Ыраң-Көл жамааты өнүгүүнүн жолунда

Ыраң-Көл жамааты өнүгүүнүн жолунда

Раймжанов Курбанбай Токтосунович

 

Райимжанов Курбанбай Токтосунович 1966-жылы 1-апрелде Ыраң-Көл айылында туулган. 1973-жылы Киров атындагы №4 орто мектебине биринчи класска кирип, аны 1983-жылы бүткөн. Ошол жылы Коргон-Төбө шаарындагы В.В Куйбышев атындагы совхоз-техникумдун ветеринардык факультетине тапшырган. 1985-1987-жылдары советтик армиянын катарында кызмат кылып, 1988-жылы аталган окуусун улантып бүтүп келет. Ошол эле жылы “Ленин-жолу” совхозуна ветфельдшер, андан соң ветеринардык баш врач болуп иштейт. Союз таркаган жылдары “Ыраң-Көл”чакан ишканасын ачып, боз үйдүн сөөгүн жасоо боюнча 2 ишкананы иштетет. 1995-1997-жылдары совхоздо ферма башчысы, 1997-2000-жылдары “Чечекти” колхозунун башчысы болуп эмгектенген.

 

2009-2015-жылдары С.Ниязбеков атындагы көркөм өнөр мектебинде алган комуз классынын мугалими, андан окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2015-жылдан бери Ыраң-Көл жамаатынын төрөагасы болуп иштеп келе жатат.

 

yra-k-l-zhamaaty-n-g-n-n-zholunda 2 yra-k-l-zhamaaty-n-g-n-n-zholunda 3

 

-Курбанбай Токтосунович, алгачкы сөздү Сиз жетектеген жамааттан баштасак; Ыраң-Көл жамааты жөнүндө азыноолак айтып өтсөңүз.

 

-Ыракмат, албетте, баарына белгилүү болгондой, Ыраң-Көл жамааты Тажикстан республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна караштуу Мургаб районунун чыгыш түндүгүнөн орун алган. Аянты 5,9 миң чарчы километр, деңиз деңгээлинен 3784-4600 метр бийиктиктеги аянттарыбыз бар. Ыраң-Көл жамаатында калк отурукташкан Ыраң-Көл жана Чечекти айылдары жайгашкан.Тарыхка кылчайсак, Кеңеш өкмөтүнүн мезгилинин келиши менен 1920-жылы Ыраң-Көл аймагында айылдык революциялык комитет (ревком) түзүлүп, жылга-жылгада жашашкан көчмөн калк айыл-кыштактарга отурукташа баштаган. Биринчи уюшулган ревкомдун төрагасы болуп Жанкулиев Касым иштеп, кийин 1932-жылы 27-октябрда Ыраң-Көл кыштак Совети деп уюштурулуп, анын төрагасы Черибаев Боронбай дайындалган экен. Негизги өндүрүштүк тармагы мал чарбачылыгы болуп эсептелет. Ыраң-Көл аймагында Ыраң-Көл жана Шор көлдөрү жайгашкан. Борборунда дарыя, суу булактары жок болгондуктан, кудуктун суусу пайдаланылат. Кудуктун суусун ичебиз. Ошондуктан, бизди «кудуктун суусун ичкендер» дешет, (күлүп) албетте, бул сөздүн экинчи жагы да бар...

 

Ал эми азыркы Ыраң-Көл жамаатыбызда: Эки фермерлик чарбалардын ассоцияциясы, эки мектеби: А. Шаиков атындагы №4 жана №13 Жанкулиев К. атындагы жалпыга билим берүү мекемеси, эки мектеп интернаты, эки китепкана, эки айылдык клуб, С. Ниязбеков атындагы бир көркөм өнөр мектеби, бир бала бакча, бир айылдык ооруканасы жана эки медициналык үйү бар. Жалпы жамаат боюнча 417 кожолук катталып, жалпы калкынын саны 1640 адам жашайт. Ырас, Ыраң-Көлдүн жана Ыраң-Көлдүктөрдүн далайга кеткен даңктуу тарыхы бар.

 

Жаратканга шүгүр, азыр Эгемендүүлүк жылдарындагы калкыбыздын жашоо-турмушу алга жылып, өлкө эгемендүүлүгүнүн шарапаты менен жамаатыбызда көптөгөн жаңылыктар болууда.

 

yra-k-l-zhamaaty-n-g-n-n-zholunda 4

 

- Кечиресиз, мен да дал ошол Эгемендүүлүк жылдарындагы жана Улуттук Биримдиктин мезгилиндеги жамаатын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсү, быйылкы “Жаштар жылындагы” иш чаралар тууралуу суроо салмакчы элем...

 

-Ооба, Союз таркап, өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан кийин, Улуттук Биримдиктин бул жылдарында, ырасын айтсак өтө эле көптөгөн өзгөрүүлөр, жаңылыктар болду жана болууда. Албетте, бул жерде Улут Ажосу, өлкө Президенти Эмомали Рахмондун көрөгөч саясатын, Тажикстан өкмөтүнүн, областык жана райондук өкмөттөрүнүн колдоолорун айтпай коюуга болбойт. Эгемендүүлүктүн жылдарында Союзда ишке ашпаган иштерибиз алга жылды. Мына карап, өзүңүздөр байкап көрүңүздөрчү: 1994-жылы үч орундуу төрөт үйү, 2005-жылы он бир орундуу оорукана ачылды. 2005-жылы «Ак-тилек» балдар бакчасы ачылса, 2005-жылы Ыраң-Көл жамаатына музыкалык мектеп ачылып, ал 2010-жылы көркөм-өнөр мектеби болду. 2006-жылы орукананын жаңы имараты курулуп, ишке берилди. 2012-жылы мобилдик (уюлдук) телефон байланышы ишке кирип, МЛТ станциясы курулду. 2014-жылы Тажикстандын атынан барышкан Мургаб районунун жаштары «Ыраң-Көл» командасы райондо биринчи жолу Кыргызстанда өткөн «Бүткүл дүйнөлүк биринчи Көчмөндөр оюнуна» катышып, бул эл аралык оюнда үчүнчү орунду ээлешип, коло медалдын ээси болушту. Ушул жылдары элдин чыгаан уулдары: А.Шаиковдун, Абсатаров, С. Пирмамбетовдун жана С. Ниязбековдун ысымдары мекемелерге, көчөлөргө ыйгарылды. 2015-жылы август айында Ыраң-Көлдө күтүлбөгөн катуу сел жүрүп, бул табият кырсыктарынан жапа чеккен үй бүлөлөргө Тажикстан Өкмөтү, Улут ажосу, өлкө Президенти тарабынан кечиктирилгис чара көрүп, жабыркагандарга айтып бүтпөс жардамдар берилди. Бир айда үйлөр курулуп бүтүп, 12 үй- бүлөгө Улут ажосу, өлкө Президентинин тапшырмасы менен эң кыска убакытта чатырлуу, керектүү буюм-тайымдары менен камсыздалган үйлөр бүткөрүлүп белекке берилди. 2016-жылы ТРнын ТБАО Өкмөтү тарабынан “Ыраң-Көл жамаатын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-2020-жылдардагы Программасы” кабыл алынып, бекитилген. Буюрса, эми ушул Программанын ишке ашуусу менен жамаат жашоочуларынын турмушу дагы алга жылат деп ишенебиз.

 

-Ыракмат, ылайым максатка жетиңиздер. Эми быйылкы “Жаштар жылына” карата өтүлүүчү иш чара, маарекелер боюнча токтоло кетсеңиз.

 

-Ырас, “Жаштар жылына” карата райондук деңгээлдеги “Ардагерлер слёту”, малчылардын слёту жана жаштардын спорт мелдеши болгон үч ири иш чараларга даярдык иштери жүрүүдө. Бул иштер, албетте, райондук өкмөтүбүз, анын төрагасы Жоошбаев Мурзабай Абилакимович менен, ошондой эле райондук Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Б. Газыбеков, райондук жаштар комитетинин жетекчиси Ж.Камчыбековдор, АСТЕD уюмунун жетекчиси С.Тажидиновдор менен келишилип, иш чаралар түзүлгөн. Ошонун негизинде жалпы жамаатын жашоочулары, жамааттагы мекеме-уюмдардын кызматчылары иштеп жатышат. Негизги максатыбыз ушул бизге ишенип тапшырылган иштерди убагында, так аткаруу. Мааракелерге чакырылган меймандарды жакшы тосуп алып, сыйурмат менен кайра узатып, иш чараларды жакшы өткөрүп, уятка калбасак деп тилекниет кылып олтурабыз. Андыктан, короо-жай, үйлөрүбүздү иретке келтирип, мурунку жылдардагы селден жабыркаган мечитибизди кайрадан оңдоп, көчөлөрүбүздү тазалап дегендей, кыскасы меймандарды тосуу, маарекелерди өткөрүүгө даярдык көрүүдөбүз. Айыл тургундары баары иш менен алектенип, бош жүргөн эч ким деле көрүнө бербей калды.

 

-Жакшы, ылайым эле уятка калбай ишиңиздерди илгерилетип алышыңыздарга тилектешпиз. Айтыңызчы, Азыр сөз болгон маарекелер бир максаттуу иш чарага багытталгандыгы талашсыз: аксакал муундар менен жаштардын маарекеси, ал эми районубуздун негизги өндүрүштүк тармагы-бул, мал чарбачылыгы. Демек, жаштар маселесине...

 

-Ооба, туура айтасыз. Жаштар көйгөйү, алардын билим алуу, жумушчу орун менен камсыздалуусу жана гендердик, кадр маселелери, дегеле жалпы жаштар маселеси азыркы күндө өтө актуалдуу маселе экендигин Улут Ажосу, урматтуу Президентибиз көрөгөчтүк менен дал убагында коюп, 2017-жылды “Жаштар жылы” деп жарыялады. Ошондуктан бул күндөрү көптөгөн иш чаралар түзүлүп, жүзөгө ашырылууда. Биздеги өтүлүүчү үч маарекенин максаты да жаштарга таасир берип, таалим берүү. Жаштарыбыз улуу муундарыбыз-эмгек ар- дагерлерин көрсүн, алардын эл-жерибиз үчүн кылган эмгектерин уксун, баарлашсын. Алар районубуздун негизги тармагы болгон мал чарбасынын маселелери, аны өстүрүү менен таанышсын. Анан, албетте, жер-жерден келишкен жаштар, ойношсун. Бизде Ыраң-Көл жамаатында акыркы жылдары жаштар маселеси бир топ алга жылууда. Анткени, жаштарыбыздын дээрлик көпчүлүгү билим алып, кесип ээлери болууга аракеттенүүдө. Мамлекеттик тилди өздөштүрүп, Душанбе, Коргон-Төбө, Худжанд, Хорог шаарларында жана Россия, Кыргызстанда ЖОЖдордо окуп, аскердик кызматтарын өтөп келишүүдө. Ал эмес, Эл аралык спорттук мелдештерге катышып, кароо-конкурстарда көптөгөн байгелерди багындырууда. Буюрса, келечекте дагы көптөгөн маселелер чечилет деп ойлойм. Азыркы учурда бир гана максатыбыз Сиз уккан маарекелерди жакшы өткөрүп алуу.

 

-Маегиңизге чоң ыракмат, ишиңиздерге ийгиликтер каалайбыз! Бар болуңуздар!

 

Маекти алып барган Ниязбеков Г.С.

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены