Ата журт эстен кетпейт !

Ата журт эстен кетпейт !

АТА ЖУРТ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ


Сары-Колум алтын бешик туулган жерим.
Өзүндө калып калды кырчын кезим.
Мургабым сен эсиме түшкөнүндө.
Азыр эле жөнөп кетким келет менин.

 

Сары-Колум алтын бешик туулган жерим.
Меймандос ак калпактуу кыргыз элим.
Сагынам мен силерди күндө эстеп.
Өзүндө жаштык кезим калды менин.

 

Таланттар сыртка чыкпай өчүп барат.
Өмүрлөр секунд санап өтүп барат.
Күн бүтүп кара көзүм жумулганда.
Ата журт сага арнаган ырым калат.

 

 

 

ПАМИР ЖОЛУ

 

Ак-байтал менен Кызыл-арт
Ашуунун анык бийиги
Ээригип шопур баратсан
Алдындан качат кийиги.

 

Зуулдатып ЗИЛди айдап
Ак карлуу жолдо цепь байлап
Ак-байтал ашып кетчү элек
Кол карышып көз жайнап.

 

Обгонго чыгып жарышып
Рульга колдор карышып
Эсиме түшсө ал күндөр
Жүрөгүм кетет сайышып.

 

 

МЕН КЫРГЫЗМЫН

 

Мен кыргызмын, бөлүнбөгөн-бөлбөгөн,
Бирин өйдө бирин төмөн көрбөгөн,
Кыргызым деп жашап келем дүйнөдө,
Кыргызым деп өтүп кетет өндөнөм.

 

Жолдор жоктур-кыргыз аты баспаган,
Жоолор жоктур кыргыз кылыч чаппаган,
Кыргызымдын кызыл туусун көтөрүп,
Кыргызмын деп ай ааламга жар салам.

 

Баарыңарды биримдикке чакырам,
Кыргыздарды ата салтын сактаган,
Керек болсо өлүмгө да тик карап,
Кыргыз үчүн чоң казатка аттанам

 

Нурмухамед Болотбеков

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.