Улуу Памирде кыргыз ариби үйрөтүлүп жатат

Улуу Памирде кыргыз ариби үйрөтүлүп жатат

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында эки миңден ашык кыргыз жашайт. Күнүмдүк жашоодо кыргызча сүйлөгөн вандыктардын арасында кыргыз арибин өздөштүргөндөр өтө аз. Кыргызстандан атайын барган ыктыярчы студенттер айылдагы кыргыздарга кыргыз арибин жана комуз черткенди үйрөтө башташты.

 

Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенттери Медина Камчыбек кызы жана Аймончок Жүзүмкулова Түркиянын Ван шаарына караштуу Улуу Памир айылына биринчи жолу келишкен. Алар өз ыктыяры менен алыстагы мекендештерине кыргыз тилинен жана комуздан сабак бергени жатышат.

 

- Айылдагылар бизди келет деп аябай күтүп турушуптур. Келгенибизге үч күн болсо да баары кызыгып, катышкандар көбөйүүдө. Кыргыз тилинде жазганды, окуганды, комуз черткенди үйрөнүп жатышат. Келгенде эле бул айылдын тургундарынын Кыргызстанга болгон мекенчилдик сезимдерин дароо байкадык десем болот, - деди ыктыярчы Медина Камчыбек кызы.

 

Кыргызстандан барган студент кыздар 40 күн бою айыл тургундарына сабак беришет. Медина жана Аймончок айылдын орто мектебинде жумасына беш күн, бир канча сааттан сабак өтүп, пайдалуу курс берүүнү максат кылууда. Жаш ыктыярчылар бул саамалыкты улантып, жыл сайын уюштурууну көздөп турушат. Аймончок Жүзүмкулова буларды айтты:

 

- Биз айылдыктар менен алдыга чоң максаттарды коюп жатабыз. Айыл тургундарына үстүртөн эле үйрөтүп кетпестен, алардын билимин жогорулатууга салымыбызды кошкубуз келет. Кылганыбыз аз болсо да айылдагы кыргыз туугандардын билим алышына түрткү болсокпу деп максат кылып койдук.

 

uluu-pamirde-kyrgyz-aribi 2Айылда эки миңден ашык кыргыз жашайт. Жай айында шаардан келген бала-бакыра менен айылдагылардын саны үч миңге чукулдап калат. Ван аймагындагы Эржиес шаарында жашап эмгектенген улуу памирлик Касым Каракаш Кыргызстандан келген ыктыярчылардын сабагына барып кыргызча кирил тамгасы менен жазганды үйрөнгүсү келгенин айтты.

 

- Биздин, иштегендердин комуз үйрөнгөнгө убактыбыз деле болбойт экен. Ал эми кыргыз тамгаларын өзүм Интернеттен үйрөнгөндөй болдум. Биз Түркияда жазуубуздун баары латин арибинде болгондуктан кыргыз кирил тамгаларын үйрөнүү өзүбүзгө гана байланыштуу. Эми буюрса убакыт таап барып, Кыргызстандан келген мугалимдерден сабак алып жакшылап үйрөнүп алсамбы деп жазылып койдум.

 

Улуу Памир айылындагы жалгыз орто мектеп толугу менен Түркиянын Билим берүү министрлиги бекиткен окуу программасы менен билим берет. 1990-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы келишим аркылуу Кыргызстандан атайын мугалимдер келип жергиликтүүлөргө сабак бере баштаган. Бирок бул программа көпкө созулбай токтоп калып, кыргызстандык мугалимдер Улуу Памирге келбей калышкан.

 

Эми комузу менен китебин көтөрүп келген жаш ыктыярчылар айылдыктарды сүйүндүрүп жатышат. Ыктыярчыларга ар тараптуу колдоо көрсөткөн “Эгемендик" коомдук бирикмеси көптөн бери Түркиядагы кыргыз туугандардын абалын көрүп билип жүргөн. Бирикменин баш катчысы Мирбек Окенов Түркиядагы кыргыздар менен болгон байланыштар тууралуу айтып берди:

 

- Биз 2013-жылдан бери бул айылдагылар менен тыгыз байланышта болуп келебиз. Анан "бирикме катары Түркиядагы туугандарга дагы кандайча колдоо көрсөтө алабыз" деп эки ыктыярчы менен сүйлөшүп, макулдашканбыз. Алар аркылуу Улуу Памирде жашаган бир туугандарыбызга тилибизди, маданиятыбызды унутта калтырбайлы деп сунуш кылганбыз. Айылдыктар да дароо кызыгуу менен кабыл алышты. Эми быйыл пилоттук негизде бул долбоорду баштадык. Келечекте дагы көптөгөн пландар, максаттар бар.

 

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылын 1986-жылы атайын Ооганстандан келген кыргыздар үчүн түрк өкмөтү салып берген. Айылда жалпысынан 2000ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучусу.

 

Улуу Памир айылы Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван аймагында жайгашкан. Негизинен калкы айыл чарбасы менен алектенет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены