Ак-Балык Ата

Ак-Балык Ата

Күзгүдөй бети жалтырап,
Көл сонуну Ак-Балык.
Көргөндү таң калтырган,
Жер сонуну Ак-Балык.
Күн-түн өткөн коногуң,
Эл сонуну Ак-Балык.
Аркар, кулжа, кой, топоз,
Жер сонуну Ак-Балык.


Ош-Памирдин жолунда,
Элдер өтөт айкалып.
Келишкен кыргыз жайлоосу,
Кимдер өтпөйт таң калып.
Белесте кетип баратсаң,
Көлүндө балык чайпалып.
Ак боз үйлөр каз-катар,
Балдары ойноп чаң салып.


Кол салар жерге кол сунсаң,
Мөл булак агат төгүлүп.
Сүйсө кудай пендесин,
Күзгүдөй жүзүн көрүнүп.
Маржан таш акак терилип,
Ыроолойт көңүл бөлүнүп.


Сүйбөсө кудай пендесин,
Булагы аппак көбүрөт.
Ой санаа онго бөлүнүп,
Кара кум таштар төгүлөт.
Кара ылай чыгат кошулуп,
Жүрөгүн тарс-тарс сөгүлөт.
Жоро-жолдош ичинде,
Ыңгайсыз жаман көрүнөт.


Ак-Балыктан өткөндө,
Ак батаны берип жүр.
Ак-Балык көлү эң сонун,
Жайлоосунда өмүр сүр.
Ары өтсөң да, бери өтсөң,
Атайлап көңүл бөлүп жүр.
Алайданбы, Оштонбу,
Максат кылып келип жүр.
Ак-балык Ата ак мазар,
Жараткан сүйүп бериптир.


"Памирим"

Халил Мурзахматов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.