Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга 70 тонна гуманитардык жардам жеткирилди (видео/сүрөт)

Афганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирилди. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 70 тоннага жеткен азык-түлүк жана буюмдарды алууга өкмөт 5 млн сом бөлгөн.

 

Экспедиция азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуучу мештерди, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка буюмдарды алып барган. Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери памирликтерди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү. Ошондой эле экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашкан.

 

uluu-zhana-kichi-pamirdegi-etnikalyk-kyrgyzdarga-70-tonna 1 uluu-zhana-kichi-pamirdegi-etnikalyk-kyrgyzdarga-70-tonna 2
uluu-zhana-kichi-pamirdegi-etnikalyk-kyrgyzdarga-70-tonna 3 uluu-zhana-kichi-pamirdegi-etnikalyk-kyrgyzdarga-70-tonna 4
uluu-zhana-kichi-pamirdegi-etnikalyk-kyrgyzdarga-70-tonna 5 uluu-zhana-kichi-pamirdegi-etnikalyk-kyrgyzdarga-70-tonna 6

 

Памирлик кыргыздар кыргыз бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Экспедициянын мүчөлөрүн Ооганстандын аймагынан Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана Афганистан Ислам Республикасынын премьер-министринин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алган.

 

Улуу жана Кичи Памирден Кыргызстанга келген этникалык кыргыздар учурда балдарын окутуп жатышат. Алардын жашоосун Turmush басылмасынын кабарчылары кеңири чагылдырып турат.

 

"ЭлТР" МТРК 2019

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены