Топоздун артынан топоз, топурактын артынан топурак болгон Кичи Памир кыргыздары

Топоздун артынан топоз, топурактын артынан топурак болгон Кичи Памир кыргыздары

"Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт" деген сөз бар кыргызда. Анын сыңарындай, памирлик кыргыздардын өз элине келсек дегенде эки көзү төрт эмес, сегиз. Үйүрүнөн адашкан малдай болуп тоонун башында калып калышып, 16-кылымдын жашоо шартында жашап жаткан боордошторубузду жакында тогуз адамдан турган топ өз көздөрү менен көрүп келишти. "Кыргыз бутагы" коомдук фондунун директору Гүлзат Болотова: "Боордошторубуз акыркы 10-15 жылдын ичинде жок болуп кетүү коркунучунда туруптур"

 

- Гүлзат, Кичи Памирде жашаган боордошторубузга биринчилерден болуп барып, алардын турмушунан кабардар болуп келиптирсиздер. Мындай түйшүктүү сапарга чыгышыңыздарга эмне түрткү болду?

- Мен өзүм медицина кызматкеримин. Бирок башынан эле этникалык кыргыздардын жашоо-турмушуна кызыгам. Бир жолу америкалык бир досубуздан Кичи Памирде жашаган кыргыздар тууралуу угуп калдык. Ал мурун турист катары барып, аларды өз көзү менен көрүп келген экен. Анан биздин да кызыгуубуз артып, ошол эле жерден боордошторубуз менен жакындан таанышып келүү демилгесин көтөрдүк. Жети ай камданып, август айында тогуз адамдан турган топ Кичи Памирди көздөй жөнөп кеттик. Ал эми курамдагы адамдардын бири филолог, бири медик, дагы бири бизнесмен, айтор, өз каалоосу менен топтолгон адамдар. Бишкектен үч машина менен чыгып, Ошко, Оштон Алайдын Тажикистан менен чектешкен Сарыташ айылына бардык. Андан Тажикистандын Мургабына, анан Хорог деген шаарына жеттик. Бул жерден виза жасап алып, Афганистандын аймагына кирдик. Ишкешим деген жеринен уруксат кагазын алып, Сархат деген жерге жөнөдүк. Ушул Сархатта "Агахан" фонду ачып берген мейманкана бар экен, ошол мейманканага түнөп, эртең менен ойгонсок эле сыртта ызы-чуу болуп жатат, чыксак вахандыктар келип машинадан жүктөрүбүздү түшүрүп, өздөрү билип эле аттарына, эшектерине жүктөп жатышыптыр. Көрсө, ал жакка туристтер көп барышат экен, өзгөчө Европадан. Анан вахандыктар ат, эшектерин арендага берип, ооган кыргыздарына жол баштап барышат экен. Ошентип, 10 ат, 2 эшек алып, он вахандыктын жетегинде кыргыздарга карай бет алдык. Улам атка минип, кайра түшүп жөө басып отурдук. Улам бийиктикке чыккан сайын дем жетпей кыйналып, жол азабын жакшы эле тарттык. Жол деген эле аты болбосо, сол жагы тоо, оң жагы жар да, астында Амур дарыясы. Тоонун боорундагы жалгыз аяк жолго бир ат араң батат. Кичине эле жаза тайсаң ат-матың менен жардан көмөлөнгөнү турасың. Вахан коридору аркылуу кыргыздарга бара турган жалгыз көпүрө бар экен, ал да араң эле турат. Ошентип, 4,5 миң метр бийиктикке чыкканда арабыздагы бир жигитибиз басалбай, сүйлөй албай калды. Бир аз убакыт өтпөй эле вахандыктардын биринин кан басымы көтөрүлүп, титиреп жыгылып калды. Аны эптеп эсине келтирсек, дагы бири... Кыскасы, улам атыбыз же өзүбүз жыгылып отуруп эптеп бир жай таап ошол жерге түнөп калдык. Баарыбыз соо эмеспиз, түнү менен бир чатырда эркектер, бир чатырда аялдар онтоп чыктык да, эртең менен аман калганыбыз үчүн Кудайга шүгүрчүлүк келтирип, кайра жолубузду уладык. Ошентип, төртүнчү күнү беш боз үй тигилген журтка кирип бардык. Көрсө, 3 күндүк эле жол экен, вахандыктар көбүрөөк акча алыш үчүн бизди алыс жол менен алпарышыптыр. Анткени, аттардын ар бирине бир күнгө 16 доллардан, эшектер үчүн 8 доллардан төлөмөкпүз да.

 

- Кыргыз боордоштор сиздерди кандай тосуп алышты?

- Ушуларды көрүш үчүн ушунча азап тартып келгенге боз үйлөрдү көргөндө эле баарыбыз көзүбүзгө жаш алдык. Кыргыз кайсы жерде болбосун меймандос болот эмеспи, жакшы тосуп алышты. Атүгүл "кыргыздарыбызды көргөн күнүбүз болот экен" деп ыйлагандары болду. Биз түшкөн үй ошол журтту башкарган Осмон ажы деген раистин үйү экен. Биз барганда Осмон ажы башка журттан келин алып, кудаларын тосуп жатыптыр. Канча калың берип жатканын сурасак, 100 кой, 9 топоз, дагы майда-чүйдө бир нерселерди берип жатканын айтты.

 

- Башка журттарга да бардыңыздарбы?

- Төрт эле журтка бардык. Бир журт менен экинчи журттун арасы бир топ экен. Ханга баарыбыз жолуга албадык. Тогуз ат таба албай, арабыздан бир өкүл барып жолугуп келди. Барса Абдрашыд хан ооруп төшөктө жатыптыр. Арабыздан барган өкүлгө элин Кыргызстанга алып кетүү тилегин билдирип, "бизди унутпагыла" деп көзүнө жаш айланыптыр. Көрсө, хандын бул акыркы керээзи окшойт, ошондо төшөктө жаткан хандын көп өтпөй көз жумганын эшиттик.

 

- Таза кыргызча сүйлөшөт бекен?

- Тилдери да, салттары да биздин ичкилик кыргыздардыкына окшош. Баланы отургузуу, өлүк көмүү салттары жалпы кыргыздардыкындай эле. Кыргыз тилинен тышкары бул туугандарыбыз вахандыктардын тилин да, фарсий тилин да жакшы өздөштүрүшүптүр. Биз барганда бир ооган киши барып 2-3 баланы акы алып фарсий тилин окутуп жүргөн экен. Бирок биздин кыргыздар ошого да жөнөткөндөн коркушат. Түшүнүктөрү тээ 18-кылымдагы боюнча калыптыр. Эгерде балдарыбызды окутсак кетип калышат, анан аларды түрмөгө камап коюшат деп кооптонушат экен. Азыр заман башка экенин, балдардын окуш керек экендигин ханга айттырсак, "андан көрө бизди Кыргызстанга эле алып кеткиле" дептир Абдрашыд хан. Кичинекей кыздарынын беттери туурулуп, такыр болбой калыптыр. Жууп, кремден шыбап койсок, эки күндөн кийин татынакай кыздар болуп чыга келишти. Ишенесизби, бир кичинекей кыздын чачын толук жарым күн тарадык. Өмүрү тарак көрбөй биротоло кийиз болуп калыптыр.

 

- Кайтканыңыздарда да вахандыктар барыштыбы?

- Жок, анда айылдардан ат чогултуп, үч кыргыз бала узатып келишти. Анда жакын жол менен үч күнгө жетпей эле кирип келдик Сархатка.

 

- Ошондо баш-аягы канча күн сарпталды барып-келишиңиздерге?

- Толук бир ай кетти. Кыргыздарда 7 күн болдук, калган убактыбыздын баары жолго кетти.

 

- Сиз кандай ойлойсуз, ошол боордошторубузду алып келип, өзүбүзгө кошууга мүмкүнчүлүк барбы?

- Биз ал жактан аябай катуу таасирленип келип, "Кыргыз Бутагы" деген коомдук фонд ачтык. Биздин негизги максатыбыз - этникалык кыргыздарга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү, Ооган кыргыздарын мекенине келүүсүнө көмөк көрсөтүү. Болбосо, боордошторубуз жакынкы он-он беш жылдын ичинде жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бирок аларды алып келүү чоң маселе экен. Афганистандын атуулдары болуп эсептелингендери менен паспорттору жок. Келген күндө да наркоман деп баарын түрмөгө камап салышат. Кара дары деп коюшуп чоңунан кичинесине чейин кадимки эле апийимди колдонушат экен. Биздин азыркы максатыбыз - жок дегенде байланышты үзбөй жыл сайын барып туруу. Учурда ушул сапарыбыз тууралуу 20 мүнөттүк тасма даярдап, президентке жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Балким, алып келүүнүн кандайдыр бир жолдору табылар...

 

Topoz art topoz 1Абдрашыд хан Оогандагы кыргыздарды 25 жыл жетектеп, аларды Кыргызстанга алып келүү үчүн көп аракеттерди Topoz art topoz 2кылыптыр. Тилекке каршы, максатына жетпей 2010-жылы каза болгон. Кыздары 13-14 жашынан турмушка чыгып, 30 жашында он бала төрөшөт да, анын эки-үчөөсү эле аман калат. Медициналык жардамдын жоктугунан, эрте төрөттөн, тамак-аштагы витаминдер менен минералдардын аздыгынан улам балдар эле эмес, аялдар да эрте каза табышат. Турмушка чыккан аялдар ак жоолук, чыга электери кызыл жоолук салынышат. Акыркы жылдары аялдар өтө эле суюлуп баратат. Ошондуктан, кыздарга чоң калың берилет. Мурун эркектери 2-3төн аял алышса, азыр үйлөнбөй так өткөндөрү да жок эмес. Кичинекей бөбөктөр момпосуй, оюнчук дегендерди али көрүшө элек. Бири да кат таанышпайт. Памирликтерде бала үч жашка чыкмайынча тырмагын албаган ырым бар. Тырмактарынын сынганы сынып, сынбаганы оркоюп өсүп, ичине кир толуп калганына маани беришпейт. Болгон тамагы - нан, топоздун сүтү, майы, эти жана койдун эти. Койдун шорпосу кан басымды жогорулаткандыктан, төгүп салышып этин гана жешет. Туз да жок. Айрымдары малга берген тузду сууга салып коюп эритип, ошону пайдаланышат. Жакын эле жерде жайгашкан көлдө балыктар деле жашайт. Бирок алар балык жегенди билишпейт. Ал боюна өздөрүнүн уламышы бар: илгери бир киши ошол көлгө барып сууну караса, суунун астынан аны эки көз карап турган болот. Тиги киши үйүнө чуркап келип, жүрөгү жарылып өлүп калган имиш. Өздөрү "кара дары" деп аташкан кадимки эле апийим - памирликтердин жалгыз "дарысы". Ичи ооруса да, тиши ооруса да ошону пайдаланышат жана бир кочушун (бир ширеңкенин кутусу) бир топозго айырбашташат. 80ден өткөндөй көрүнгөн Уркуя 46 жашта. Осмон ажынын зор зайыбы (улуу аялы). Жолдошу кичүү зайыбы жана балдары болуп бир боз үйдө, Уркуя уулу менен башка боз үйдө жашайт. Кийим-кече же дагы башка соода кылуу үчүн Ишкешимге келишет. Ал - он күндүк жол. Акча эмне экенин билишпейт. Керектүү нерселерин топозго, топоздун карынга куюлган майына алмаштырышат. Памирлик кыргыздар ун үчүн Сархатка келишет. Барууга 3 күн, кайтууга 3 күн, жалпысынан, 6 күн кетет. Кыргыздар Ооганстандын түндүк тарабындагы Чоң Памир жана Кичи Памир деп аталган, деңиз деңгээлинен 3800-4100 метр бийиктикте жайгашкан, биздин өлкө менен чектешкен аймакта жашашат. Жалпы саны - болжол менен 1500-2000. Аларды көп жылдар бою Рахманкул хан жетектеп, акыркы жылдары Абдрашыд хан башкарган. Ооган кыргыздарын изилдөөгө биринчи жолу ХIII кылымдын аягында аракет кылынса да, ХIХ кылымдын аягында бул ишке толук киришишкен. Памирлик кыргыздар журттарга бөлүнүшөт. Бир журтта үчтөн, бештен, эң көп болгондо ондон боз үй бар. Бир журт менен экинчи журттун ортосу - ат менен бир күндүк жол.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены