Тилегим - ыйык булак элге кызмат кылса…

Тилегим - ыйык булак элге кызмат кылса…

Биздин Мургабда бир көйгөй иш бар. Башында көлү жок капчыгайдан агып чыккан Ылы-Суу Ата деп аталган 18 түрдүү кеселге даба болчу касиеттүү булак бар болчу. Мен ошол жерде сегиз жыл жашаган элем. Ашказандын айынан жеген оокатын кайра окшуп, бели кайкалап баса албай калган кеселдердин эки аптага жетпей айыгып кеткендигин өз көзүм менен көрүп, булактын касиетине күбө болгомун.

Бир жылы ошол булактын башына бир адам келип отуруп, аны азыркыча айтканда бизнеске айландыра баштады. Дартына шыпаа табайын дегендерге караганда эс алууга келгендер көбөйүп кетти. Беш кол барабар эмес экен, булактын башы, айлана-тегереги булгана баштады.

— Айланайын, сен касиеттүү булакты кир кыла баштадың, мындай ыйык жердин ээси болот, — деп айтсам:

— Бул жер сенден да, менден да калат, эмне кылсам, өзүм билем!- деп орой сүйлөдү. Көңүлүм өтө ооруду

— Ээ, бала. Болгон түшүнгүң ушул турбайбы. Сага айткан кайран сөзүм, кеткен кайран убактым!-деп басып кеттим..

Беш-алты жыл болуп калды. Август айы болчу, кырдын боорундагы мөңгүдөн кокустан эле муз бөлүнүп түшүп, капчыгайдагы дарылык касиети бар булак көчкүнүн алдында калып калды.

Менин тилегим, ошол касиеттүү булак элге кайра кызмат кылса. Ал үчүн көчкү басып калган булактын аягын казып, ал жерге түтүк коюш керек. Ошентсе суу чыгат. Менин бул оюмду көпчүлүк туура көрдү, айрымдары «карыганда өзүн кыйнабай, тынч эле отурбайбы, буга эмне жетпейт, же… бизнес кылам деген балдарынын сөзүбү… » деп артымдан сүйлөнгөндөр болду. Алардын сөзүн угуп, капа болдум, « убара болуп эмне кылам, өзүмдүкү өзүмө жетет» кол шилтеп басып кетким келди.

Бирок мындай сөздөр мени кайра чыйралтты. Ушул багытта долбоор жазып, жергиликтүү бийликке кайрылганы жатам. Алар колдоп калса, 18 ооруга шыпаасы бар дары булак элге кайра кызмат кылмакчы.

(янв 2018)

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены