5 бала төрөп, үчөөнөн ажыраган памирлик Доолатбиби Нарында көз жарды

5 бала төрөп, үчөөнөн ажыраган памирлик Доолатбиби Нарында көз жарды

Улуу Памирден балдарын окутуу максатында Кыргызстанга келип, Нарынга жайгашкан үй-бүлөдө дагы бир ымыркай жарык дүйнөгө келди. Балалуу болгон жубайлар менен Turmush басылмасынын кабарчысы жолугушту.

 

Нарын шаарында жашап жаткан Абдулгафар Абдрасул уулунун жубайы Доолатбиби Тохтахун кызы 30-майда Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө көз жарган. Беш бала төрөп, бирок 3 уулунан ажыраган 39 жаштагы эне бул жолку төрөтү жеңил жана баланын ден соолугу жакшы болгонуна кубанууда. Ал дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

 

«Азыркы кызым алтынчысы. Буга чейин 2 кыз, 3 уул бала төрөгөм. Эки кызым чоңоюп калды. Кийинки үч уулум төрөлгөндөн кийин эле чарчап калган. Бул жолку төрөтүм жеңил болду. Кызымдын ден соолугу дагы жакшы. Дарыгерлерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз, бизди жакшы карап жатышат.

 

5-bala-t-r-p-ch-n-n-azhyragan-pamirlik-doolatbibi 2 5-bala-t-r-p-ch-n-n-azhyragan-pamirlik-doolatbibi 3

 

Кызымдын салмагы аз экен. Азыр дарылап жатышат. Аз күндө жакшы болуп калсак ооруканадан чыгабыз», - деди ал.

 

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Барчын Темирова Доолатбиби Тохтахун кызы төрөт бөлүмүнө 30-майда жеткирилгенин билдирди.

 

«Кечки саат 18:25те көз жарды. Кызынын салмагы 2 кг 600 гр экен. Айына жетип төрөдү, учурда эне-баланын абалы туруктуу», - деди дарыгер.

 

Нарын облустук ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн дарыгери Жылдыз Арзыгулованын айтымында, баланын салмагы аз болуп, учурда эне-бала дарыланып жатат.

 

«Доолатбиби Тохтахун кызынын абалы канааттандырарлык. Убагына жетип төрөлгөнү менен баланын салмагы аз. Алгачкы күнкү текшерүүдөн кийин анализде өзгөрүүлөр болгонуна байланыштуу балага антибиотик берилген. Азыр улантып жатабыз. 5 күн ошол дарыны беребиз. Учурда абалы жакшы. Бала салмак кошконун, сүт эмгенин байкап турабыз. Бир калыпта салмак кошулганда ооруканадан чыгарылат», - деди дарыгер Жылдыз Арзыгулова.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены