Жазуучу Мурза Гапаров жөнүндө (үзүндү)

Жазуучу Мурза Гапаров жөнүндө (үзүндү)

Кыялды жакшы көргөн киши.

Ошон үчүн университетти бүтүп эле республикадагы келечектүү кызмат орундардын бири "Советтик Кыргызстан" гезитине кабыл алынганына карабай, 1962-жылы Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Мургаб районуна мугалим болуп кетип калат. Райондун борборунда кал десе да болбой, алыскы Кызыл-Рабаттын Токтомуш айылындагы Токтогул атындагы мектепке ишке кирет. Ал жактан мергенчилик кылып, тил үйрөнүп жүрүп, "Кара-Көлдүн каздары", "Жол кырсыгы" деген аңгемелерин, "Кыштакча" повестин, "Ак поезд" деген киносценарийин жазуу үчүн материалдарды таап кайтат.

 

Жазган каармандарын турмуштан алган.

Хорог шаарында бир жолу таанышкан адамы Гапаровдун "Кара-Көлдүн каздары" деген аңгемесине киргизилген. Ал Мургабдагы Кара-Көлдү, андагы жүрөгүнө жакын адамдарды, көл үстүн бербей кыйкуулаган каздарды эстеп, бирок аларга мына барам, ана барам деп бара албай жүргөн, "токойдо ырдап жүргөн мас булбул" өңдөнгөн адам болуп Карамшо деген ат менен каарман болуп чыга келди. "Кыштакчадагы" жаш завуч – Гапаров менен акыркы учурга чейин байланышып жүргөн Азиз Сейитбеков, мергенчи – кадимки Мургабдагы атактуу аңчы Чыныбай аба, "Көчөдөгү" Аваз – өзүнүн үкаси, Коңурбай раис – Мамасыдык Коңурбаев, Малике – Инаят эже, Ормотой шыбакчы, Туман мерген, Абдилла бешикчи, шыпыргы сатуучу Нышанбай – баары бир айылдын жашоочулары. Тарбиялаган таенеси "Байчечек" аңгемесинде чагылдырылат.

 

Булак: sputnik.kg
Абдыкерим Муратов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены