Жылкычы бозой (мургаб-франция)

Жылкычы бозой (мургаб-франция)

Мургабдык мугалим Нусратила Нуридинов кыргыз жылкысынын тукумун сактап калуу ишине да аралаша баштады. Нусратила Нуридиновдин кесиби мугалим, ошол эле убакта кыргыз жылкысын өстүргөн фермада иштейт:

- Атка кызыкканымдан улам, тогуз жашка караганда атам ат алып берген. Кичинекей ат эле, өңү көк болчу. Бизде боз деп коет. Ак-көк түстө болчу. Алты айлык кулун кезинде алып келген.

 

Нусратила Нуридинов Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном областында туулуп өскөн. Франциядагы жылкы жарманкесиндеи Памир павильонунда отурганыбызда, ал мага биринчи атын мингенде балдар кантип шылдың кылганын айтып берди: Авиньон фестивалынан көрүнүш

 

Jylkyjy bozoi 1- Кулунумду карап жүрсөм, балдар "эшек минип алыпсың" деп күлүшчү. Мен бул эшек эмес, ат деп, алар менен аябай урушчумун. Ошентип жүрүп, атым чоңойду, мен да онунчу класс болдум. Чоң болгондон кийин улуттук оюндарга, көк бөрүгө катыша баштадым. Андан кийин тилекке каршы, атым өлүп калды. Ат жок, өзүм чоңоюп мектепте иштечүмүн. Үйдүн эң кенжеси болгондуктан, үйгө келип, мага ат алып бербейсиңер деп ыйлачумун. Бирок өзүм жылкыны көбөйтүштү максат кылып жүрдүм. Ошентип жүргөнүмдө атам дагы кайрадан ат алып берди. Аны минип алып, кубанычым койнума батпай жүрдүм, бирок аны бир күнү топоздун чоң букасы ичин жарып таштады. Жолдуу болуп, мындан эки жылча мурда Бишкектен "Кыргыз аты" коомдук корунун өкүлдөрү келип, Нусратила жашаган Көөнө-Коргон айылында жылкы ферма ачабыз деп калышты.

 

Jylkyjy bozoi 5Жылкыга ыклас жигит алыстан келген конокторго барып учурашып, таанышты, ошондон көп өтпөй фермада иштеп калды: - Эми ат алайын деп отурганымда, "Кыргыз аты" мекемесинен (өкүлдөр) Жаклин Рипардын демилгеси менен кыргыз жылкысын өстүрөбүз деп барып, учурап калдым. Экөөбүз сүйлөшүп, ошол боюнча жылкы өстүрүүгө аралашып калдым.

 

Мургабда илгери 400-500дөй жылкы болcо советтик доордо дээрлик тукум курут болуп кеткен. Өткөн жылдагы Мургабдагы ат чабыш жарманкесинде 30 чакты жылкы келет деп атышкан, бирок 10дон ашыгыраак гана болду. Мургабдагы Көөнө-Коргон айлындагы ферманы жаңы ачканда жылкычылар кыргыз жылкысын Ат-Башы, Алайга барып, атайын тандап алып келишкен. Бул Нусратиланын Кыргызстанга биринчи сапары эле:

 

Jylkyjy bozoi- Жылкыны сатып алыш үчүн Мургабдан жөнөгөнбүз. Сулайман аяшатамдын (ред.: Сулайман Олжочиев – "Кыргыз аты" коомунун Мургабдагы координатору) машинасын минип алып, Ошко бардык. Оштон самолет менен Бишкекке келдик. Бишкектен такси жалдап алып, Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылына бардык. Күтүрөгөн жылкыны көрүп таң калдым, анткени Мургабда илгери Союз убактысында жылкыны жоготуп жиберишкен. Жылкыны айланчыктап жүрсөм, ат–башылыктар «Мургабда жылкы жок дейсиң, бирок өзүң жылкыны аябай кыйын билет экенсиң», деп күлүштү. Ал жерден 3 баш жылкы сатып алдык да, машинага жүктөп, Бишкекке алып барып, андан ары Ош аркылуу кеттик. Ноябрь айы болчу, жолдон Алайдан 1 жылкы алдык.

 

Ат-башылыктар алыстан жол арытып келген улутташтарын тамаша-чынга салып, "тажик" деп тергешти, бирок Нусратила ага териккен жок: - Бизди жакшы кабыл алышты. Тажикстандан келген кыргызбыз десек, алар «тажик туугандар турбайсыңарбы» дешти.

 

Нусратила Мургабда башталгыч класстын мугалими болуп иштейт. Бош убактысында 4 жылкыны карайт. Мургабдан 8 чакырым аралыктагы бул чакан жай кыргыз жылкысынын тукумун сактап калуу максатында дүйнөдөгү биринчи жана азырынча жалгыз ферма болуп саналат. Былтыркы кулундардын теги белгисиз болгондуктан сатып жиберишкен. Быйыл май айында эми кыргыз айгырынан экендиги анык болгон кулундар туулат деп күтүшүүдө:

 

Нусратила Нуридинов

 

 

- Эки жылдан бери "Кыргыз аты" менен Памирде кыргыз жылкысынын тукумун көбөйтүү боюнча иштеп жатабыз. Жылкыларыбыз азыр жакшы, кыштын суугун сезбестен, тоолуу аймакта өсүп жатышат. Былтыр жылкыны жаңы эле алып барганда кар калың түшүп калып, тилекке каршы, аябай кыйналган элек. Кээ бир малдын төлү жакшы болбой, ордунан тура албай калды. Жем-чөп аз болуп, кар көп түшпөдүбү...

 

Кыргызстандан кийин эле дароо Францияга келген Нусратилла француздарды Мургабдагы тажиктер менен тектеш памирликтерге окшош эл экен деп калды. Шыңга бой, жайдары мүнөз, ичинде кылдай карасы жоктой, күлмүңдөп сүйлөгөн 32 жаштагы саяпкердин башында желкесинен ылдый карышкырдын куйругу түшкөн тери малакай. Аркы-терки баскан фестивал катышуучулары аны суктана карап калышат. Кыргыздардын кол өнөрчүлүк буюм-тайымдары коюлган Памир павильонуна келген коноктор менен ал «Bonjour, bonn journee» деп амандашып, француз тилин анча-мынча өздөштүрүп калды.

 

Жылкычы жигиттин айтымында, 4 миң метр бийик тоодон түшүп келген мургабчылар деңиз деңгээли менен дээрлик теңме-тең Европада өздөрүн жеңип сезип калышты. Ал арада фестивал да бүтүп, мургабчылар Парижде көрүп, апта соңунда үйлөрүнө кайтышты. Нусратиланы суук 35 градуска жеткен Мургабда кичинекей окуучулары, чыт курсак эки уулу чыдамсыздык менен күтүп жаткан кез.

 

Нусратила Нуридинов Францияда


 


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены