Жаш талант: Тахмина Абдилрашидова "Ырлар жазам окурманым сен үчүн..."

Жаш талант: Тахмина Абдилрашидова "Ырлар жазам окурманым сен үчүн..."

Ыйманыңды жоготпо

 

Оо адамдар, бир үзүм турмуш үчүн ыйманыңды жоготпо,

Калп сүйлөп, ушак айтып убактыңды коротпо.

Оо адамдар, билимиңди, чырайыңды ыйманым деп ойлобо,

Кыйынсынып, жакшынысып бечараны кордобо!

 

 

 

 

 

 

 

 

Ырлар жазам окурманым сен үчүн...

 

Поэзмя-жан дүйнөмдүн жарымы бул,
Поэзия-жан дүйнөмдүн байлыгы бул.
Поэзия-жан дүйнөмдүн даарысы бул,
Поэзия-өмүрүмдүн азыгы бул...

 

Ыр жазам деп калам, барак колумда,
Жакшы ыр жазуу ар бир акын оюнда.
Кетип барам көп злдердин сонунда,
Ойлорумда түшсөм деп поэзия жолуна.

 

Ойлорума салып булук, тополоң,
Ырлар ойтойт жолдорумду торогон,
Кезмм болбойт ырдан колум бошогон,
Жан-дүйнөмдө толо ырлар орногон.

 

Ырлар жазам акын болуп калсам деп,
Ырлар жазам китепте атым калса деп,
Ырлар жазам окурманым кабыл ал!
Мени издесең ыр дүйнөдөн табып ал...

Агамдын элесине

 

Кеттиң ага, жесир кылып аялыңды,
Кеттиң ага, жетим кылып балдарыңды.
Кеттиң ага, жашоонун көрүп-көрбөй жакшылыгын.
Кеттиң ага, атакеңдин жан дүйнөсүн жакыр кылып.

 

Ооба ага, баш ийдик тагдырдын жазганына,
Ооба ага, кол сундук жашоону улантууга.
Ооба ага,күн өттү күн артынан билинбестен,
Ооба ага, кийимдериң ордунда илинбестен.

 

Аттиң ага, айтып бүткүс арманымсың,
Аттиң ага, жазып бүткүс ырларымсың.
Аттиң ага,оорусаңда мейли эле,
Аттиң ага, арабызда жүрсөңчү тирүү зле...

 

Ойлон пенде!

 

Жаратылдың сен күнөөлүү пендесиң,
Күнөөсү жок пенде болбсйт зстегиң.
Бүт вмүрүн күнөө менен өткөрүп,
Акыл айтат башкаларга жакшысын.

 

Абийириңди жаш курактан сактагың,
Эп билбейт деп түрдүү жолду баспагың.
Дөөлөт, байлык, бийлик келген учурда,
Кеч болотко сен кыйынсып басканың.

 

Сен ойлобо, кийим зле жабат деп абийирди,
Сен ойлобо, бийлик зле башкарат деп баарысын.
Жаратылдын, демек сенде болот өзүнчө бир тарыхың,
Андан көрө ойлон пенде! “Жалган ойду” таштагын...

Сары- Кол аркар-кулжа мекени

 

Ак-Суусу ичегине окшоп турат,
Ак-зоосу асманыны тиреп турат.
Кантпегин эмне кылып сүрөттөбө,
Сары-Колум аркар-кулжа мекени.

 

Чайкалган көлү бар Кара-Көлдөй,
Ысык суу булагы бар Мадияндай.
Кетпегин эмне деп ыр кураба,
Сары-Колум аркар-кулжа мекени.

 

Эли бар кыргыз салтын жоготпогон,
Конок келсе кой союп тосуп алган.
Кантпегин эмне деп мактанбагын,
Сары-Колум аркар-кулжа мекени...

 

Сыйлашып өт

Кудайдын жаратканы ай менен күн, 
Өлгөн соң жарыгы жок карангы түн. 
Бир үйдө канча болсоң сыйлашып өт, 
Меймансың бир-бириңе аз гана күн...

Биз кимбиз ?

Биз жашоонун кумурскасы,
Тытынып өтүп кетет турмуш дагы.
Мейли тытын,мейли иште, аракет кыл,
Бирок унутпагын! сен аласың кудайдын буйруганын.

 

Тахмина Абдилрашидова

Токтомуш айылы

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.