Ыраң-Көлдүн тарых барактары

Ыраң-Көлдүн тарых барактары

-1920-жылы Ыраң-Көл аймагында айылдык революциялык комитет (ревком) уюшулган. Биринчи уюшулган ревкомдун төрагасы болуп Жанкулиев Касым иштеген.

-1929-жылы алгачкы жолу сабатсыздыкты жоюу иштери башталып, боз үйдө окутула баштаган. Анда Эшбаев деген адам мугалим болгон.

-1932-жылы 27-октябрда Ыраң-Көл кыштак Совети деп түзүлгөн, анын төрагасы Черибаев Боронбай дайындалган.

-1933-жылы облустук Аткаруу комитетинин токтому менен Ыраң-Көлдө жана Шатыпутта эки кыштак Советтери түзүлгөн.

-1933-жылы райондук облустук Аткаруу комитетинин токтому менен Ыраң-Көл туз казып алуу үчүн атайын артель уюштурулган.

-1934-жылдын 1-ноябрындагы эсептөөлөр боюнча Ыраң-Көл кыштак Советинде 2971 баш кой-эчки, 1098 баш топоз, 157 баш жылкы, 61 баш эшек, 92 баш төө болуп катталган.

-1934-жылы Чечекти айылына биринчи жолу бир орус улутундагы адам “полуторка” деген машина айдап келген.

-1936-жылы биринчи мектептин имараты салынган. Мектептин жетекчиси (завшколы) Кыргызстандык Токсобаев Адыл деген болгон. Мектепте биринчи пионер, комсомол деген уюмдар түзүлүп, биринчи пионер Садыков Каламбай болгон.

-1938-жылы С.М Киров атындагы жети жылдык мектеп болуп анын директору Беркмаматов Ысмайыл деген жергиликтүү мугалим болгон.

- 1936-жылы клуб, китепкана ачылган.

- 1939-жылы Чечекти айылында биологиялык станциясы уюштурулуп тажрыйба катары арпа, беде, картошка, тоюттук кара буудай ж.б өстүрүлгөн.

- 1940-жылдын 1-январына карата Бүткүл Союздук мал-жан каттоодо Ыраң-Көл жамаат советинде жалпы 284 кожолук, жеке чарба 250, 34 жумушчу кызматчы болуп, 1752 баш ири мал(топоз), кой-эчки 5025 баш, жылкы 49 баш, 73 баш төө, 68 эшек катталган.

-1940-жылы 1-ноябрда Областык партия комитетинин чечими менен Чыгыш Памирде 13 колхоз уюшулуп, анын ичинде Ыраң-Көл аймак эки колхоз: «Ленин-Жолу» жана Чечектиде «Ворошилов» колхоздору уюушулган.

- 1947-жылы биринчи патифонду Турсунбаев Маманур белекке алса, 1951-52 жылдары Азимов Орозобай элге коюп берген.

-1951-жылы биринчи велосипедди Аширалы деген киши алып келген.

-1953-жылы биринчи автомашинаны Куту деген киши айдап келген.

- 1957-жылы кийим тигүүчү биринчи машина келген.

-1959-жылдары биринчи жолу таш көмүр алынып келинип, элге сатылган.

- 1960-жылы «Ленин-Жолу» колхозунун жаңы имараты курулган.

-1964-жылы биринчи дизель курулуп, айылда электр жарыгы берилген да, анда дизелист Сулайманов Орозек өмүрүнүн акырына чейин иштеген.

- 1967-жылы «Ленин-Жолу» колхозу ССССРдин КПСС БКнын, СССР Министирлер Советинин, ВЦСПСтин «Эмгек Кызыл Туусун» жеңип алган.

- 1970-жылы мектептин жаңы имараты курулуп, мектеп жалпыга билим берүүчү орто мектеби болуп, анда Ниязбеков Сарабек директор болгон.

-1972-жылы Киров орто мектебинен биринчи 8 улан-кыздары бүтүрүп, жетилүү аттестаттарын алышкан.

- 1977-жылы «Ленин Жолу» колхозу, «Ленин Жолу» совхозу болуп аталат.

- 1980-жылы «Экран» телестанция курулуп, борбордук телекөрсөтүүдөн калкыбыз Союзда, дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар менен кабарды уга баштаган.

 

Ыраң-Көл тарыхы-өлкө Эгемендүүдүгүнүн жылдарында:

 

- 1992-жылы легендарлуу “Ыраң-Көлдүк мырзалар” концерттик тобу уюштурулуп, аны К. Райымжанов жетектеген.

- 1993-жылы «Ленин Жолу» совхозу кайра колхоз болот.

- 1994-жылы үч орундуу төрөт үйү ачылган. 2005-жылы он бир орундуу орукана ачылып, иштей баштаган.

-1999-жылы колхоздун чарбасы приватизацияланып калкка таркатылып берилет да , «Ыраң-Көл» фермердик чарбасы түзүлгөн.

- 2005-жылы «Ак-тилек» балдар бакчасы ачылган.

- 2005-жылы райондук Өкмөттүн чечими менен Мургаб районундагы музыкалык мектептин филиалы болуп Ыраң-Көл жамаатына музыкалык мектеп ачылып, комуз жана аккордеон класстары уюшулган. Аны Орозбаев Кеңеш жетектеген. Ал 2010-жылы өз алдынча көркөм-өнөр мектеби болуп, (бий, сүрөт, кол-өнөр) класстары ачылган.

- 2006-жылы орукананын жаңы имараты курулуп, ишке берилген.

- 2011-жылы Раимжанов К. жетектеген Ыраң-Көлдүк комузчулар жана бийчилер тобу Душанбе шаарына барып «Ботсад» жана «Кохи Борбадда» «Мургаб районунун маданият күндөрүндө» концертин көрсөтүп келишкен.

- 2012-жылы мобилдик (уюлдук) телефон байланышы ишке кирип, МЛТ станциясы курулган.

- 2012-жылы Раимжанов Курбанбай комузчу эки шакирттери Турдуматова Ж. жана Курбанбаев Ж. менен белгилүү комузчу, обончу Н.Абдырахмановдун 60 жылдык юбилейине Кыргызстандын Бишкек шаарындагы филармонияда 7 дубандан келген комузчулар менен жолугушуп, маданий иш чараларга катышкан.

- 2013-жылы Тажикистандын “Ветерандар асосациясынын” колдоосу менен көркөм-өнөр мектебинин окуучулары Душанбе, Гиссар, Мирзо Турсунзода, Варзоб шаарларына барып, өнөрлөрүн тартуулашкан .

- 2014-жылы Тажикстандын атынан барышкан Мургаб районунун жаштары «Ыраң-Көл» командасы райондо биринчи жолу Кыргызстанда өткөн «Бүткүл дүйнөлүк Биринчи Көчмөндөр оюнуна» катышып, бул эл аралык оюнда Кыргызстандын эки командаларынан кийинки үчүнчү орунду ээлешип, коло медалдын ээси болушкан.

- 2014-жылы көркөм-өнөр мектебине ТБАОнун облустук эл депутаттарынын Мажилисинин төрагасы, ТБАО облусунун төрагасы Шодихон Джамшеддин 24.06.2014-ж. №203 чечими менен “Тажикстандын мектептерине эмгек сиңирген мугалими”, “Эмгек Кызыл Туу” орденинин кавалери Сарабек Ниязбековдун ысмы ыйгарылып, 2015-жылы март айында мектептин 10 жылдык юбилейлик мааракеси өткөрүлгөн.

- 2015-жылы “Ыраң-Көл» командасынын ордо оюнчулары Казакстандын Астана шаарындагы өткөн «Бес тапан» оюнуна катышып, алтын медалын (Шарипов Нурсалим) жана күмүш (Рахматуллаев Уланбек) медалын алышып, чоң жеңиш менен кайтышкан.

- 2015-жылы Кыргызстандын Талас облусунда ордо боюнча өткөн эл аралык «Алтын томпой» оюнунда «Ыраң-Көл» командасы үчүнчү орунга ээ болуп, коло медалга татыктуу болушкан.

-2015-жылы август айында Ыраң-Көлдө күтүлбөгөн катуу сел жүргөн. Бул табият кырсыктарынан жапа чеккен үй-бүлөлөргө Тажикстан Өкмөтү, Улут ажосу, өлкө Президенти Э. Рахмон тарабынан кечиктирилгис чара көрүлүп, жабыркагандарга айтып бүтпөс жардамдар бериле баштаган. Ушул жылдын 17-сентябрында 12 үй бүлөгө Улут ажосу, өлкө Президентинин тапшырмасы менен өң кыска убакытта чатырлуу, керектүү буюм-тайымдары менен камсыздалган үйлөр бүткөрүлүп белекке берилди. Бул күнү ТРнын Премьер-Министринин орун басары Азим Иброим, ТБАОнун төрагасы Шодихон Джамшеддер вертолет менен келишип чоң салтанаттуу азем менен 12 үй бүлөгө жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшырышкан.

- 2016-жылы ТРнын ТБАО Өкмөтү тарабынан “Ыраң-Көл жамаатын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-2020-жылдардагы Программасы” кабыл алынып, бекитилген.

 

Даярдаган: Ниязбеков Г.С.

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены