Жазуучу Мурза Гапаровдун досу Азиз Сейитбеков менен маек

Жазуучу Мурза Гапаровдун досу Азиз Сейитбеков менен маек

Мурзакем Мургабда…

Адам тагдырында ар кандай жолугушуулар болот: бир жолугушуу дароо эстен чыгат, жолуккан адам экөөң бири-бириңди алеки замат унутасың, ал эми айрым жолугушуулар өмүр бою эсиңден чыкпайт, а түгүл дал ошол жолугушуу сенин өмүрүңдө бурулуш жаратат. Жазуучу, драмачы, киночу Мурза Гапаров менен айылдык мугалим Азиз Сейитбековдун 1962-жылдагы «дүйнөнүн төбөсү» Памирдеги жолугушуусу да ошол алардын өмүрлөрүнө өчпөс из калтырган. Мурза Гапаров жарык дүйнөдөн кеткенине он төрт жыл болуп калды, ал эми анын досу Азиз ава Тажикстандын Мургабынан Кыргызстандын Сары-Өзөн Чүйүнө келип орун-очок алып калганына да бир топ жыл болуптур. Экөөнүн бириктирген – мугалимдик кесиби, же теңтуштугу гана эмес, ички дүйнөлөрүнүн жакындыгы экендигин мен сексендин кырына келген Азиз ава менен баарлашып отуруп дагы бир жолу ынандым. Сөз жазуучунун Памир мезгилине арналды. Ал кезде – 1962-жылы  Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин жаңы бүткөн жаш жигит романтикалуу турмуш издепТажикстандын Мургаб районуна аттанат. Дал ошол Мургаб жылдары анын «Кара-Көлдүн каздары», «Жол кырсыгы» деген аңгемелеринде, «Кыштакча» повестинде, «Ак поезд» деген киносценарийинде мыкты чагылдырылган.

 

– Азиз аба, Мурза аканин Мургабка барып калышы, Сиз менен алгач таанышы тууралуу кеп учугун баштасак…

– Тажикстанда ал кезде жогорку билимдүү адистер жок эле, болгону да жетишпейт, Мурзаке райондук билим берүү бөлүмүнө келсе, аны бир мектепке директор болосуң деп сунуш кылат, окууну Фрунзеден бүтсө, Памирге өзү келип атса, ошентишет да анан. Мурзаке ынабайт, бовойт, мен буякка чоң болоюн деп келгеним жок, амал кууп келгеним жок, катардагы бир мугалим болуп, балдарды окутайын, буяктын кооз жерлерин көрүп, элдин салт-санаасын үйрөнөйүн деп келдим деп туруп алат. Анан каякка барасың десе, эң тоолуу, эң кызык жерге жибергиле дейт. Ошондо Кызыл-Рабаттын Токтомуш айлындагы Токтогул атындагы мектепке мугалими кылып жиберет. Мектептин директири Маамат ака Айдаров өзү райондон ала келиптир. Жаш жигит экен. Тааныштырды. Жолдо Маамат акага жагып калганбы же райондон катуу тапшырганбы, иши кылып, үйүнө чогуу жашаганга алып кетти. Ошол бойдон директирдин үйүндө туруп калды. Лекин мени менен жашагысы келчү. Мен мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы. Менин үйүмдө да бир кыз жашайт эле, ал да мугалим, райондон келген. Мурзаке ушунчалык уялчаак, кичи пейил, тартуу экен, өзү айткандай нойгуттун кыздарындай созулган, анан ал баягы менин үйүмдөгү кыздан уялат экен да. «Азиз, мен сенин үйүңө жашайын деп жанагы узун кыздан уялып атам, шон үчүн Маамат аканикинда эле жүрүп атам» деп калды бир күн. Күндүз сабагы жокто меникинде болот да, кеч кирери менен жатар конокко Маамат аканикига кетет.

«Мургаб райОНОсуна бардым. Кыргызстандан баргандарды жакшы тосуп алышат экен, анын үстүнө университеттин төш белгисин көрүнө тагынбасак дагы, көмүскөдө «мен мындалап» турбайбы. Борборго калыңыз дешти. Жок, болбойт дедим. Мага жапайы аңы бар, балыгы бар дегендей жер керек да, болбосо эмнеси Африка. Баса, Хемингуэй балык уулаганды жакшы көрчү эмес беле! Ошентип куудум Хемингуэйдикиндей дүйнө түзүп жатпайымбы. Андай жер бар Токтомуш деген жер деди. Көрсө Токтомуш Памирдин эң жеткен чеги, чокусу экен, кыргыздардын ордосу, уюткусу да ошол жерде экен. Мектеп деректири Айдаров деген ушунчалык ыймандуу, жылдыздуу киши экен, ошол алып кетти. Орус тили, адабиятынан бересиң дешти. О, кокуй, орусча өзүм тамтуң билем дедим, коркпоңуз деди, бу жерде сизден ашкан эч ким жок деди. «Өрдөк жок жерде чулдук бий» болдум да. Бутум түшөөр замат эле айткан экенмин да, кийигиңер кана, өрдөк, казыңар кана деп. Кудай жалгап күздө баргам, жапайы өрдөк, каз ысык жакка кайта баштаган кез экен, бир жарым ай турат экен ошол жерде. Керемет жер экен, Ак-Суу дайранын илеби уруп турат күн-түн дебей. Баса, мур – суу, габ – өрдөк. Мургаб ошондон калган да, өрдөктүү дарыя болуп. Жылаңач тоолордон түшүп келаткан кийиктерди көрчүмүн бу жээктен. Кыскасы, өзүм түзүп алган реалдуу дүйнөнүн таасири көп болду». (Мурза Гапаров: «Бакыт сени унутса да, сен бакытты унутпа», Маектешкендер Чоюн Өмүралы уулу, Алым Токтомушев)

– «Кыштакча» повестинин каарманы жаш мугалим Акун мергенчиликке чыгат эмеспи, ошол окуялар болгонбу, анан турмуш көрөм, эл көрөмүн деп барып ал тилеги ишке аштыбы?

«Окуяларды М.Гапаров үйдө отуруп ойдон чыгарбастан турмуштан алган. Анын көбү мага тааныш эле: «Кыштакча» повестиндеги Акундун башынан өткөзгөнү, а түгүл комендант, анын кызынын жоруктары, айрыкча Акундун студенттик кези, анын Маманга жолугуусу негизги чындыктан алынган. Жазуучунун чеберчилиги ушунда турат: ал бүтүндөй чындыкты сулп гана ошол калыбында шилтей салбайт. Автор окуяларды чыгарманын жалпы жигине карата өзгөртүп, жик билгизбей, керектүү жерге сулуулап, кынаптап, өтө чеберчилик менен жаза билет. Анысы чыгарманын мазмунуна, көркөмдүгүнө жамаачыдай оркоюп көрүнбөстөн, кайра ага бап келип, ажарын ачып турат. Көрсө, ошол бизге майда-чүйдө көрүнгөн окуя жазуучуга оңбогондой олжо, табылга тура» (К.Жусупов, «Ал сулуулукка чакырат»)

– Ой, ал кезде мергенчиликке чек жок, дем алыш сайын аркар-кулжа деп ууга чыгар элек. Мактанбайын мен чоң мергендин бири элем. Адегенде Мурзаке менен чогуу чыгып жүрдүк. Бир жолу өзүм бир аркарды өңүттөп ага жакын алып барып бердим эле, атып алды. Анан эле Мурзаке жалгыздап калды. Сен мени матациклиң менен аркары, коёну көп жерге жеткирип кой, келиште өзүм эле келем деп калды. Мен айткандай кылып жүрдүм. Мурзаке калат. Ичтеке ата албай шалпайып келет. «Кой, Мурзаке, бирге эле чыгалы, жолуң болбой атат» десем, «Эй, Азиз, сен Хемунгэйди окубасаң керек, анын бир мыкты чыгармасы бар, ошол чыгарманын каарманы кырк биринчи жолкуда ийгиликке жетишкен, мен да кырк биринчи чыгышымда жолум болор» деп күлүп койду. Кээде экөөбүз ишемби күнү тоодогу малчылардыкына барып, жатып алып, жекшембиде таң атпай аңга чыгып кетчүбүз. Андайда боз үйдө жатабыз, Мурзаке уктабайт, мени да уктатпайт: «Эй, бача, айды карабайсыңбы, жылдыздарды карачы, ай ушунчалык жарык болуп, жылдыздар чатырап, бири-бирине көз ымдашат… Суунун шарын угуп атасыңбы? Тыңшачы, топоздор кортулдашып короодо жүрүшөт… Эй, Азиз, уктап атасыңбы? Жүр, тышка чыгып, ааламды бир көрүп келели», – дей берет.

Өзү да уктабайт, мени да уктатпайт. Ырас, бизге анча эмес, Мурзаке табиятты көрө билчү, аны менен сүйлөшө билчү экен. Мурзаке сыяктуу чыгармачыл кишиге Памирдин ар бир кокту-колоту, жылгалары, аккан суулары, малчылары жайлаган жайлоолору башкача кооздук тартуулап, анын ышкысын ойготчу экен. Аны ал убакта кайдан билдик. Жазат деп да уккан эмес экенмин. Биз үчүн балалыктан бери эле аралашып жүргөн көнүмүш нерселер да. Мурзаке басса-турса ойлонуп жүрүп, айланага көз салып турчу. Чыгармачылыгын ушул жерден баштады, оожалдырды. «Кыштакча» деген повесттин ушул айылда жашап жүрүп жазды. Ошондогу мектептин завучу деген каарманы менмин.

– Жазуучу үчүн, өзгөчө Мурза Гапаров сыяктуу сөз менен иштеген жазуучу үчүн бөтөн жерге барганда ал элдин колдонгон сөздөрү кызыктырат эмеспи…

– Ооба, биздин айылдын адамдарды эски сөздөрү көп сүйлөшчү, кытай кыргыздарынан, тажиктерден аралашып келген сөздөр бар эле. Мисалы, биз өзүбүздөн кичүүлөргө кайрылганда, «бача» деп коёбуз, «Эй, бача, Эшматты айтып жүгөр», «Эй, бача, огуң барбы» дейбиз. Мурзакеге бул сөз аябай жакты, өзү тынбай колдоно баштады. Ушуга окшогон сөздөрдү угары менен блокнотуна шашып жазып алат. Мурзаны мен да Мурзакем деп калдым. Ал жашаган Маамат аканин үйүндө кайыненеси чогуу турчу. Кары кемпир эле. Жашында Кытай тарапта жашаган экен, сөзүндө кытай-кыргыздарынын кептерин аралаштырып ийчү, анан ошолорду жазып алат да, бул сөздүн мааниси эмне деп менден сурайт, билгендеримди айтамын, билбесем, «чоң энеден кайра сура» дейм, «жок, мен уялам, сен сурап бер» деп кайра мага кайрылат. Мен сурап, айтып берем. «Жуба – тон», «булгак – чанач», «темене – жубалдыз», «бигиз – шибеге» дегендей көп сөздөрдү жазып алган.

– Жазуучу «Кыштакча» повестинде Акундун негизги жумушу – мугалимчилиги тууралуу анча кеп кылбайт, ал мугалим катары өзүн мургабдыктарга көрсөтө алганбы?

– Бир жолу Мурзакем ачык сабак өтмөй болду. Ал күн алдын ала пландаштырылат, директир, окуу бөлүмүнүн башчысы, анан мугалимдерден сөзсүз катышат. Анын сабагы 9-класста болмой болду. Жакшы башталды, окуучулардан үй тапшырмасын сурап атып эле, бир убакта бир кызга кайрылып эле, «бача, сен турчу» дейт. Баарыбыз «бырс» күлүп ийдик. Бу сөз кыз балага айтылбайт да. Мурзакем да паамдап калды окшойт, мени карады, мен «уланта бер» дегендей ишаарат кылдым. Сабак бүттү. Мугалимдер каанасына кирдик. Аялдар жапырт күлүп атыптыр. «Имне болду?» дейт Мурзакем. Мен түшүндүрүп айтсам, өзүнүн бир сонун күлкүсү бар эле, көзүнөн жашын чыгарып, сүйлөй албай калып, чын дилден күлчү, ошентип күлдү да, «Эй, Азиз, мындан кийин сен ушундай нерселерди түшүндүрүп коюп жүрчү» деп калды.

– Башында Сиз кеп кылып атканда Мурза аке мерген боло албай атпады беле, кырк биринчисин күтүп… Анан оңко тургуздубу?

– Айылдын көп алыс эмес жерде Кара-Кыя деген жер бар, коён жуда көп. Мурзакем сабактан чыгып да күндө болбосо да, күн алыс кете берет, ошерге. Бир күнү коён атып алат, сүйүнүп турса, Ашим Аматов деген актив келатыптыр. Анын алдынан торой чыгып, «Ашим ака, сиз Азизге жолугуп, менин мынабул олжомду айтып коюң» деп коёнун көрсөтүп мактаныптыр да, «мен дагы эки-үч саат коён уулап, анын барам» дептир. Ашим ака мага айтып келди. Аа, жакшы иш болгон экен, кечинде келет турбайбы деп, тамак-ашыбызды камдап отурдук. Кеч келди. Ырабдайы жок. Суз гана салам айтты, колун көрүшүүгө коомай берди. Зайыбыма келгенде «Саламатсызбы, Гүлайым бегим» деп турчу. Бу жолу антпеди. Болду болбоду, чек арачыларга түшкөн экен, мылтыгын алып коюштур деп ойлодум да, «ай мылтыктын номерин жазып алып эле чек арачылар кайра көтөрүп келет да, мына Азиз ака» деп койдум, аны жообантуу үчүн. «Ай кайдагы мылтык» деди ал, «мен абийирсиздин абийири» дагы бир кетти деди ачуусу келип. Көрсө Маамат аканын кайыненеси анын көтөрүп келген коёнун дароо жаны чыга электе муздабапсың, эми бул макүрөө болуп калды деп, итке салып бериптир. Баягы Ашим ака айткан коён ошентип иттин кардын кампайтып, Мурзакемди капага салыптыр. Биз келинчегим экөөбүз аны ит жеген коёну менен куттуктап атсак, ал «эй, бача, мага бир маки бербесең болбойт» деп калды, мен айттым, «сага маки эмес, чакы берем» дедим. А биз макини чакы дейбиз да. Бычактуу болдум деп сүйүнүп калды. Ууга кошо чыгып кийин аркар да аттык. Бирок ал эмнегедир ууга жалгыздап чыкканды жактырар эле…

«Ал 1962-жылы университетти бүткөн соң Тажикстандын Мургаб жериндеги кыргыздарга өзү суранып барып, мугалим болуп иштеген. Далайга дейре Мургабдын келишкен кооздугун, андагы жашаган адамдардын кызыктай тагдырын кусаланып эскерип жүрдү. Акыры он жылдан кийин мургабдык кыргыздардын кылык-жоруктарын баяндаган «Кара-Көлдүн кыздары», «Ак поезд» повесттерин, «Жол кырсыгы» аңгемесин басмага жарыялады. Кийинирээк муграбдыктар өздөрүнүн ысымдарын, кыяпат-ускатын, окуяларын М.Гапаровдун чыгармаларынан окуп алышып, алыстан ат арытып атайы келишип, жазуучуга жолугушканына, ыраазычылык ызатын айткандарына мен да күбө болгонмун»(К.Жусупов, «Мурзаны эстегенде»)

– Мурза аке мугалимдигин таштап мерген болуп кетпедиби?

– Чыныбай деген ошол кезде Тажикстан боюнча атактуу мерген бар эле. Аркар-кулжага, эчки-текеге, алгыр куштарга гана эмес, карышкырга, илбирске даап, капкан салган киши. Таскара-балта жутар жоруларды да кармап, ошол кармагандарын зоопарктарга өткөрөт. Каныккан, ууга үйрөтүлгөн иттери бар, аларына кийикти көрсөтүп койсо эле болду, имерип алдына айдап келип берет. Анан ошол киши Ош жактан барган кишилерди «тагаларым» дечү. Бир күнү Мурзакем экөөбүз биздикинде отурсак, Чыныбай мерген кирип келди, «эртең дем алышта тагамды бир ойнотуп келейин» деп калды. Биз ыраазы болдук, сүйүндүк. Ананчы, атактуу мерген өзү үйгө келип, ууга бирге чыгууга таклип кылып атса, кантип ыраазы болбойсуң. Эртеси саарлап иттерин эрчитип келди да, Мурзакемди атына учкаштырып кетти. Түшкө жакын эле Мурзакем шалпайып кирип келди. Суз. «Эмне болуп кетти» дедим. «Азиз, сен мага айтпай жүргөн турбайсыңбы, мынабул эле Кызыл-Кийик деген жерде эчки-теке жайнайт турбайбы» деп мага таарынып алыптыр. А мен билдим. Чыныбай мергендин иттери буларга эчки-текенин баарын кууп келип бериптир, жөн барганда алар таптырбайт дедим. Анан Мурзакем мергенге таарынганын айтты.

Көрсө, мерген өзү паста калып, кийиктер тоонун баш жагында экен. Иттер текени ошол тосотко камап бериптир. Мурзакеми жөнөтөт, барып атып кел дейт мерген. Мурзакем күшүлдөп-бышылдап эптеп кыйлада чыкса, тосоттогу теке да, иттер да жок экен. Анан кыйлада кайра түшүп келсе, мерген текенин санын сан, колун кол кылып бөлүп коюштур. Көрсө, Чыныбай мерген чыдабай кеткенби же ышкысы артып кеткенби, айтор, пастан туруп эле аткан экен, карт теке зоонун башынан алдына түшүптүр. «Мына эттердин каалаганың ал» дептир мерген. «Мен эт үчүн келген жокмун, «текени ким атты, Мурза атты» деген сөз тараш үчүн эле келгенмин» деп тагасына таарынып, тултуюп баса бериптир. Муну Чыныбай мерген паамдап, кечинде биздикине келип, Мурзакемдин шыбагасын таштап кетти, «тагамы дагы бир күн алып барып, эми өзүнө гана аттырамын» деп кетти. Чын эле кийин экөө дагы чыкты. Мурзакем эчки-теке атып да келди. Мугалимдигин да кыла берди. Окуу жылы да аяктап, ал кайра Фрунзеге кете берди. Биз калдык. Китептерин жөнөтүп турду.

«Менин курсагым ток болчу. Ошентсе да, кийиктин эти дегенден улам, а эт чынында эле ширин экен, сонун көрүп, оңор эт жебедим. Бозону да мерген экөөлөшүп, куп ичтик. Бир маалда мен мас болуп калдым. Памир мурдагыдан жакшырып, а өзүмдүн минтип, ээн үйдө, мерген менен анын кызынын маңдайында, кайберен этин жеп, бозо ичип отурганым, өзүмө романтикалуу болуп көрүндү. Мергендин өзү да, анын тултук бет, жоош-момун кызы да жага баштады.

– Айтмакчы, бача, Кыргызстандын каеринен болосуң? – деп сурап калды мерген, гарт кекирип коюп.

– Ноокат деген жеринен, – дедим.

– Э-э-э! – деп кыйкырып жиберди мерген. – Сен мага тага болот турбайсыңбы?! Менин раматылык апам Ноокаттан болом дечү эле. Мына, мына, тууган чыгып калбадыкпы. Кана, бача, эттен ал. Кызым, менин тагама бозодон куй…» (М.Гапаров, «Кыштакча»)

– Ошол бойдон Мурза аке Памирди сагынбай, ал жакка барбай калдыбы?

– Барды. Жакшы адам бир күн туз таткан жерин кантип унутсун. 1964-жыл эле. Мен анда райондук билим берүү бөлүмүндө нускоочу болуп иштейм. Бир күн эле «сенин досуң Мурза Гапаров келиптир, сени издеп Токтомушка кетиптир» деп калышты. Анда менин райондо иштегенимди билбейт да, айылга барып угуп, кайра келиптир, ыраматылык. Кайра айылга кеттик. Чер жазыша сүйлөштүк. Зайыбым болуп өткөн кеткенди айтыштык. Кино жазып, ошону тартуу үчүн жер көргөнү келиптир. Совхоздун директиринен машина сураса, анака-мынака деп бербей коюптур, мен ишимден үч күнгө уруксат алдым да, баягы матациклди айдап жер көргөнү чыгып кеттик. Мени жумшап койгонго, матациклди айдап чыкканга кыйылды, өзүн ыңгайсыз сезди. Мургабдын Ооганстан менен чектешкен жагыда Чоң-Көл деген жер бар. Көздөгөнүбүз ошол жак. Мингенибиз матацикл. Мурзакеге бар аа деп туруп чекарачы достордон бир автомат сурап алдым, өзүмдө матигриз деген пырсылдак мылтык. Сары-Горум деген жерден ашуудан матациклибиз ысып кетти. Токтодук. Шам-шум эттик. Жайдын болуп турган убагы. Мурзакем табиятка тойбой жүрөт. Гүл аралап кетти. Аңгыча эле бир мукамдуу ыр угулду. Мен ошол үнгө кулак түрө отуруп калдым. Мени көрүп Мурзакем кол булгалап чакырып атат. Ал да отурду. Ыр улам катуулап чыгып, таза абада «э-э-э-й» деп созгону Памир тоолорунан бүт дүйнөгө тарап жаткансыйт. Үн угулган менен адамы көрүнбөйт. «Мен бул ырдап аткан кишини көрбөсөм кетпейм» деп калды менин мейманым. Бирок мен аны айнытууга аракет кылдым, себеби бул жерлерде түтөк бар, басыш кыйын, бирдеке болсо, эмне кылам. Мурзакем көнбөй койду. «Менин ден соолугум мыкты, мен мындай эски ырды ырдаган кишини сөзсүз көрүшүм керек» деп туруп алды. Ыр чыккан жерге жете барсак, жамбаштап ырдап аткан «Мургаб» совхозунун чабаны Максут Жүндүбаев экен. Бизге таң калды. Жерден чыга калгандай болдук да. Биз бул жакта жүргөн максатыбызды айтсак, андан бетер ыраазы боло, «ушул жол менен бара берсеңер жылганын оозунда үйүм бар, бурулуп чай ичип тургула, мен да койду имерип барып каламын» деп аңтаңдап калды. Мурзаке ал кишини ырдап бериңиз десе, Максут ака көңүлдөнбөй «кой жайып жүрүп кыңылдап коёмун да» деп тайсалдап туруп алды. Мурзаке болбой эле «ырдап бериңиз» деп тура берди. «Майли, анда, үйгө барганда» деди. «Ава, илгерки кыргыздын аваны менен өтө сонун ырдадыңыз, биз ырыңызга куштар болдук» деп калды Мурзаке болбой эле кыйнап. «Майли, эми баатырлар, болбостур, силер үчүн кичик бир парчасини айтып коёюн» деп тамагын пештеп алып ырын созуп баштады:

Э-э-э-й, ак шагылдын этеги,
Чийир болду гой гөзүм.
Алаша боюң гөргөнүм,
Быйыл болду гой гөзүм.
Э-э-э-й, көк шагылдын этеги,
Чийир болду гой гөзүм.
Көркөм боюң гөргөнүм,
Быйыл болду гой гөзүм.
Э-э-э-й, ай тийбеген аралга,
Мал коюпсуң гой гөзүм.
Айнектей тунук бетиңе,
Гал коюпсуң гой гөзүм.
Э-э-э-й, күн тийбеген аралга,
Мал коюпсуң гой гөзүм.
Күндөй тунук бетиңе,
Гал коюпсуң гой гөзүм.
Э-э-э-й, гумдан качкан гойондой,
Чакан гылып ырдайын.
Гулуптап гойгон эшиктей,
Маккам гылып ырдайын.
Э-э-э-й, машинага түшкөндөй,
Майин гылып ырдайын.
Мартабаңы көтөрүп,
Тайин кылып ырдайын.
Ушинтип, тамшантып ырдап коюп, «мына, баатырлар, эми үйгө бара бергиле, мен да түшүп барамын» деди. Биз үйгө келдик.

« – А Мургаб мындан да жакшы, – деди ал, кыялдана сүйлөп, – анын Кара-Көл деген көлү бар… Аралдарында жапайы каздар көп. Ооба, жапайы каздар. Ушунчалык көп каздар. Алар жумурткаларын кумга бекитип коюшат. Сиз аларды чукулуп таап алып жатканыңызда, каздар төбөңүздө булуттай уюлгушуп, асманды бербей чурулдашып, сизди тебүүгө аракет кылышат… Ох!.. – Абышка тим болуп калды. Ал шарапка кызып калган эле»(М.Гапаров, «Кара-Көлдүн каздары»)

Максут аканин аялы жаркылдап тосуп алды, ал-ахбал сурашты. Үй ичинен куйкум эттин бир сонун жыты келди. Колго суу куюлуп отурганда, чабан да келип калды. «Кана, кемпир, калданы чыгар» деди. Мурзаке бир нерсени жазып койгондой болду. Аял үч калданы чыгарып келип, дасторконго койду. Мурзаке «Э, Максут ака, эки калда бир казанда кайнабайт дейт эле, сиз үчтү кайнатыпсыз го» десе, Максут ака аскияга салып «Э, үкам, калдаларда мүйүз болбосо, бешөө да бир казанда кайнай берет» деди эле баарыбыз күлүп калдык. Анан ал эки күн мурда коюна карышкыр тийип, этин совхозго тапшырып, минтип башын салып жегени жатканын, кудай сүйгөн панданин эки коногу бир келерин айтып бакылдап алды. Баш жедик, чабан дагы жетине албай, «карышкырдан калган бир козуну жеп кеткиле, «эриккен койчуга эси кеткен жолоочу дейт» деди эле «Азизге эки эле күнгө уруксат берген, барайлы деп Мурзаке» ынабай койду. Биз андан жүрүп отуруп Текели-Чокуга жеттик.

Бул жер Памирдеги бийик жерлердин бири, деңиз деңгээлинен беш жарым миң метр бийикте. Жалаң эт багытындагы котоздор, биз топозду ошентебиз жана бийикке байымдуу койлор багылат. Айылга кечирээк келип калдык. Айылды «Мургаб» совхозунун малчылары Абжал, Татай дегендер конуш кылып атыптыр. Татайдын аялы менин классташым Пазилет. Мейман камы кылып атканда эле бир машина келип токтоду. Ичиндегилер райком комсомолдук биринчи катчысы Гожо Бердибаев, нускоочусу Буркан Айдакеев экен. Алар да киришти. Мурзаке менен таанышып, максатын билишти. Кыргызстандын жаңылыктарын сурашты. Эт бышып, Мурзакеме дароо баш менен жамбаш сунулду. Жакшы жатып, жай турдук.

Эртеси андан ары сапар улоо үчүн комсомолдордун шоопурунан матациклге май сурасак, биз да жайлоо кыдырып, майыбызды түгөтүп, экспедиция бар экен, ошолордон бир аз май куйдук деди. Биз да экспедицияга бардык, максатыбызды түшүндүрүп, бензин сурасак, чоңу орус аял экен, шоопурун чакырып, бензин алып келтирди. Он литр алып келди эле, үч литр эле куйдук. Мурзаке «Эмне иш кыласыңар» деди эле, тигил аял «Мы ищим чуму» деди эле, Мурзакем «Чума издеген аял» деп блокнотуна жазып койду. Андан ары Чоң-Көлгө сапар алдык. Бул көл ажайып көл. Көлдүн жээгинде көл бетиндеги канаттууларды карап суктанып турдук. Аркы жээктен боз үйлөр көрүнөт. Ошол жакка барсакпы дедик. Жөнөдүк. Канаттуулардын канатын топтоп бара жаттык. «Эй, Азиз, ушул куштардын канаты Пушкинди, Лермонтовду акын кылган ручкасы болгон да» деп коёт Мурзакем.

«Ошентип алгачкы сценарийимдин акчасын алып, Памирге жөнөп кеттим. Досум бар эле Азиз деген. «Асаба» Асаба болуп турганда бир жолу бастыңар го. Завучум эле. «Иж» мотоцикли бар эле. Ошого отургузуп алып көрбөгөн жерлердин баарын көрсөттү. Мотоцикл аякта жакшы унаа. Жеңил машинелер алардын жолунда жүралбайт. Памирде көл аябай көп. Жапайы каздар балалаган, тукумдаган. Тукумдап, торолтуп алып, ысык өлкөлөрүнө учуп кетет. Аралдары бар. Баарын көрдүм. Бир жолу кар жаап ийбедиби. Августта. Каздар учуп кетиптир. Канаттарыкалыптыр. Мен аны терип чогултуп, Москвага алып кеттим. Бөлмөмө илип коюп, сценарийимди бүткөрдүм.

Айтор, Памир жөнүндө айтсак, өзүнчө жомок. Жайлоо, көл, сууларын кыдырдык дейсиң! Эски тааныштарымды, досторумду, окуучуларымды, жакшы көргөн кишилеримди көрүп, кумардан чыктым. Мен иштеген мектепте көмүр, отун жок болчу. Кыкты кыркып, көң кылып жагышчу, мугалимдер баш болуп. Мектептин алдынан апаппак, туптунук суу агар эле. Ак суу деп коюшчу, дарыяга куйчу. Ал дарыя жанагы Хорог шаарын жарып аккан дарыяга жетчү. Дарыя жээгин жапайы каздар, өрдөктөр, аңырлар, чулдуктар жердейт. Бир жарым ай жашашат. Өйүзүнөн жапайы теке, эчкилер көрүнөт. Биз мектептин терезесинен көрүп турабыз. Эми балык деген толтура. Деректирдин үйүндө турчумун. Ошонун баарын кайра көздөн өткөрбөдүмбү…» («Унутулбас сокмо жол», Мурза Гапаров менен маектешкен Алым Токтомушев)

Ошентип отуруп көлдүн аркы жээгине да жете келдик. Көлгө анча чоң эмес суу куят экен. Ошол жээкте туруп калдык. Аңгыча ГАЗ-63 маркасындагы машинадан солдаттар секирип түшүп эле бизди курчап, «колуңарды көтөргүлө, артка баскыла» деп буйрук берип калды. Анан биздин колду көтөртүп машинасына алып келди. Келсек, машинада биздин айыл Токтомушта чек ара начальниги болуп иштеген Пачейкин отурат. Ал мени көрүп, мен аны көрүп адегенде таң калыштык да, анан кучакташып кеттик. Көрсө биз советтин чек арасынан Ооганстандын чек арасына өтүп баратыппыз, аркы жээктеги үйлөр ооган тарап экен, жанагы кичи суу чек ара экен. Анан начальник досум заставага алып барып, чек арачылардын тамагын берип ыраса сыйлады. «Эй, Азиз, сенин майор досуң болбосо, бизди камап коймок экен же биз Ооганстанга өтүп кетмек экенбиз» деп Мурзакем күлүп жүрдү. Анан кайра кайтып, эки күн үйдө конок болуп, Ошко жөнөп кетти. Биз мургабдык достору Мурзакени эч бир эсибизден чыгарбай келдик.

Даярдаган Абдыкерим МУРАТОВ

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены