Ө.Бердибаев: "Сарыколум ыйык мазарым", "Пышарт"

Сарыколум ыйык мазарым

Сарыколдо кийик көп эде,

Шибери тулаң чөп эде.

Оош кыйыш болбогон ,

Аталар сөзү төп эде.

Жылгада аркар мол эде,

Коктуда коён толо эде.

Казанда кара куурма,

Конокко урмат сый эде.

Топ- топ болуп катташчу,

Тойлордо элдер ат чапчу.

Тер алып сууткан күлүктү,

Ээсин калыс макташчу.

Ак - Суунун суусу шар эде,

Аскада теке бар эде.

Күмүштүн жүзү көгүлтүр,

Алтындын жүзү сары эде.

Азыр да алтын сары экен,

Азыр да аркар бар экен.

Бирок казанга түшүп шыралга,

Кайнабай калган маалы экен.

Шибердин чөбү кара баш,

Ак шыйрак шишек ала баш.

Желпик баш жеген токтулар,

Жер тээп шорду жалмабас.

Ак - тулпар жону жоорубас,

Ак - Суунун суусу соолубас.

Күңгөйдүн жутсаң булагын,

Көкүрөк башын оорубас.

Аличордон чыккан машина,

Азанга калбай Мургапта.

Шаймактан чыккан машина ,

Шамга калбай Мургапта.

Алыстан элдер катташат ,

Ат тезегин кургатпай.

Мургапта жанат электир,

Светке кимдер деректир.

Ким болсо майли шол болсун,

Электир суудай керектир.

Сарыколдун майлуу куруту,

Келиндер сүзмөнү сатып курутту.

Дарбызга алдап алмашып,

Комерсант кылды утушту.

Ак - Байтал Аличор мазарым,

Айланып турат назарым.

Курбантай Мадиян мазарым,

Байланып турат назарым.

Келин- Качты Бакшы - Өлдү,

Шум ажал алган неченди.

Памирге салган Николай ,

Тарыхта калган таш жолду.

Кулжалар оттойт чокудан ,

Вертолет учса чочуган.

Парашют менен секирген,

Поляктар Памир чокудан.

Кара- Көлдө солдат эстелик,

Какайып турат чест берип.

Өңү өчүп сыры кетсе да,

Өткөндү турат эскерип.

Муз- Көлдө эски таш дубал,

Кылымдан бери урабайт.

Булдозер чыкса үстүнө ,

Былк этпейт сынбайт кулабайт.

Уюлдан бүткөн таш экен,

Карагай мынча чыдабайт.

Сарыколдун сыры түгөнбөс,

Сарыколдун ыры түгөнбөс.

Кайберен тоолуу мекеним,

Калкалайт элин тилектеш.

Сарыколум ыйык мазарым,

Байланып турат назарым.

Пышарт

Кулчак, Ыраң, Бака - Баш,

Куурбай жылга аркалаш.

Тоолорду жазган калемим,

Түбөлүк мага сапарлаш.

 

Күмбөздү- Кол, Ак- Жылга,

Саткын - Жылга, Таш-Жылга,

Көзүмдөн кетпейт элеси,

Кайберен баскан ашуулар.

 

Кара - Жылга , Мололор,

Кокту сайын короолор.

Пышарттын улуу тоолору,

Кылымдар менен барабар.

 

Кызыл-Жылга , Апак- таш,

Сай суусунда акак -таш.

Сугуру катуу ышкырат,

Ийинден чыгып кашатта.

 

Чат-Токой карай жеткен жол,

Сарезди көздөй кеткен жол.

Кылымдан бери кыргыздар,

Кыяны бойлоп көчкөн жол.

 

Кен байлык түрү жаткан жер,

Күрпүлдөп суусу аккан жер.

Тарыхта кытай жер жыттап ,

Күрөктөп алтын тапкан жер.

 

Керилген Пышарт өрөөнү ,

Каухар таштын түрү бар.

Киши аюнун изи бар,

Жылбырс, түлкү , карышкыр,

Жырткыч жандын көбү бар.

 

Далдоодо кооз жери бар,

Даван ашкан бели бар.

Мамыры боз от чөбү бар,

Аркарлуу жылга төрү бар.

 

Асманды чапчып шаңкайган,

Чокуда аппак мөңгү бар.

Пышартты жаздым сүрөттөп,

Билгенимди иреттеп.

Көрбөгөнгө жөө жомок,

Көргөндөр өзү билет деп.

 

Өскөнбай Бердибаев "Поэзия Ордосу"

көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү

Алай району, Сары-Могол айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.