Ыраң-Көлдүк айымдар килем согууда

Ыраң-Көлдүк айымдар килем согууда

Мургаб районунун Өкмөтү жана аялдар комитети ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө. Эске сала кетсек, өткөн жылдын март айында районубуздун жамааттарынан бирден кол өнөрчү келин- кыздарды Душанбе шаарында өткөн көргөзмө жана конференцияга барып келишкен. Анда жер-жерлерде мал чарбасынын азык түлүктөрүн , кол өнөрчүлүктөрүн өнүктүрүү, келечекте эл аралык деңгээлде чыгарып сатуу жана пайдалануу маселелерин көтөрүлгөн.

 

Чындыгында, сары кол жергебизде да малдын жүнүнөн даярдалган көптөгөн көздөн жоосун алган белектер, үй тиричилик буюмдары, азык-түлүктөрүбүз болгон жана азыр да бар экендигине күбөбүз.

 

 

Ырас, биздин касиеттүү Сары-Кол жергебизде көптөгөн чебер-уздар, ишкерлер толтура. Бирок, бул иштерди колго алып, белсенип киришкен ишкерлер гана, азаматтар эми гана заман агымына жараша, турмуш-жашоого карап “ойгоно” башташты бейм.

 

Алардын ичинде Бердибаев жана Кара көл жамааттарынан эки ишкер уздарыбызды Ходжент шаарына килем согууну үйрөнүүгө кетишкен. Бул арада “Сары кол” гезитине өз энелеринен, эжелеринен эле калган салттуу билимдерин, өнөрлөрүн пайдаланышып, Ыраң көлдүк кыз-келиндер эки килем согуп коюшкандыгынан куш кабар келди.


Бул демилгеге шыктандырган Өкүмөттүн багыттоосу менен райондук калкты жумуш менен камсыздоо борборунун колдоосунда уюштурулган курс болдудеп айтылды куш кабарда. Аталган курста кыз-келиндер билим алуу менен практикада килемдерди согуп даярдашууда. Аны Назирова Айсалкын жетектеп, Жумабаева Урмат, Шаикова Касиет ж.б. эжелер өз салымдарын, акылдарын кошууда.


Биз ушул курсту уюштургандарга ыраазычылык билдиребиз! Буюрса, курс аяктагандан кийин, ушул демилгелер дагы андан ары колдоого алынып, Өкүмөтүбүздүн, аялдар уюмунун көңүл борборунда болсо жакшы болор эле дешет алар. Биз дагы аларды уятка калтырбай, сапаттуу улуттук килемдерди согуп, кыздын себине, жакшы максаттуу тойлорго (буйрутма) заказ алып, жумушчу орундарды түзүп, иштей берер элек. Азыр дагы кардарлардын буйрутмаларын алууга даярбыз деп билдиришти.


Демек, бул уздарга буйрутмаңызды берип, байбиче, келин-кыздарыңызды бир сүйүнтүп , үйүңүздү сары колдун улуттук килеми менен кооздоп коюуга шартыңыз бар, урматтуу окурман!

 

Абдалимов Т.

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены