Тажикстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн тестирлөөдөн өтүштү

Тажикстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн тестирлөөдөн өтүштү

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде Тажикстандагы этникалык кыргыздар үчүн этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак болуп өттү.

 

COVID-19 пандемиясына жана эки мамлекет ортосундагы чек аранын жабык болушуна байланыштуу, Тажикстандагы этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу, ошондой эле тестирлөө Кыргызстандын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде өткөрүлдү.

 

Сынактын жыйынтыгында тестирлөөгө катышкан 16 талапкердин 9у акысыз билим алууга сунушталды.

 

Тестирлөө Билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору Элчиликтин кызматкерлеринин жардамы менен өткөрдү.


tazhikstandagy-etnikalyk-kyrgyzdar-kyrgyzstandyn-zhozhdorunda-akysyz 2
tazhikstandagy-etnikalyk-kyrgyzdar-kyrgyzstandyn-zhozhdorunda-akysyz 3

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены