Жолоочу

Жолоочу

- Октябр айынын орто чени болуучу, уламдан-улам саатын карап тынчы кетип жаткан Жоомартка убакыт өтпөй жаткандай сезилди. Кечки саат бешти чамалап калган убак, Жоомарт сыртка чыкмак болуп камынды. Сыртка чыгып тамекисин күйгүзүп буркуратып тартып кирди. Күн ала булут болуп турат, эртең кар жаайт окшойт деп ичинен кымырап дагы алды. Жолду ойлогон себеби тан заарда жолго чыкмак. Ал өзү туулуп өскөн тоо койнундагы ызгарлуу суук айылынан шаарды көздөй такси кылат, айдоочу. Эрмектеп алек болгону өзү мээнет кылып жакында эле сатып алган Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жаңы унаасы. Ага чейин атасынан калган эски үлгүдөгү УАЗ машинасы менен клиент ташып тиричилигин өткөрүп келген. Өзүнүн жашоосуна тың, бир тууган карындаштарын окутуп, малын карап, ата-энесинин мамалекет чегерген пенсиясына кол салбай, эч кимге жалынып жалдырабай өзү аракеттенип оокатын кылып келет. Келинчеги Сагыныч дагы күйөөсүнүн тапканын иретүү колдоно билет. Аялдын жолдошуна берген эң чоң жардамы жана чоң вазийпасы ошол эмесби.


- Түнкү ширин уйкуну Сагынычтын будилниги бузду, өчүрчү Сагыныч деп уйкусурап сүйлөдү Жоомарт. Кантсе дагы Сагыныч жары эмесби түнү туруп ыссык чай берип жылуу узатып койсом дейт жолдошун сапарга.

- Тур Жоке машиненди от алдыр, тамактанып алыңыз. Кишилериңиз күтүп калбасын, эртереек кыймылдаңыз, сыртта дагы кар жаап жатат.

- Кар дейсинби? Ыых, анда турайын – деп камынды.

- Шаарга чейин барасызбы же клиенттериңизди алмашып эле кайтасызбы?

- Жүккө карайм, ал жака баари бир өткөрбөйт, границадан эле кайтамго дейм.

- Кана менин шапкам?

- Билбейм карайынчы, кеч кызыңыз кийип чечип ойноп жатпады беле.

- Аа болду таптым, кызымдын кийиминин арасында экен.


Жоомарт турду да, сыртка чыгып кетти. Сыртка чыгары менен гаражда турган машинесин от алдырганга камынды. Кантседа шофёр эмесби, кечинде баарын дайындап жаткан азыр зажиганиясын басса эле машинеси гүрүлдөп от алгалы турат. Машинесин кызытып гараждан чыгарып, үйгө кирди.


- Тамак даярбы?

- Даряр, келиңиз - деп жолдошу дасторконго олтурары менен колуна топоздун ыссык куруттун сунду.

- Саат канча болду?

- Беш жарым болду убактыныз бар кенен чай иче бериниз.

- Аа жок эртелетип эле чыгайын, курутун аябай ыссыкко.

- Ысык ичип алың, ток кармайт.


Булар жашаган өрөөндө топоздун эти, майы, сүтү кеңири колдонулат. Топоздун куруту өзгөчө майлуу болуп адамды ток кармайт. Бул аймакта көпчүлүк эл топоз, кой, уй кармашып тиричилик кылышат.

Шаша буша ичип, төрдө уктап жаткан кызын, бешиктеги уулун жыттап алып үйдөн чыкты.

- Документтериңизди унутпадыңызбы?

- Жок унутпадым алдым, окшойт баарын эле.

- Мейли жакшы барып келиң, кудайым колдосун.

- Макул, балдар тургандан кийин чоң аталарына алып бар, бүгүн ошол жакта болгула.

- Макул.


Жоомарт машинасына олтуруп жылып жөнөдү, аа кара жоргом десе, жаныбарым десе, эми бузулбай барып келели бүгүн жол оор, - деп машинасы менен сүйлөшүп дагы алды. Өзү менен таң эртеңден кошо туруп, чайын даярдап сылык-сыпаа мамиле жасап, жылуу узаткан жубайы Сагынычты эстеп, өзү менен тең болсо дагы тарбиясынын мыктылыгын көргөзүп, күйөөсүн урмат кылып сиз деп кайрылат. Анын үстүнө бул өрөөндүн салты дагы ушундай, өзүнүн жолдошун урматтап сиз деп айтуу керек. Аны чындап сүйүп алган деле эмес, жеңелери таап үйлөнүп калган, бирок аябай жакшы жар болуп чыга келгениге ичинен ыраазы боло кудай мага сендей колуктуу насип кылганыга шүгүр деп күнк этип алды.


- Жүргүнчүлөрүн жыйнап, жүгүн жүктөп алган соң, бирин-серин үйдө гана түтүн чыкпаса, али козголо элек тынч турган айылды артка таштап, бийик тоо аралап кууш жолду кууп шаар көздөй бет алып жүрүп жөнөдү кара түстөгү тайотамашинасы.....


- Машинадагы жүргүнчүлөр баары уйкуга кетти, арткы орунда жашы улураак келген аял гана уктабай айнектен тоолорду тиктеп таң калып бара жаткансыйт. Жоомарт машинаны ылдамдаткандан коркуп орточо айдап келе жатты, ал эми сыртта туман каптап бурганактап кар жаап демитип барат.


- Үйдө калган Сагыныч балдарын кийинтип кайын журтуна кетти. Ал сырттагы кардын улам күчөп жаап жатканын көрүп жолдошунан кабатырланып алды. Кап, тынч аман кайтып келип алса болду, жолго кар жааганы аз келгенсип күн дагы суук.


- Жолдо улам арбытып, карды жиреп келе жаткан тайота машинасы Ак-Байтал аттуу чоң ашууга келип жетти.

Бир убакта ортодогу жымжырттыкты бузуп алдында олтурган толмочунан келген, сакалын ак аралаган жашы жетимишти чамалап калган аксакал сөз ачты.


- Уулум бул белди илгери союздун машиналары менен эки саатан ашык жүрүп ашчуубуз, ал убактагы суукту кара, кардын көпүгүн кара. Азыр бу жаңы машинанар писантига (теңине) албай жөнкүп чыгат экен бул япондоруң кургур жүда күчтүү машина ойлоп табыптыр.


- Ооба ата мен дагы уаз менен каттайт элем, белге чыккыча суусу кайнап эки, үч жолу суутуп анан бел ашчуумун. Азыр жакшы бул машинени алгалы бери жыргап калдык, болбосом бул Мургаб - Ош жолунда канчалаган оор күндөрдү кечирдик.


Мургаб-Ош жолу бул көк тиреген өзгөчө макамга ээ узак жолдордун бири. Жолдун узактыгы 415 километр чакырымды түзөт. Жол азабы, көр азабы демекчи кышында кыйын учурлар болбой койбойт. 17-20 саатап жол жүрүп, кар күрөп талаада от жагып жылынып, оор жүк ташуучу машиналар бир, эки күндөп жолдо калган мезилдер байма-бай кездешип турат. Ал эми жайында таза аба, кооз табиятты көрүп суктанып кетсен болот.


Бул эки каарман сөз кылып жаткан Ак-Байтал бели кылымдар бою көктү тиреп келген эң бийик ашуу. Анын бийиктиги 4655 миң метрди түзөт. Кышында тескей жагы ак карды жамынып жатса, күнгөй жагы шамалга бетин тосуп турат, машина жолдон жогору тоо беттеп чокуну көздөй аң уулап мергенчилик кылсан болот. Анткени аркар-кулжа жайыт баскан ашуу. Бирин-серин тоо текелери келип калса, кышында кулжалар келип байырлайт, анча мынчада илбирстин изин көрүп каласың, түлкү, бөрү, аю жана суур, талаа коёну мекендеген жаныбарларга бай өзгөчө ашуу деп айтсак болот.


Бийик белди бир саат жол жүрүп ашып алган соң, түздүк менен жүрүп олтуруп айтылуу чоң көлдөрдүн бири Кара-Көл айылына кирип келди бул убакта саат он экиден өтүп түштөнү болуп калган убакгы.

Артта олтурган жүргүнчүлөрдүн бири ай балам ушул айылга токтойсунбу? – деп сурады.


- Ооба эже токтойм түштөнүү кылып алыныздар, азыр постко барсак кутуп каласыздар, мен дагы ал жактан жөнөп чыккан машина менен байланышып алайын.

- Иий макул ошент деп алдыдагы аксакал коштоду. Бу айтылуу Кара-Көл айылы көптөгөн касиеттерге ээ, кышында караан суук болсо жайында салкын аба жүрөт. Бул айыл жолдун боюнда болгондуктан жергиликтүү тургундар аш кана иштетип жолоочуларды эс алдырып жай мезгилинде турист күтүп акча табат. Мектеп, бала бакча деген эле мамлекеттик ишканалар болбосо калган карапайым эл мал менен алек.

- Айылга токтоп тамактанып алган соң кайра жол жүрүп олтурду. Алдында дагы далай ашуу бар.


Кийинки бел тажик тараптын посту коюлган Кызыл-Арт ашуусу. Бул ашуу дагы бийик жана суук токтобой жүрүп турган жалаң ашуу.

Границага жетип келген кара тойота машинасын курал көтөрүп пост кайтарган кара тору тажик улутундагы жаш солдат бала тосуп алды.

- Ал машинанын айдоочу тарабына жакындап келип өзбек тилинде хужотиларди даёр клинлар хозир очиретинлар келади, – деп кайылды.

- Машина көпбү? – деп сурады Жоомарт.

- У торофта учта, бу торофта битта яне силар борсилар.

- Началниктерден ким бар, кимдин смени?

- Азимжонов билан агент Чоршенбиев бор.

- Аа болду жакшы эле адамдар бар экен.


Бир саат ашык күтүп калды, бир убакта жанагы кара тору чек арачы колун жаңсап чакырып калды. Вората ачылган соң машинасын айдап жөнөдү. Жылып келип ак эшиктүү чоң контейнердин алдына токтоду ары жактан каршылаш келген кыргыз номерлуу Mitsubishi Motors улгусундогу ак түстөгү машина дагы келип токтоп ичинен Жоомарт менен сөздөшкөн кесиптеши Улан түштү.


- Кел Жоомарт кандай келип адыңар, эли журт аманбы?

- Саламу алейкум Улан аке, келдик күн суук эле болбосо баары жакшы.

- Кандай ал жак, постон унчукпай элеби?

- Ооба келдик жок жакшы өткөрдү.

- Улан менен Жоомарт документтерин текшертип, клиенттерин алмаштырып, жүктөрүн чачып чек арачылардын кароосунан өткөрүп кайра жүктөп бүткөнгө чейин алты, жети саатын жүзү болуп кетти. Экөө жүктөрүн жүктөп болгон соң Улан

- Мейли Жоке жакшы жетип ал, эмки жума кудай буйруса ушул жерден көрүшөбүз, эли-журтка салем дегин.

- Макул аке жакшы жетип, жакшы өтүп алгыла постон. Ак жол. Иий баса ал жакта кар кандай?

- Кар аз жааган. Күн ыссык эрип кетти алигече.

- Макул байке анда, жакшы жетип алгыла.


Эки айдочу коштошуп Жоомарт келген жагын көздөй сапар тартты. Ал эми Улан, Кызыл-Арт белинен түшкөндөн кийин кыргыз боордоштордун посту бар, ал жактан дагы кайра жүктөрүн текшертип өтүүсү керек. Андан ары Талдык жана Чыйырчык аттуу эки чоң ашуу бар, каттам дагы аябай көп, бирок жолу жакшы.


Негизинен бул эки өлкө кошуна болгону менен аба-ырайы такыр башка. Бадахшанда суук болуп, жааган карды шамал айдап турса, Ош тарапта күн жылуу болуп, суулары тынбай агып турат. Ноябрь айында бул жолдун Мургаб тарабы кааран суук болуп, тонголок күрткү кар болсо, Ош тарап тескерисинче муз болуп, кар улам-улам жаап айдоочуларды жүдөтүп турат.


- Жоомарт машинасынын ылдамдыгын күчөтүп олтуруп кечки саат ондор чамасына өзүнүн айылына кирип келди, кошуна айылга эки келинди таштап районду көздөй бет алды. Бул эки өлкөнү бириктирип турган өрөөн, бак-шагы жок, бирок ырыскысы мол, ынтымагы бекем, тоо жаныбарларына бай, кендерге көмүлгөн Сары-Кол аймагы, Мургаб айылы...

Ал эми жүргүнчүлөр каттап, кам-көсүн камдап, лечениясын алып жылына эки, үч ирет барып турган Кыргыз жергесинин ордолуу Ош шаары.

- Бул эки аймакты бириктирген узун жибек жолу көктү тиреген Тянь-Шан жана Памир кырка тоолору, аны аралап жол жүрүп, кызыктуу экскурсияларга күбө болуп кылымдар бою каттап келген айдоочулар жана Сары-Кол эли.

Мургаб районунда памир тажиктери жана жергиликтүү памир кыргыздары кошо жашайт. Ынытымагы ширелген, сыйга бекем бир тууган эл. Барды бардай, жокту жоктой кабыл алып, кандай оор күндөр болсо дагы бирдей туруп, жакшылыгын бирдей көрүп ынак болуп жашап келген чыныгы момун элдер...

 

Мургаб-Ош 415 км

Мургаб-Ош төрт жүз он беш километр,

Сапарлаш тоодо шамал, жолдо жамгыр.

Кайылбыз кыл чокуда кар кечүүгө,

Кыргызбыз, кырга байлап койгон тагдыр.


Ай чапчыйт аалам чоку Ак-Байталым,

Санап жыл санжырасын жазган тагдыр.

Айланып алгыр бүркүт шаншып учкан,

Асыл жер ата-конуш бизге баалуу.


Мургаб-Ош төрт жүз он беш километр,

Сагынып келе берет кайра баргым.

Сезимде Сары-Колдун жылгалары,

Элестеп толкунданып турам азыр.


Мургаб-Ош төрт жүз он беш километр,

Ай чапчыйт Ата-Журттун Ак-Байталы….


Өскөнбай Бердибаев


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены