ТИМ Афганистандан Тажикстанга өткөн этникалык кыргыздар эмне болорун айтты

ТИМ Афганистандан Тажикстанга өткөн этникалык кыргыздар эмне болорун айтты

Памир кыргыздарынын афган-тажик чек арасын кесип өткөнү тууралуу министрликке 12-июль күнү белгилүү болгон.


Афганистандагы кырдаалдын курчушунан улам Тажикстанга өткөн Улуу жана Кичи Памир кыргыздарын Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.


Эскерте кетсек, буга чейин Тажикстан Афганистандан качып чыккан этникалык кыргыздарды кабыл алганын айткан.


Министрлик кандаштардын афган-тажик чек арасын кесип өткөнү тууралуу 12-июль күнү Бишкектин Кабулдагы элчилигинен кабардар болгонун белгиледи. Маалымат дароо текшерүүгө алынган.


"Териштирүү учурунда афган кыргыздарынын Мургаб районунун Кызыл-Рабат айылын көздөй жол алганы тастыкталган. Байланыш каражаттары дээрлик жок болгондуктан толук маалымат алууга мүмкүн болгон жок, кандаштардан кабар алуу узакка созулуп кетти. Ошол эле күнү министрлик БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын Орто Азиядагы өкүлчүлүгүн маалымдар кылып, кыргыздарды Тажикстандан Кыргызстанга эвакуациялоого жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган", — деп айтылат билдирүүдө.


Мындан тышкары, ТИМ Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, афган кыргыздарынын кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пунктуларына тоскоолдуксуз жетүүсүнө көмөк көрсөтүү суранычы менен нота жибергени белгиленди. Мындай өтүнүч министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Душанбе шаарында өткөн ТИМ башчыларынын жыйынында да келтирилген.


"Маселе учурда КР президенти менен министрлер кабинетинин көзөмөлүндө. Мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди. Азыркы тапта министрлик тажик өкмөтү жана БУУнун тийиштүү башкармалыгы менен иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.


Кыргыз тарап Тажикстандын өкмөтү кандаштарды тарыхый мекенине кайтаруу маселесин ыкчам чечүүгө жардам берет деп ишеним артып жатканы белгиленди.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены