ЖАН ДҮЙНӨ

ЖАН ДҮЙНӨ

Күн жылып жаз келгендиктен жылуу сезимдер, ачык көңүлдөр ар бир адамдын жүзүнөн байкалып турат. Жараткандын төрт мезгилинин өзүнчө бир кереметтери, өзгөчөлүктөрү, касиети, күчү жана кооздугу бар эмеспи. Мисалы жаз мезгили ажайып керемет жылуу сезим, жай мезгили абдан кооз жагымдуу түс, ал эми кыш аппак кардай таза сезим. Мен үчүн мунун баары өзгөчө сезилет.

 

Мына ушинтип кудреттин табият кооздуктары кандай соонун. Ал эми ушул мезгилдердин керемет, ажайып кооздуктары адам үчүн кандай туюлат. Демек, адам бул жашоодо берилген ушул табиаттын кооздуктарын баалап, кадырлап, өтүп жаткан ар бир мезгилди, күндү, учурду көңүлгө түйүп жашообуз керек. Себеби, бул жараткандан берилген насип, буйруктардын баарына шүгүрчүлүк кылып, ар бир өтүп жаткан көз ирмемдерге ичибиз ачышып, аяр мамиле кылуубуз керек.

 

Ушундай өтүп жаткан өмүрүбүздө бир окуяга көңүл бөлүп жан дүйнөмдүн жабыргаганын сездим.

 

Жашоо, бүгүнкү күндө жыргал бейпил, кеңиричилик турмуш, деги койчу заманбап заман жетишерлик мына ушундай жашоо өтүп жатат.

 

Артта калган ата-бабаларыбыздын өткөн турмуш жолуна карасак өзүнчө бир тарых, улуу сабак. Себеби алардын өткөргөн өмүр жолдору жакшы жана сапаттуу деңгээлде өткөн. Акыбетчилик, ыймангерчилик, адептүүлүк, насаатчылдык, айкөлдүк, кайрымдуулук жана каада салтты туура пайдаланып, сабырдуу болуп жашап өтүшкөн. Жан дүйнөмдү жабыркаткан окуя мына ушул ата-баба салттарынын унутулуп баратканынан келип чыкты.

 

Бир күнү бир колунда бар бардар адамдын бир колунда жок адамга кылган мамилеси жан дүйнөмдү жабыркатты. Ал адамдын бир өтүнүчүн аткармак турсун жообун жүзүнө түз карап жооп берүү болгон жок. Өксүп жаны кейип, кемситкен абал анын жан дүйнөсүн жаралаган сыңары, ооруулуу адам кейпинде саамга турду да улутуна басып кетти.

 

Ошол саамда ушул окуяга туш келгениме бушайман болуп калдым. Мына жашоо, мына бирздеги адамдык сапат, бир эле бул учур эмес дайыма адамзатында бул жашоодо кайталанып болуп жатат. Жогоруда төрт мезгилдин кереметтериндей жаздын мээримдүүлүгү, күздүн берекелүүлүгү, жайдын аптабы, кыштын аппак кардай актык керемети адам баласынын мүнөзүндө да сакталып турса кана.

 

Адам өзү жаралгандай эле, баарын билем дегендей эле адамдарга мамиле кылышат. Өз электеринен өткөзүп бай-кембагал дешип бирөөгө кайрым көрсөтүшпөй ата-бабалардын жашоосундай боло алышпай калдык.

 

Эх, адамзат кудайды таанып баарыбыз бир пенде экенибизди унутпай жашасак экен. “Бул дөөлөт сенде турбас, бул мээнет менде турбас” деген накыл сөздөрдүн мааниси өтө терең. Эгер сен бирөөгө жамандык кылсаң, же теңсинбесең, бул да “Ал кысастан, миң кысак” дегендей так өзүңдүн башыңа келерин унутпа адамзат.

 

Жан дүйнөмдүн жаралганына даба болор бул – жакшы мамиле, сый урат, кайрымдуулук кылуу. Бирөөнүн көңүлүн чөктүрбөө эки күнчөлүк жашоодо жан дүйнөнү жабыркатпай жаралабай жашап өтсөк.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены