Түркия: Улуу Памир айылына Кыргызстандан мугалимдер алынат

Түркия: Улуу Памир айылына Кыргызстандан мугалимдер алынат

Ванда кыргызстандык ыктыярчылар кыргыз тилинен сабак өтүп жатышат.

 

Улуу Памир айылына Кыргызстандан мугалимдер алынат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди:

- Ван аймагындагы Улуу Памир айылына барган сапарымда айылдагы мектептин көйгөйлөрүн көрүп кайткам. Учурда Түркиянын билим берүү министри менен сүйлөшүп, Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган эки мугалимдин айлыгын чечтик. Эми биздин Билим берүү жана илим министрлигине айылга келе турган мугалимдердин тандоосу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.

 

Элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Түркиянын билим берүү министри Зийа Селчуктун жолугушуусу 9-июлда өткөн. Жолугушууда ошондой эле Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин абалы жана Түркияга келе турган абитуриенттердин квотасы каралган. Буга чейин элчи Ван аймагындагы кыргыз айылындагы мугалимдердин жетишсиздигин Түркиянын Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) тѳрагасы Абдуллах Эрен менен жолугушуусунда да сөз кылган. Анда Улуу Памирдеги мектепке кыргыз тили менен адабиятынан, кол ѳнѳрчүлүктөн жана музыкадан сабак берчү мугалим жетишсиз болуп жатканы баса белгиленген.

 

Ванда кыргыз тилдүү мугалимдерге муктаждык чоң. Бирок бул аймакка 2000-жылдардын башынан бери кыргызстандык мугалимдер бара элек. Мунун айынан кыргыз тили, кыргыз тарыхы окутулбай калган. Жыл сайын жай айларында Кыргызстандан ыктыярчы студенттер Улуу Памир айылына келип кыргыз тили менен кол өнүрчүлүктөн сабак берип келишкен. Кыргыздар Түркиянын Ван аймагына 1986-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350дөйү мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык кыргыз бар. (ElB)

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены