ТР Президенти Урматтуу Эмомали Рахмондун Мургаб районунун жашоочулары менен жолугушуусундагы сүйлөгөн сөзү

ТР Президенти Урматтуу Эмомали Рахмондун Мургаб районунун жашоочулары менен жолугушуусундагы сүйлөгөн сөзү

Улут Ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Улуу Урматтуу Эмомали Рахмондун Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунун Мургаб районунун жашоочулары менен жолугушуусундагы сүйлөгөн сөзү

 

Урматтуу мекендештер!

 

Эң алды менен Мургаб районунун даңктуу жашоочуларына чын ыкластан жана жылуу кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана биздин сүйүктүү Тажикстаныбыздын өз алдынча эгемендүү мамлекеттүүлүгүнүн 27 жылдык майрамы менен сиздердин баарыңыздарды куттуктаймын. Сиздердин райондун ар бир үйүңүздөрө, ар бир үй бүлөөңүздөргө бактылуулукту, ийгиликтерди, береке жана Сиздердин өрөөндө жана жалпы биздин касиеттүү жерибизди жаңы жетишкендиктерде жетишүүнү каалаймын.

Тажикстандын алтын дарбазасы болгон кооз, кереметтүү тоолуу Бадахшан облусундагы биздин расмий сапарыбыздын үчүнчү күнү уланууда.

Өзгөчө белгилегим келет, бийик тоолуу Мургаб районунда чыныгы эмгекти сүйгөн, мээнеткеч, өзүнүн жашап турган жерин жакшыртуу үчүн бар күчүн аябаган, жашоо шартын, ишмердүүлүгүн көтөрүүнү, өз ара түшүнүүнү, биримдиктин достук атмосферасын чыңдоону каалаган кыйынчылыктан коркпогон, эрки күчтүү адамдар жашайт.

Өлкөбүзүдүн Өкмөтү аймактарды, алыскы бийик тоолуу райондорду, анын ичинде Мургаб районун ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды пайдаланууда, калктын жашоо шартын жакшыртуу үчүн зарыл чараларды көрүп келүүдө.

Эгемендүүлүктүн 27 жылдык аралыгында түрдүү булактардан жалпы 284 миллион сомониге социалдык-экономикалык маанидеги, ошондой эле инфраструктуралык 140 объектилер түзүлдү, кайрадан калыбына келтирилди жана ишке берилди, андан өздөштүрүлгөн каражаттын 70 пайызы акыркы 3 жылга туура келет.

Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунун Мургаб районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча 2005-2009-жылдардагы биринчи кезектеги чаралары жөнүндөгү токтомуна ылайык калкты алгачкы керектелүүчү товарлар менен камсыздоого, социалдык мекемелерди, окуу жайларын көмүр жана кошумча көмөктөр менен камсыздоого 14 миллион сомони жумшалды.

“Тажикстан Республикасында 2008-2015-жылдарда топоз өстүрүү тармагын өнүктүрүү программасына” ылайык Мургаб районунда 1600 баштан ашуун топоз сатылып алынды, бул мак- сатта мамлекеттик бюджеттен жана ишкерелерден эсебинен 2.5 миллион сомони жумшалды.

“2016-2026-жылдарга сейрек металлдардын запасын иликтеп изилдөө боюнча мамлекеттик программасында” Ясногордогу кен өндүрүүчү иликтепизилдөө иштери белгиленип, бул мак- сатта мамлекеттик бюджеттен 8 миллион сомони каралган.

Ошондой эле “Тажикстан Республикасында 2012-2020-жылдарда геология тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын” алкагында Баш-Гүмбөз жана Жамбий флюорит кенинде да чалгындоо жана издөө иштери пландаштырылган.

Акыркы эле 5 жылда райондук бюджетти колдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 115 миллион сомони жумшалган. Ал эми энергетикалык, коммуникациялык жана өндүрүштүк объектилерин куруу максатындагы инвестициялык долбоорлорду иш жүзүнө ашырууда 200 миллионго жакын сомони өздөштүрүлдү.

Мургаб районунун 2016-2020-жылдарга программаны жүзөгө ашыруу алкагында 214 миллион сомони каралган 121 долбоорду камтып өздөштүрүлгөн каражаттын жарымын мамлекеттик бюджеттин, мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун жана чет өлкөлүк инвестициялардын каражаттарын түзөт.

Акыркы эки жарымжылда долбоорлорду иш жүзүнө ашырууда 11 жаңы обектилер ишке берилди, калган 18 миллион сомони каралган 17 долбоор план чегинде өз ишин улантууда.

Кийинки 5 жылдын аралыгында райондогу жолдорду тейлөө жана оңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 10 миллиондон ашуун сомони каралган. Ал эми мамлекеттик инвестициялык долбоордун эсебиинен өтө зарыл техникалык каражаттар жана техникалар сатылып алынды.

Ар түрдүү тармактык долбоорлорго ылайык өлкө Өкмөтү Мургаб районунун калкынын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу үчүн социалдык жана коммуникациялдык инфра- структуларын, айыл чарба, өнөр жайларын андан ары өнүктүрүү максатында бюджеттик акча-каражат менен камсыздоону ар дайым жогорулап келе жатат. Биз көрүп тургандай райондун борборунун жүзү өзгөчө акыркы жылдарда көзгө көрүнөрлүк жакшырып, өзгөрүп баратканы байкалат.

Бүгүн биз бир катар курулуш иштерине 194 миллион сомони сарпталган энергетикалык жана өндүрүштүк, административдик бир катар объектилерди ишке киргиздик. Анын ичинде Мургаб районун жергиликтүү бийлигинин аткаруу органынын имараты менен катар музей жана элдик кол өнөрчүлүктүн буюм теримдери сатылуучу дүкөнү жайгашкан үч кабаттуу айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн курулуш иштерине 14 миллион сомони сарпталды.

Бүгүнкү күнү Аличор өрөөнүндөгү Ак жылга жеринде Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусундагы эң ири өндүрүштүк ишкана - күмүш иштетүүчү ишкана ишке кирди. Бул ишкананын курулуш иштерине 90 миллион сомониден ашуун чет элдик инвестиция тартылды. Бул иштин биринчи этабында жогорку эмгек маянасы менен 195 жергиликтүү адистер жана жумушчулар туруктуу жумуш орундары менен камсыздалат. Бул ишканын бир жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 50 миң тонна металл жана күмүш күкүмүн 12.5 тонна көлөмдөгү өндүрүүнү түзөт.

Негизги ишкананын продукциясы экспорт үчүн багытталган, ошондуктан мында, келечекте күмүштү жана башка сейрек металлдарды жана кымбат баалуу таштарды кайрадан толук иштеп чыгарууну жолго коюуу зарыл.

Райондогу болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалдарды натыйжалуу пайдалануу үчүн коммуникациялык жана энергетикалык инфраструктураларды жакшыртуу керек.

Мындан сегиз жыл илгери, башкача айтканда 2010-жылы “Ак-Суу” ГЭСин кайрадан калыбына келтирүү жана реконструкциялоо ишин баштоо учурунда мен бул станциянын ишке бе- рилиши менен райондогу жана деги эле облустагы учураган кыйынчылыктарды жокко чыгарылат деп белгилеген элем.

Бүгүнкү күн сиздер үчүн райондун жашоочулары үчүн эсте каларлык күн, мындан тарта сиздере электр энергия көйгөйлөрү болбойт. Учурдан пайдаланып жалпы Мургаб районунун жана облустун жашоочуларын “Ак-Суу” ГЭС инин ишке кирүүсү менен куттуктаймын.

“Ак-Суу” ГЭСин реконструкциялоо жумуштары 90 миллион сомониге Тажикстан Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федерациялык Республикасынын эл аралык келишиминин негизинде ишке ашырылды. ГЭСти жаңылоо, кайра калыбына келтирүүдөн кийин,анын кубаттуулугу 800дөн 1500 киловатт-саатка чейин жогорулады жана ГЭСтин кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн суу жүрүүчү каналга заманбап материалдар, анын ичинде геомембрана жана геотекстиль пайдаланылды.

Өлкө Өкмөтүнүн атынан Германия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине, ошондой эле долбоор түзүүчүлөргө, компанияларга, инженерлерге жана куруучуларга, алардын оор шарттардагы эмгектерине жана ГЭСти жогорку деңгээлдеги сапатта курушуп, райондун жашоочулары үчүн бүткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

ГЭСтин курулуш иштериндеги үч жылдын аралыгында 1000 дей адистер, инженерлер жана жумушчулар жумушчу орундар жана жогорку эмгек акылар менен камсыздалды, бул аймак- тагы калктын турмуш шартын көтөрүүгө себеп болду. ГЭСти калыбына келтирүү менен 110 километр аралыктагы электр чубалгылары жаңыланды, жыйынтыгында 7.5 миң райондун жашоочуларын электрэнергиясы менен камчыздоо иштери жакшырды.

Андан мурун, Азия Өнүктүрүү Банкынын биргелешкен аракети менен Мургаб районунун алыскы айылдарынын тургундары үчүн 90 комплект, анын ичинде 1 миллион сомонинен ашуун акча каражатына электр энергиясын берүүчү жабдыктары, муздаткычтар, телевизорлор жана жарык берүүчү приборлор сатылып алынып, орнотулду.

Жогоруда көрсөтүлгөн электр жабдыктарынын орнотулушу менен райондун 85 кожолуктун, ошондой эле мектептердин, мед үйлөрүнүн Булуң-Көл айылынын, “Харгуш” чек ара бөлүгүнүн көйгөйлөрү чечилди.


Урматтуу катышуучулар!


Мургаб району Тажикстанды кошуна өлкөлөр Кыргызстан жана Кытай эл Республикасы менен эл аралык маанидеги Кызыларт-Сарыташ жана Көлмө-Карасуу өтмө пункттары аркылуу байланыштырат. Тажикстанды өнүккөн державалар жана деңиз порттору менен байланыштырган Эл аралык магирстралдын негизги бөлүгү ушул район аркылуу өтөт. Жыл сайын, орточо 8 миң- ден 10 миң жүк ташуучу унаалар түрдүү товарлар жана азык түлүктөр менен эл аралык Көлмө-Карасуу өтмө пункту аркылуу өтүп турат.

Дал ушул маселенин маанилүү ролун эске алуу менен өлкөнүн Өкмөтү мамлекеттик инвестициялык программаны, Эл аралык мааниге ээ болгон жолдорду реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча мамлекеттик бюджеттик каражаттарды, жеңилдетилген насыяларды жана талаптагыдай тартипте жолдорду тейлөө боюнча шериктеш өлкөлөр менен ишке ашыруу сунушталат.

Өлкөбүздүн Өкмөтү “Мургаб-Көлмө” долбоорун ишке ашыруу менен (жол участкасынын узундугу 33 километрди түзөт, ал эми долбоор 140 миллион сомони түзөт, ошондой эле “Душанбе-Куляб-Хорог-Мургаб” автоунаа жолун калыбына келтирүү, Хорог-Мургаб-Көлмө жолун өнүктүрүү үчүн каржылоону шериктеш өлкөлөргө сунуштады.

Ушундан улам, өлкөнүн Транспорт Министрлиги жана облустун жергиликтүү бийлигинин аткаруу органы областын ички жолдорун калыбына келтирүү жана ремонту боюнча, аларды жылдын бардык мезгилдеринде талаптагындай тартипте кармоо, уюмдарды техникалар менен камсыздоо жана керектүү жабдуулар менен камсыздандырып, тиешелүү чараларды көрүүсү зарыл.

Мургаб районунун аймагындагы авто унаа жолдорун реконструкциялоого жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлордун иш жүзүнө ашырылышы менен өндүрүш жана айыл чарбасы- нын саякатчыларды тейлөө тармактарынын мүмкүнчүлүктөрү өзгөчө кеңейүүдө.

Республикабыздын Өкмөтүнүн атайын токтому менен туристтик объектилер, жабдуулары жана курулуш материалдарын алып келүүдөгү салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн, ал эми туристтик фирмалары алгачкы ишмердүүлүгүнүн беш жылында өздүк киреше салыктарынан бошотулду. Ушуну эске алып, областтык мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органы жана туризмди өнүктүрүү комитети жолдорду ремонттоо, калыбына келтирүү менен катар, туризмди өнүктүрүү үчүн татыктуу шарттарды, айрыкча альпинизм, аңчылык жана дарылануу түзүү боюнча кошумча чараларды көрүүлөрү зарыл.

Мургаб районунун мал чарбачылыгын, өзгөчө топоз өстүрүү тармагында өтө чоң ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилеп кетүүгө тийишбиз. Ал эми райондун жашоочу- лары бул багытта өтө мол тажрыйбаларга ээ, алар топоздун башын өстүрүү жагдайында жана калкты сапаттуу, табиттүү эт менен камсыздоодо кажыбас аракеттерин жумшоосу керек.

Мургаб районунун патриот жана эрктүү жашоочулары мындан ары дагы биздин мекенибиздин өркүндөп өсүшүнө жана ар бир үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга, биримдикти жана достукту чыңдоого, өсүп келе жаткан муундарды татыктуу тарбиялоого, ошондой эле Ата-Мекенине жана элге кызмат кылууда биз менен чогуу бардык күчтөрүн жумшайт деп ишене- мин. Азыркы муундардын иштеринин улантуучусу болгон биздин жаштарыбыз жана өсүп келе жаткан муундар өзүн таанууга, аң сезимдүүлүккө умтулуусу керек, өзүнүн эгемендүү өлкөсүнүн жетишкендиктерин жана асылдыктарын урматтоого, өз өлкөсүн таанып билүүгө, мамлекеттик кызыкчылыкты коргоого жана тажик элин коргоого даяр турууга тийиш.

Мургаб районунун кебелбес калкын өлкө эгемендүүлүгүнүн 27 жылдык майрамы, жаңы имараттардын жана курулуштардын ачылышы менен дагы бир жолу куттуктаймын, ар бириңиздерге ден-соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалаймын. Ар дайым сыймыктуу болгула, кымбаттуу мекендештер!


(Улут Ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Улуу Урматтуу Эмомали Рахмондун Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунун Мургаб районунун жетекчилери жана активтери менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүнөн)


tr-prezidenti-urmattuu-emomali-rakhmondun-murgab 1 tr-prezidenti-urmattuu-emomali-rakhmondun-murgab 2 tr-prezidenti-urmattuu-emomali-rakhmondun-murgab 3
tr-prezidenti-urmattuu-emomali-rakhmondun-murgab 4 tr-prezidenti-urmattuu-emomali-rakhmondun-murgab 5 tr-prezidenti-urmattuu-emomali-rakhmondun-murgab 6


"САРЫКОЛ" пресс

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены