"Кетким келип..." (ыр жыйнагы)

Кетким келип...

Көз жашы,жүрөгүмдүн төмөн кулап,

Каректер үнсүз андан өрдөй тынат.

Кусалык жанды эзип чыдаттырбай,

Күнөөсүз дүйнөм калды жерге кулап.

Ушунун баарын байкап, сезип турам,

Узун түн,уйкум дагы келбей турат.

 

Кабарын туугандардан, элден угуп,

Талпынып жете албай алым куруп.

Ташкындап толкун болуп боюм урам,

Кысылып сүйлөй албай сөздөн тунуп.

Чыркырап жүрөк байкуш ыйлап турду,

Сары-Кол кырка тоосу көздөн учуп.

 

Чыдабай бүт баарынан кечким келип,

Чынжырын алыстыктын чечким келип.

Чыгынып эч нерсеге карабастан,

Айылымдын кучагына кетким келип.

Уйкусуз узун түндө ыйлап жаттым,

Укурук, жүгөнүмдү кеским келип.

 

Чыланып туздуу жашка ыйлап жаттым,

Сары-Колдун түздүгүнө кетким келип.

 

Ыр сабында

Бар дүйнөмдү, ырга кынап сыялаймын,

Бакыт тапчу, тээ бийигин кыялаймын.

Бир билгеним, күлгүн өмүр өчкүчөктү,

Бүчүр байлар, ыр шагында уялаймын.

 

Көп толгоону, ырга тизип барактаймын,

Калп күлкүгө кызмат кылган жарактаймын.

Кур кыялга, кызып алып адатымча,

Кечке дейре, ыр сабында шарактаймын.

 

Сезим сырын, ырга жазып күйүнөмүн,

Селт эттире, эргүү келсе сүйүнөмүн.

Сыздап ичтен, сүйсөм бирде ашыктарды,

Саптарында, кээ бир ырдын сүйүлөмүн

 

Миң арманды, ырга берип төгүлөмүн,

Муңдук дартым, бүтүн айтып сөгүлөмүн.

Максат койбой, өсүү жолдон басаңдасам,

Мүдөө берип, кээ ырларда көбүрөмүн.

 

Бар бакытты, ырга кошуп сабалаймын,

Бийик кыял, босогосун сагалаймын.

Бөтөн көрүп, жүзүн бурган эңсөөлөрдү,

Болушунча, ыр саптарда табалаймын.

 

Нечен сырды, ырга катып жашырамын,

Калканч өңдүү, өзүм түгөл жашынамын.

Колум жетпей, көксөп жүргөн кыялдарды,

Күтпөй эле, ыр саптарда ашырамын.

 

СүЙүүбүз кантип тирилмек

Кочуштап колго,сүйүүнү кеткен бириндеп,

Коомайлай албай, кетиптир ичи ириңдеп.

Күчөгөн ызаа, күйүттөр камтып бүтүнүн,

Күпчүйүп турса, сүйүүбүз кантип тирилмек.

 

Кезикпес бакыт, сүйүүнү ичтен туюмдап.

Кастарлай албай, кетиптир ичи куюндап.

Кетилип сезим, камакта болсо жыргалы,

Коноко келген,армандар кантип суюлмак.

 

Калдыгы азап, сүйүүнү алып тескөөгө,

Кадырын билбей,калбаптыр негиз эстөөгө

Көңүлдү кирдеп, кезинде бизбиз булгаган,

Кымынча барбы, акыбыз эми кектөөгө?!

 

Кемиген күлкү, сүйүүнү бүтөп жарытпай,

Кечинен келди, тытылып алып чарыктай.

Каалтарып гана,күчүбүз жетпей чегиндик,

Кайдадыр түнөк, махабат турган жарыктай?!

Кантейин эми, алсырап турам аргасыз,

Коёмун кантип,өтмүштү эстеп камыкпай?!

Жетимдердин арманы...

Таш боор ажал суктугун эч тартпады,

Менин атам түбөлүккө уктады.

Оо,Жараткан!?баары баткан ушунча кең ааламга,

Эмне үчүн менин атам батпады?

 

Оо,Кудайым бул азаптар эмнеге?

Сенсиз ата жашоо дагы бар беле?

Баарыбызга мээрим төгүп,эркелеткен,

Күнөөсү жок наристедей жан эле.

 

Атакебай сени абдан сагындым,

Эрте кетип бизди абдан жашыттың.

Жаныбызда турганында азыр сен,

Кучагында болмок элек бакытын.

 

Кайдан билдим,мындай азап келээрин,

Билбептирмин ажал сага жетээрин.

Азаптарга таштап кеттиң сен бизди,

Атаке,сен жок эми бойго кантип жетемин?

 

Акпаса экен аталардын көз жашы,

Ыйлабасын биз сыяктуу балдары.

Калбай калса эч бир ата-эне ааламда,

Айлануудан токтогонсуйт жер дагы.

 

Апакем

Апакем мээрими күч таянаарым,

Колдогон ар убакта бийик тагым.

Көңүлүм көтөрүлөй жүргөн кезде,

Сезчүүсүз жан-дүйнөмдүн кыйналганын.

 

Апакем бүт ааламым,аянаарым,

Сиз үчүн шилтеп басам кадамдарым.

Мээримдүү,сабырдуусуз апакебай

Мен үчүн ар убакта жан тартаарым.

 

Өстүрүп чоңойттунуз кемтиги жок,

Өзүнүз кийинбестен апа бирок.

Кызым деп,күйүп,жанып өстүрдүнүз,

Өмүрдүн жарымысын мааниси жок.

 

Сиз менин тумарымсыз апакебай,

Сиз барда бөлмөм дайым жаруучудай.

Бир азга болбосонуз жаныбызда,

Кут кетип,сууп үй да калуучудай.

 

Тагдыр сыноосу

Муң көздө, мөлтүр жашым тегеренип,

Ый-зарга, калдым түгөл тебеленип.

Өз ордун, таппай дүйнө кеңдигинен,

Мен кургур, жашоо улайм чебеленип.

 

Себеп көп, көөдөн толгон арманыма,

Ким айтат?"Кутулуп кет!Арга мына"

Бүк түшүп, барам ырас алсыздыктан,

Чек коюп, жеңчү баарын дарманыма.

 

Сан миңге, бөлүп ойду кетилбеген,

Арсыз ал, акыл мендик жетилбеген.

Бар-жогум, толукталып турса дагы,

Өзүмдү, нечен ирээт жетим дегем.

 

Пас көрүп, бир башкача зоболомду,

Мүрт кетти, нечен максат тоголонду.

Кайгыдан, капас жасап жашап жүрүп

Бир күнү, өзүм кошо жоголомбу?

 

Турмушуң, коёру чын баарын теңдеп.

Армандан, илдет сунуп, кайра эмдеп.

Энчилеп, берди мага көп сыноосун,

"Чегинбе!Уткунуң сен!Толук жең деп!

 

Бөлүшө жүр сүйүүң толгон көмөктөн

"Сүйөм"-сөзүң, кан тамырда жай тарап,

Селдей агып, бар азапты майтарат.

Билек түрө, кирип келген ажалдан,

Бир ооз кебиң, жарыктыкка кайтарат.

 

Күйүт күчүн, жыргал шаңга тарткылап,

Күлкүң сенин, бакыт даамын тарттырат.

Өзгөдө жок, нур жамынган көздөрүң,

Күн көрүүгө, бар кумарды арттырат.

 

Сезбей такыр, арзуу жайын бөлөктөн,

Сени тагдыр, туура мага жөнөткөн.

Ар жагдайда, эңсеп дайым күтөөрүм,

Бөлүшө жүр!Сүйүүң толгон көмөктөн."

 

Тахмина Абдилрашидова

Токтомуш айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.