УКМК: Тажикстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстанга кире алышат

УКМК: Тажикстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстанга кире алышат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кимдер өлкөгө кире аларын тактады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.


УКМК министрлер кабинетинин буйругу менен кыргыз-тажик чек арасындагы «Кулунду-автожол», «Кайрагач-автожол», «Кызыл-Бел-автожол», «Бордөбө-автожол» жана «Карамык-автожол» бекеттеринде товар жана адамдардын өтүүсүнө чектөө коюлганын эске салат.


Тажикстандан Кыргызстанга төмөнкү учурда гана кирүүгө уруксат берилет:

— Мекенине кайтып келе жаткан кыргыз же тажик жарандары.

— Кыргызстан жана Тажикстандагы расмий дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Алардын кирип-чыгышы Тышкы иштер министрлигине алдын ала кабарланышы керек.

— Чет мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын делегациясы. Алардын кирип-чыгышы Тышкы иштер министрлигине алдын ала кабарланышы керек.

— Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык келген этникалык кыргыздардын иммиграциясы.

— «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбооруна тартылган тажик жарандары. Аларга Кыргызстандын Энергетика министрлигине өтүнүч бериши керек.

— Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуган же иштеген тажик жарандары. Алар кирүү үчүн алдын ала Кыргызстандын Билим жана илим министрлигине өтүнүч жөнөтүшү керек.

— Тажик жарандыгы бар кыргыз жарандарынын жашы жете элек балдары.


УКМК уруксат берилген жогорудагы чек ара бекеттери аркылуу гана кире ала турганын эскертти.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстанга келе албай жатканы айтылган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены