Ыраң көл жамаатындагы кош майрамдардан шыр баян

Ыраң көл жамаатындагы кош майрамдардан шыр баян

29-30-июль күндөрү “Жаштар жылына” карата райондук деңгээлдеги “Ардагерлердин VI слёту”, фермарлердин I слёту жана жаштардын волейбол боюнча спорттук мелдеши болгон үч майрамдык иш чаралар Ыраң көл жамаатында болуп өттү. Албетте, ушул элге ишенип тапшырылган иштерди өз убактысында аткаруу менен, эми мааракеге чакырылган меймандарды жакшы тосуп алып, сый-урмат менен кайра узатып, уятка калбасак деген ыраң көлдүктөрдүн жумурай журту 29- июль күнү таң эртеңден мейман тосуунун камында болду. 2015-жылы август айында Ыраң көлдө табият кырсыктарынан кийинки курулган жаңы көчөдө кыргыз (боз) үйлөр тигилип , ыр-күүлөр жаңырып, улуттук кийимдерди кийишкен мотурайган бөбөктөрдөн тарта, кылактаган кыз-келиндердин, шайдоот шымаланган жигиттердин маанайы өтө эле өзгөчө болуп турду.Мейман тосуу “көчөсүндө” ак калпактары каркайып, ак сакал- дары жайкалып отуздан ашуун айыл аксакалдары оң жагында, ак элечектүү энелер чайпалып сол жагында,ал эми ортодо көргөн көздү кубанткан кыздарыбыз меймандарга арналган нан-тузун сунуп алыстан ат арытып келаткан асыл элибиздин өкүлдөрүн күтүп жатышты.

 

Жергиликтүү саат сегизди күттүрбөй маарекеге чакырылган эл чыгаандарынын автоунаа кербени да келип калды. Районубуздун суу-суусунан жана боордош Кыргызстандын жети дубанынан келишкен бул мейман-конокторду райондук Өкүмөтүбүздүн төрагасы, Тажикстандын Оли Мажлисинин мүчөсү Жоошбаев Мурзабай Абилакимович жана райондун прокурору Бахтибек Сафарзодалар баштап, конокторду Ыраң көл жамаатынын төрагасы К. Раимжанов, эмгек ардагери Э.Абдыкадыровдор жолдон тосуп, коштоп келишти. Адегенде меймандар өздөрүнө арналган нан-туздан даам татып, андан соң күтүп турушкан калдайган калың эл менен учурашып жатышты. Бул кучак жайышып, көкүрөк тийгизип учурашуунун учуру дегеле башкача болгондой. Бу жашоонун амандыгында жүз көрүшүп, дидар насип кылып, кучак жайып көрүшкөнгө не жетсин! Өзгөчө аксакал муун карыяларыбыздын, ал эмес жаштар арасында деле канчалаган жылдар жолугуша албай жүрүшкөндөрдүн жүзүнөн толкундоолор айкын сезилип турду. Анан эмне, бул толкундуу сезимдер, бул кучак жайган жолугушуулар, кол кармашып амандашуулар булардын баары тынчтык-амандыктын, бакубат жашоо-турмуштун, бүгүнкү барчылыктын жана дегеле тирүүлүктүн белгиси эмеспи... Экинчи жагы-баягы дүңгүрөгүн Союз таркагандан кийин “эми жашоо кандай болот бу жергебизде” деп элибиз түйшөлүп калганынан бери канча убакыт өтүп, канча суулар агып, тур- муштун оош-кыйыштуу мезгилдери артта калып, Жаратканга шүгүр, эми мына минтип элибиз кош майрам-маарекелердин шылтоосу менен дидар насип кылып, көрүшүп олтурбайбы...

 

yran-k-l-zhamaatyndagy-kosh-mairamdardan-shyr-baian 4

 

Жүрөк толкуткан бул учурашуулардан кийин меймандар атайын даярдалган орундуктардан орун алышып, маарекелердин салтанатту аземи башталды. Салтанатты Ыраң көл жамааты- нын төрагасы ачып, сөз кезегин райондук Өкүмөтүбүздүн төрагасы, ТРнын Оли Мажлисисинин Улуттар жыйынынын мүчөсү Жоошбаев Мурзабай Абилакимовичке берди. Өз сөзүндө райондун төрагасы Ыраң көл жамаатындагы “Жаштар жылына” карата райондук деңгээлдеги “Ардагерлердин VI слётунун”, фермарлердин I слёту жана жаштардын спорттук мелдеши боюнча иш чаралардын катышуучуларын райондук өкүмөттүн, өзүнүн, Облустук Өкмөттүн төрагасы Шодихон Жамшеддин атынан маарекелери менен куттуктап, аларга ден соолук, баку- бат жашоо каалады.“Ооба, Союз таркап, өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан кийин, Улуттук Биримдиктин бул жылдарында көптөгөн өзгөрүүлөр, жаңылыктар болду жана болууда. Албетте, бул жерде Улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут Ажосу, өлкө Президенти Эмомали Рахмондун көрөгөч саясатын, Тажикстан Өкмөтүнүн, областык жана райондук өкмөттөрүнүн колдоолорун айтпай коюуга болбойт. Эгемендүүлүктүн жылдарында Союзда ишке ашпаган иштерибиз алга жылды”,-деп белгиледи төрага. Андан ары өлкөбүздөгү, област жана районубуздагы болуп жаткан социалдык-экономикалык иш чараларга кеңири токтолду. Улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, урматтуу Эмомали Рахмондун өлкө үчүн,районубуз үчүн камкордугун; “Мургаб районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-2020-жылдардагы Программасынын”, 2016-жылы ТР-нын ТБАО Өкүмөтү тарабынан “Ыраң көл жамаатын социалдык- экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-2020-жылдардагы Программасынын” кабыл алынышы жана эми ушул Программалардынын ишке ашуусу менен районубуздун, анын ичинде Ыраң көл жамаатынын жашоочуларынын жашоо деңгээли дагы алга жылып, өнүгүүнүн жаңы этабы башталарын баса белгиледи. 

 

Ошону менен бирге ардагерлердин районубуздун өнүгүүсүнө чоң салымдарына, эл үчүн кылган кызматтарына алкышын айтуу менен, азыркы өтүп жаткан фермерлердин, малчы-чарбачылардын кайрадан жанданган иш чарасынын малчы-фермерлердин I слетунун маани-маңызы, бул иш чаранын районубуздун экономикасынын алга жылышындагы ролун жогору баалады. Ал эми бул маарекелер менен кошо өтүп жаткан жаштардын спорттук мелдешине келишкен жаштар үчүн бул иш чаралардын тарбиялык мааниси жана атуулдук таасирлери жана жаштарыбыздын акыркы мезгилдеги жигердүү турмушунун көңүл кубанарлык жагдайларына токтолуп өттү.

 

Райондун төрагасы аталган маарекелерге атайын чакыруу менен Кыргызстандан, анын ичинде коңшу Алай районунун Сары Могол айыл өкүмөтүнөн келишкен меймандарга өзгөчө ыраазылык билдирүү менен, коңшулаш турган эки өлкөнүн ата-бабалардан калган асыл шериктештиги,социалдык-экономикалык, маданий байланыштары мындан ары да улана берерине ишеничин билдирди. Сөзүнүн акырында ушул иш чаралардын ишке ашыруудагы Ыраң көл жамаатынын уюштуруучуларына, ыраң көлдүктөргө, Аксакалдар кеңешине, жаштар уюмуна жана АКТЕД эл аралык уюумунун жетекчилигине, меймандарга дагы бир жолу ыраазычылык билдирүү менен эли-жерибизге тынчтык, токчулук жана ынтымак-биримдик каалады.

 

yran-k-l-zhamaatyndagy-kosh-mairamdardan-shyr-baian 2

 

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө райондук Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Б.Газыбеков сөз сүйлөп; Районубуздун тарыхында ардагерлердин орду жана алардын унутулгус эмгектери, Кеңештин уюштурулуу тарыхы, анын жүргүзүп жаткан ищтери боюнча кеңири маалымат берди. Акыркы жылдары ардагерлер Кеңешинин иштери райондук Өкүмөттүн, анын төрагасы М. А. Жоошбаевдин колдоосу менен алга жылгандыгын белгиледи. Өзгөчө, жетишпеген үй бүлөлөргө, ооруп калгандарга, дарыланууга муктаж болгондорго дайыма жардам берип келаткандыктарын белгилеп өттү. Бул жагдайда ардагерлер Кеңешинин алдында уюшулган Насыялар Бирикмесинин (Кредиттик Союзунун) ролу абдан чоң экендигине жана бул фонддун кирешеси азыркы күндө канааттандырарлык деңгээлде экендигин, бул Кредиттик Союздун атайын мамлекеттик каттоодон өтүп мыйзам чегинде иштеп жатканын баса белгиледи. Ар бир ардагер аталган фонддун мүчөсү болуу менен, ал фонддун кызматын пайдаланууга толук укуктуулугуна токтолду. Бул иш чаралар келечекте дагы улана берет деген ишеничин айтуу менен маарекелердин катышуучуларына ден соолук, бактылуу турмуш каалады.

 

Андан кийин сөз кезегин Мургаб райондук прокуратурасынын прокурору Б. Сафарзода алып, Ыраң көл жамаатындагы өтүлүп жаткан бул маарекелердин катышуучуларын кызуу куттуктоо менен, баарына ден соолук, бакубат жашоо жана аманчылык каалоо-тилектерин билдирди. 

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө райондун төрагасы М. А. Жоошбаев райондук Өкүмөттүн атынан райондук Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Б. Газыбековго, Ыраң көл жамаатынын төрагасы К. Раимжановго жана эмгек ардагери, айыл аксакалы Раимжанов Токтосун ажыга эстелик белектерин тапшырды.

 

yran-k-l-zhamaatyndagy-kosh-mairamdardan-shyr-baian 3

 

Ошону менен катар куттуктоого Алай районунун Сары Могол айыл өкүмөтүнөн Абжамил аке, А. Сапарбаев, эмгек ардагери Ыдрыс ажи Шажанов, АКТЕД уюмунун менеджери С. Таджидинов, АКТЕД эл аралык уюмунун Тажикстандагы регионалдык бөлүмүнүн өкүлү Рустамов Тулан, Кыргызстан делегациясынын атынан «Кыргыз жайыты» Улуттук жайыт пай- далануучулар Ассоциациясынын жетекчилигинен Байтемир Найзабеков, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун» аткаруучу директору Күлипа Акматова жана ар бир жамаат башчылары менен фермерлер ассосацияларынын жетекчилери чыгышып, кызуу куттуктап арнап алып келишкен белектерин тапшырып жатышты. Алардын арасында Кыргызстандын өкүлдөрү кыргыз элинин тарыхый баалуу китептерин Ыраң көл жамаатына тапшырышты. Ал эми эмгек ардагери Ыдырыс ажынын куттуктоо сөзүнөн кийин Мургаб жамаатында иштеп, жашап жатышкан ыраң көлдүктөр өз каржылоолору менен кыска мөөнөттө чыгарылган “Ыраң көл” аттуу китептерди (түзүүчү авт. Г.С.Ниязбеков) ушул маа- рекелерге, меймандарга белек катары жамаатын төрагасы К. Раимжановго тартуулашты. Аземдин соңунда райондук Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Б. Газыбеков райондун активдүү ардагерлерин райондук Ардагерлер Кеңешинин атайын баалуу жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады. Салтанаттын жүрүшүндө Ыраң көл жамаатынын төрагасы К. Раимжанов бул маарекелердин кезегин Гожо Бердибаев атындагы жамааттын төрагасы Улукбек Аилчиевке өткөрдү. Бул эстафетаны У. Аилчиев, А. Мантаев жана аксакал-ардагерлер У. Назиров, Сапанов Ахмат ажылар кабыл алышты.

 

yran-k-l-zhamaatyndagy-kosh-mairamdardan-shyr-baian 1

 

Салтанаттуу аземдин ачылышынан кийин жалпы меймандар атайын тигилген боз үйлөрдөн тамактанышып, кайрадан майрамдык оюн-тамашалардын, улуттук оюндардын күбөлөрү болушту. Улуттук оюндар Ниязбеков атындагы көркөм өнөр мектебинин тарбиялануучуларынын концерти менен башталды. Маарекелерге келишкен меймандар бул мектептин 20 жаш манасчылар тобунун, 40 жаш комузчуларынын жана ар түркүн трюктарды көрсөтүшкөн бийчилер тобунун өнөрлөрүн көрүштү. Андан кийин башталган улуттук оюндардын өзгөчөлүгү оюндарга жалаң ардагерлер катышып күч сынашты. Бул таймашууларда алайлык беш ардагерлер айырмаланышып, биринчи эле “Аркан тартыш” оюнунда жеңишке жетишип, ар бири бирден килем сыйлыктарын алышты. Андан ары оюндар уланып, меймандар өз ара катуу таймашуулар менен күч сынашып жатышты.


Улуттук оюндардан кийин меймандар иш чаранын жадбалында белгиленгендей илгерки Жибек жолунда соода бекети болгон Коргондогу Турдубек байдын тарыхый конушуна барышып, Турдубек байдын боз үй музейинде тарыхый буюм-тайымдарды көрүшүп, Турдубек байдын урпактары менен баарлашып, төө кербенинин таң-тамашасына батты. Ошол эле учурда меймандардын бир тобу Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Б. Газыбековдун баштоосу менен (иш чарада расмий көрсөтүлгөн эмес) Ыраң көлдүн тузу (“көк туз”) чыккан Туз жайлоосуна тамашага барышты.


Кечинде Ыраң көл жамаатынын легендарлуу “Беш мырза” тобу баштаган, С. Ниязбеков атындагы көркөм өнөр мектеби жана жаштары коштогон чоң программадагы концерт көрсөтүлүп, меймандардын жарпы жазылды. Өзгөчө, “Беш мырза” тобунун мырзаларынын; Мамасали Сатаровдун, Шакир Муратовдун, Муса Маманиязовдун, жаш өнөрпөздөр; Г.Шакир кызынын, Рай Эсенкелдиевдин, манасчы, комузчу-бийчилер топторунун, дегеле бардык өнөрпоздордун өнөрлөрү көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, майрамдык маанайды көтөрдү.

 


Аталган кош маареке-майрамдардын экинчи күнү 30-июлда негизги иш чара Ыраң көл айылындагы жаштардын спорт залынын ачылышы менен башталды. Бул спорт жайынын демилгечиси Жоошбаев Адак Акжолович болуп, анын бул демилгесин жаштардан тарта райондук Өкмөтүбүздүн төрагасы Жоошбаев Мурзабай Абилакимовичке чейин колдоого алынган. Мына эми бул күнү расмий ачылыш болуп, ачылуу аземин райондук Өкмөтүбүздүн төрагасы, ТРнын Оли Мажлисисинин Улуттар жыйынынын мүчөсү Жоошбаев Мурзабай Абилакимович жана Кыргызстан делегациясынан «Кыргыз жайыты» Улуттук жайыт пайдалануучулар Ассоциациясынын өкүлү Байтемир Найзабековдор ачышып, жалпы иш чаралардын коноктору катышты. Куттуктоо сөзүндө райондун төрагасы быйылкы “Жаштар жылында” ыраң көлдүк жаштардын бул демилгеси мактоого татырлык жана келечек муундарыбыздын сергек жашоо турмушу үчүн өтө баалуу жана өтө чоң максаттуу тарыхый учур экендигин баса белгилеп, спорт залдын машыктыруучусу Адак балбанга спорттук кимоно жана формаларды белекке тартуулады. Салтанаттын жүрүшүндө Кыргызстан делегациясынын атынан Байтемир Найзабеков, райондук жаштар бөлүмүнүн жетекчиси Жанболот Камчыбеков жана мекеме-уюмдардын, жамааттардын жетекчилери, ардагерлер куттукташып, ачылып жаткан спорттук жай жаштар үчүн, элдин келечеги үчүн ден соолуктун, адеп-ахлактуу жаштыктын ордосу болсун деп каалоо-тилектерин билдиришип, ак баталарын беришти.


Бул аземден кийин иш чаранын жүрүш багыты иш чаранын жадыбылына жараша үч тараптуу болду: Аксакалдар тобу ыраң көлдүктөргө меймандостугу үчүн алкыштарын айтуу менен, Ыраң көл өрөөнүнүн тарыхый жерлери, үңкүрлөрү болгон, эчендеген чет элдик саякатчылардын таң калтырган Мата таш, Салык таш, Чырак таштар аркылуу Сары жылгадагы Эшан Атанын кабырына зыярат кылуу үчүн жана андан ары Чечекти айылына жөнөштү.


Ал эми фермерлер тобу жайыттар боюнча инвестициялык долбоорду жыйынтыктоо боюнча фермердик чарбалардын Ассоциацияларынын форумун өткөрүүгө бет алышса, жаштарыбыз волейбол боюнча спорттук мелдештерин баштап калышты. Жер-жерлерден келишкен аксакал ардагерлерибиз ушул эле күнү Чечекти айылына келишип, айыл тургундарынын кучак жайып тоскон меймандостугун, тарыхый жайы болгон биосатанциясынын ажайып тамашасын көрүшүп, кечинде айыл өнөрпоздорунун майрамдык концертине күбө болушту. Ыраң көл жамаатынын өкүлү Кубанычбек Жумабаев, айыл аксакалдары башында турган Чечекти чакан айылынын тургундары, айыл чыгаандары “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” дегендей өтө биримдикте, өтө сарамжалдуулук менен азиз меймандарды күзөтүшүп, кийинки күнү меймандарга ак жол каалашты. Өз кезегинде меймандар да Ыраң көл өрөөнүндөгү, Чечекти айлындагы калдайган калың калктын меймандостугуна ыраазычылыктарын билдирүү менен, аларга жана жалпы эле мургаб элине аманчылык, молчулук жана токчулук каалоо менен ак баталарын беришип, жер-жерлерине аттанып кетишти.


Ошол күнкү фермерлердин форуму «Мургаб районундагы жайыттарды туруктуу башкаруудагы» долбоорунун алкагында өтүп, анда жайыттарды коргоо жана туура пайдалануу, мал чарбасын андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жыйындын соңунда ушундай малчы-фермерлердин иш чаралары келечекте жыл сайын райондо кезектешип өтүлүп турса деген ой-сунуштары форумдун ишин жыйынтыкташты.


Жаштардын ошол күнкү волейбол боюнча спорттук мелдешинде жер-жерден келишкен спортсмендер таймашуулары кечке дейре уланды. Жыйынтыгында бул мелдештин биринчи оруну Алай районунан келген Сары Могол жаштарынын командасына ыйгарылып, мелдештин жеңүүчүсү деп табылды. Бул команданын оюнчулары өздөрүнүн жогорку техникалык ыкмалары, ыкчам шамдагай оюн куруп, спорт күйөрмандарынын купулуна толду. Жаштардын эң үмүттүү жана көңүл көтөргөн жагдайы болуп-бул, жер-жерден келишкен кыргыз жана тажик жаштарынын достук мамилелеринин, ынтымак-биримдиктеринин андан ары өнүгүүсү болду.


Жалпысынан, бул маареке-иш чаралардын жалпы катышуучулары Ыраң көл жамаатынын жашоочуларына, алардын меймандарды тосуу аракеттерине, меймандостугуна терең ыраазы болуу менен кайтышты. Ылайым, берекелүү жерибизде ушундай жакшылыктуу иш чаралар өтүлүп, элибиз аман болсун!


Г.С. Ниязбеков - “Сары кол” гезитинин редактору.

29-30-июль 2017-ж.

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены