кырларды белди безип,
Аркар, кулжа мекени тоону сүйөт.

 

Ок жаңылса, аркарлар жараат алат,
Мумия жеп тоо-таштан даба алат.
Ак мөңгүнүн суусунан шимире ичип,
Аккан суудан, кар суудан канаат алат.

 

Аркар оттойт Памирде, аркар оттойт,
Ар бир адыр белестен тиктеп токтойт.
Оттогону мээр чөп жаннат окшойт,
Карс пышкырып чүчкүрүп баарын топтойт.

 

Аркар сүйөт мекени, тоону-ташты,
Атырылып аркарлар белди ашты.
Ош, Памирге каттаган кербенчилер,
Аркарларга суктанып бара жатты.

Сары- Колум

 

Сары-Колум сагындырган кыргыз жери,
Сары-Колум санат наркы кыргыз эли.
Сары-Колум кен асманга кулач жайган,
Сары-Колум аска зоолуу кенен төрүн.

 

Сары-Колум арка-кулжа мекендеген,
Сары-Колум ай асманга кучак керген.
Сары-Колум жети атабыз жашап өткөн,
Сары-Колум улама өткөн нечен-нечен.

 

Сары-Колум алтын кендуу күмүш кендүү,
Сары-Колум Ак-Байталдай бийик белдүү.
Сары-Колум төрт түлүгү тоого батпай,
Сары-Колум кайберендүү кийик жердүү.

 

Сары-Колум сагындырган садагасы,
Сары-Колум санжырада жер сакасы.
Сары-Колум ааламдагы жер бийиги,
Сары-Колум чын-чынында жер атасы.

 

 

 


А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.