"Талибандан" качкан памирлик кыргыздарды Тажикстан артка кайтарды

"Талибандан" качкан памирлик кыргыздарды Тажикстан артка кайтарды

Тажикстан Афганистандагы "Талибандан" кооптонуп качып келген 345 этникалык кыргызды мал-жаны менен баарын кайра артка кайтарып жиберди. Бул жөнүндө жекшембиде кечинде Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз борбору билдирди.


"17-18-июлда 345 этникалык кыргыз - Афганистан Ислам Республикасынын Бадахшан провинциясындагы Вахон уездинин Андемин айылынын жашоочулары төрт миң баш малы жана унаа каражаттары менен өздөрүнүн туруктуу жашаган ордуна, АИР Бадахшан провинциясынын Вахон уездине кайтарылды",-деп айтылат басма сөз борборунун билдирүүсүндө.


Аларды кайтаруу иши чек ара тилкесиндеги Мургаб районунун Кызыл Работ айылдык жамааты аркылуу уюштурулганы, алардын жеке коопсуздугуна Афганистан тараптан кепилдик берилгени кабарланды.


Афганистандагы Улуу жана Кичүү Памирде жашаган этникалык кыргыздардын бир тобу "Талибандын" коркунучунан кооптонуп, Тажикстандын Мургаб районуна журт которушканы өткөн аптада кабарланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аларды Кыргызстанга көчүрүп келүү аракетин баштаганын билдирип, бул ишке жардам сурап БУУнун Качкындар боюнча агенттигине кайрылган.


Афганистандык кыргыздарга жардам берүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңеште депутат Бейшеналы Нурдинов көтөрүп чыккан эле:


"Алар тиги афгандыктардан эптеп кутулуп качып чыкса, каракчылардан. Эми андан жаман жерге келип түшүп калды. Ошолорго тез арада жардам бербейлиби".


АКШнын аскери чыгып кетип жатканына байланыштуу Афганистандын көп райондорун "Талибан" өзүнүн көзөмөлүнө алып жатканы бир айдан бери дүйнөлүк башкы темалардан болуп жатат. "Талибан" менен кармашта сүрүлгөн афгандын бир жарым миң чамал өкмөттүк аскери жана башка качкындар Тажикстанга өтүп келишкен. Тажикстан аларды дагы кайтарып жибергени белгилүү.


Эми "Талибандын" коркунучу дүйнөнүн төбөсү аталган Памирдеги кыргыздарды дагы ордунан козгоду. Кыргызстан аларды көчүрүп алуу планы бар экенин Дүйшөмбүгө билдирген, бирок тажик бийлиги анда аларды эмне үчүн артка кайтарып жиберди деген суроо болууда.


Азырынча бул Афганистандын өкмөтү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган чечим деп айтылууда. Ал эми Кыргызстан бийлиги кандай аракеттерди көргөнү, Дүйшөмбү менен качан, кандай сүйлөшкөнү ачыктала элек.


Субэтнос

Афганистандагы бийик тоолуу, суугу катуу Улуу жана Кичүү Памирде жашаган кыргыздардын ансыз деле абалы оор, медициналык тейлөө жок, дары-дармек, тамак-аш жетишпей, өлүм-житим көп болуп жатканы жөнүндө көптөн бери айтылып келатат. Алардын саны соңку маалыматтар боюнча бир жарым миңдин айланасында.


Кыргыз өкмөтү төрт-беш жылдан бери Памирден бир нече үй бүлөнү көчүрүп алганы белгилүү. Биринчи келгендери Нарын областына жайгашкан, кийинки келгендери Чоң-Алай районунда отурукташып калды. Садыр Жапаров алар менен учурашканы барганда афган кыргыздарын бүт көчүрүп алуу жөнүндө айтканы бар.


Афганистандагы этникалык кыргыздар темасын көп жылдан бери изилдеп келаткан профессор Сулайман Каипов бул маселеде башкача көз карашта экенин Би-Би-Сиге билдирген эле.


"Булардын тарыхын, маданиятын, тилин, менталитетин, философиясын, психологиясын изилдеп көргөнүңдө, бир этностун ичиндеги субэтнос болуп cаналат. Бул памирлик кыргыздардын бүтүн кыргыз ичинде өзүнчө көркү бар, өзүнчө түсү бар, өзүнчө маданияты бар. Ушундай бир субэтнос. Мисал үчүн грузиндерде мингрелдер бар, ошол сыяктуу",-дейт профессор С. Каипов.


"Ошондуктан буларды ошол жеринде, өзүлөрү турган жерде кам көрүп, үй салып берип, керек болсо мектеп салып берип, жанына оорукана салып берип, ошол жактан каалагандарды жиберип иштетсе болмок. Ошондой кылса булар ошол жерди сактап турат эле. Буларды Кыргызстанга алып келип, анан бир өрөөнгө бир-эки үй-бүлөдөн чачып ийгенин эмне деп айтсак болот? Чыккынчылык десем катуураак болуп калат. Бул өзү иш билбестик да. Буларга туура эмес мамиле болот. Себеби, бул субэтностун маданиятын жок кылуу деген сөз, өзүңдүн маданиятыңды жок кылуу деген сөз да. Эми бир он үй бүлө келсе, алтымыш, жетимиш кишини бир райондо эритип ийгенде эл көбөйүп калабы? Маданият өлүп калат да".

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены