Турганбай: Ковид деген балээ Памирге да жетиптир

Турганбай: Ковид деген балээ Памирге да жетиптир

Кыргыз бийлиги Ооганстандын Памириндеги кыргыздарды көчүрүп келе турганы белгилүү болду. Жалпысынан 1500гө жакыны келет деп жатат. Буга чейин көчүрүлүп келгендер Нарынга, Алайга жана саналуусу Чүйгө жайгашкан. Би-Би-Си мурда көчүп келип, Кыргызстандын жарандыгын алган Турганбай Памири менен кенен маек курду.


Би-Би-Си: Бул кабарды ошол жакта жашап жаткан кыргыздар укту болду бекен? Укса даярдык көрүп жатабы?


Турганбай Памири: Ооба, туура айтасыз. Бул 1500 кыргызды көчүрүп келет деген жаңылыкты биз да кечээ жакында эле соцтармактардан көрүп калдык. Негизи мындан бир жыл мурун президентибиз Садыр Жапаров памирлик кыргыздарга жолугуп, паспортторун берип, анан этникалык кыргыздарды көчүрүп келүүгө мурунтан бери ниети бар экенин айткан. Этникалык кыргыздардын ичинен кыйналып жашаган памирлик кыргыздарды көчүрүп келем деп бизди аябай сүйүндүргөн. Мына кечээ жакында ушундай кабар чыгып калды. Бирок мен Памир менен байланыша алган жокмун. Аларга айтыштыбы, алар камданып жатабы билбей турам. Мисалы аларды көчүрүп келем дегенде деле дароо көчүрүп келе албайт го, себеби алар мал-жан кармаган кыргыздар. Малдарын соодалап, тыйын кылып алуу үчүн эле үч-төрт ай убакыт бериш керек. Ал жерде бул жактагыдай дароо эле накталай сата тургандай шаар эмес. Бир- эки соодагер барат, анын баарын алыш үчүн дагы убакыт кетет.


Би-Би-Си: Ал жак менен байланышуу оңой эмес, кантип байланышасыз?


Турганбай Памири: Ооба, ал жакта бир эле жерде антена тартат. Тажикстанга жакын жер. Ага барыш үчүн алыс жашагандар бир күн жол жүрүп барат. Ал эми эң жакын дегенде дагы бир 3-4 саат жол жүрүп, ошол байланыша турган жерге жетет. Дүкөн болбогон соң бирдик сала алышпайт ар дайым. Ошол мен айткан тоого келип туруп телефон чалат Сүйлөшүп ийбейт, коңгуроо кагып, белги эле берип коёт. 2-3 саат ошол жакта талаада күтүп олтурат. Суук. "Маяк" бергенин биз туюп калып, бул жактан чалсак сүйлөуп калдык. Болбосо жок. Ошончо жол жүрүп келип кээде кабарлаша албай да кетишет. Жакында эле менин атам Памирге кеткен болчу. Мындан 20 күн мурун байланыштым атам менен. Ал жакта былтыр бул жакта ооругандай эле оору болуп (ковид) атыптыр. Көп кишилер каза болуп кетиптир. Анан азыр деле ооруп, кыйын абалда жаткандар бар экен. Оорукана деген жок, доктур жок карай турган.


Би-Би-Си: Тез сакайып кетишсин! Мал сатуу деп калбадыкпы, кантип, кимдерге сатасыздар?


Турганбай Памири: Малдарды биз оогандарга сатабыз. Афганистандан, тужалылар деп коёбуз. Ошолор келет. Доллар же афганистандын акчасы менен келет.


Би-Би-Си: Салыштырмалуу баалары кандай?


Турганбай Памири: Баалары бизде бир кой 8 миң афгани. Афгани менен сомду салыштырсам бирдей эле экен. Мындайча айтканда сегиз миң сом болот. А эң чоң койлор 10-15 миң болот. Койлор көлөмү жагынан бирдей болушу мүмкүн. Бирок, ал жакта таза табиятта жашагандыктанбы Памирдеги эттин даамын, шорпонун даамын таба элекмин... Бул жакта эт жаман дей албайм. Даамын таттым, бирок Памирдики башкача болчу. Памир 4000 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жактын каймактары, колго жапкан ысык нандары башкача. Топозду инек деп коёбуз. Алар 35 миң, ал эми чоң топоздор 50-60 миң сом. Күзүндө чөп чаап атайын кышкыга камданабыз. Бирок, чөптү атка, арыктап калган кой, топоздорго. А болбосо бизде бардык эле жандыкка чөп бербейт. Биздин мал жандыктар кой, эчки, топоз, төө, жылкы булар жайыт менен эле чыгып кетишет кышында дагы.


Би-Би-Си: Ошондо канча баш мал бар баары бириккенде?


Турганбай Памири: Аны билбейт экем. Эң кедей дегенде 20-40 койлор бар. Байларда 1000-2000 кой бар.


Би-Би-Си: Эми 1500 кыргыз келет деп жатабыз. Жаңылбасам эсеп боюнча ал жакта 2000 чамалуу кыргыз бар деп айтылып жүрөт. Калгандары эмне болот?


Турганбай Памири: Ооба, 2000ге жакын. 1500 келет деп жүрөт. Бул жакта 2000 киши келет деген жок. Ал жакта деле башкача түшүнүк да. Өмүрүндө шаарга чыгып көргөн эмес. Кетпейбиз дегендери бар. Кээ бирөө кетем десе, кээ бирөө кетпейм дейт дегендей. Ошого 500дөй кетпейм дегендерди кыйнабайлы деген максатта кылдыбы деп ойлоп жатам...


Би-Би-Си: Кечээ жакында унаа менен сүзүшүп алган экенсиз. Кырсык ошону менен чыгып кетсин. Ошол окуядан кийин сизди жардам сурап чыгарды деп сындагандар болду. Өзү иштеп акча тапсын деп пикирин, сынын айткандар болду.


Турганбай Памири: Ооба, коментарийлерди карап отурсак ар кандай адамдар жазат. Ага карап эле отура берген туура эмес экен. Адамбыз да, ар кайсыл нерсени айтабыз. Ооба, бул жакка келип көндү дегенде окуганды, жазганды, эл менен сүйлөшкөндү, интернет, телефон колдонгонду үйрөндүм. Ошону менен калбай, паспорт, айдоочулук күбөлүк алып машина айдаганды үйрөндүм. Кырсыктап да кеттим. Бул кырсык, кокустук. Билбестик эмес. Өзүм деле аракет кылып жатам, колдоо ирээтинде кыргыз элимден жардам сурагам. Ар биринен бер деп талап кылбадык, көңүлдөн чыкканын дедим. Бул өтүп кете турган, убактылуу нерсе. Автоунаа сүзүшкөн эже менен соттошкон жокпуз. Тил кат ирээтинде жазып бердим. 403 миң сомду төлөп берем, сотко баруунун кереги жок. Сотко барсаң окууңдан четтетилип каласың, чет мамлекетке чыга албайсың деген сөздөрдү угуп калдым. Мен Кыргызстанда жашап закондорун жаңыдан үйрөнүп келе жатам. Толук кандуу биле элекмин. Сотко барбай эле коёлу деп сурандым.


Би-Би-Си: Ошол эле учурда ал жакты изилдөө үчүн барып келген кыргыз окумуштуусу Сулайман Кайыпов памирллик кыргыздарды көчүрүп келүү бул чоң ката болот, көчүрүп келбеш керек. Себеби, кыргыздар ээлик кылып жаткан жерди ээнсиретип калтырууга болбойт деп келет. Буга кандай дейсиз?


Турганбай Памири: Сулайман Кайыпов агайды тааныйбыз. Биз Кыргызстанга келе электен бери эле салттарын жазып жүргөн агай. Жазуу жагынан мыкты, агайды сыйлайбыз. Анан эми ар бир адамдын оюу болсо керек, көчүрүп келүү дегенде. Памир дагы жакшы жер, көнүп калышкан. Памирлик кыргыздар көчүп кеткенден кийин ал жер жөнундө так айта албайм. Кытайлар жол салып жатат деп калышат. Негизи көчүрүп келиш керек деген ойдомун менчи. Себеби, ал жакта эч кандай шарт болбосо. Кыргызстан, Ата-Мекенибиз, өз жерибиз, өз элибиз. Бул жакка келсе, балдары билим алса, өздөрүнүн ордун таап жашаса. Өзүнүн мамлекетинде эркин жашаса деген ойдомун да.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены