«Түнү менен кан кусуп, каза болгон»: Жалгыз бой эне Бүбүанардын Мургабда өткөн жашоосу

«Түнү менен кан кусуп, каза болгон»: Жалгыз бой эне Бүбүанардын Мургабда өткөн жашоосу

Жаштайынан жетим калган 4 баласын кол өнөрчүлүк менен багып жетилткен Бүбүанар Сатаркулова Кара-Балта шаарынын 57 жаштагы тургуну. Анын туулуп өскөн кичи мекени Тажикстандагы күндөрү жана балалыктан башталган кол өнөрчүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

 

Бүбүанар Сатаркулова 1963-жылы Тажикстандын Хорог облусуна караштуу Мургаб районундагы Раң-Көл айылында туулган. Ал тоолуу аймактагы турмуш жолдору жөнүндө мындайча эскерет.

 

«Мен төрөлгөн Мургаб району тоолуу өрөөн. Ал жерде бак-дарак, мөмө-жемиштер өспөйт. Жергиликтүү калк мал чарбачылыгы жана кол өнөрчүлүгү менен күн кечиришет. Мал-жандыгың же өнөрүң болбосо ал жерде жашоо татаал. Абасы таза, суусу тунук кичи мекенимдин канчалык жаратылыш шарты катаал болсо да туулган жерге болгон арзуум, сагынычым артып турат. Бүгүн да жылына бир жолу барып, тоолорунун чокусунан нуру төгүлгөн күнгө суктануу менен карап, туугандарымдын ал-акыбалын сурап келем. Балалык, жаштык күндөрүм өткөн жер да. Ал өрөөндүн эркектери таңдан кечке мал артында. Ал эми аялдар кол өнөрчүлүгү менен алектенет. Ошондой эле малдын сүтүнөн май курут, тамак-аш жасашат. Мен да жаш мезгилимден ийне кармап, кол өнөрчүлүгүн үйрөндүм. Апам чапанынын өңүрүнө мени орой: "Бүбүанар, ар дайым көңүлүңө түйүп, көз нуруңа байлап жүр. Кол өнөрчүлүк тээ Каныкей энебизден бери келе жаткан улуу мурас, таберик. Манас атабызды Манас кылган даанышман Каныкей энебиз болгон. Өнөр өлбөйт, карыбайт. Ал кайсыл мезгилде болсо да күнү бүгүнкүдөй чолпон жылдыздай жаркырап, адам өмүрүн баалуулукка, дөөлөткө бөлөйт. Өнөр өмүр бою сени менен жашап, балдарыңа оошот. Ал сени гана эмес үй-бүлөңдү багат" дечү. Мен анда ал сөздөрдүн маани-маңызын чагып түшүнө берчү эмесмин. Эми ойлоп көрсөм, көзү ачыктык кылгандай эле болуптур, жарыктык.

 

zhalgyz-boi-ene-b-b-anardyn-murgabda-tk-n-zhashoosu 2 zhalgyz-boi-ene-b-b-anardyn-murgabda-tk-n-zhashoosu 3
zhalgyz-boi-ene-b-b-anardyn-murgabda-tk-n-zhashoosu 4 zhalgyz-boi-ene-b-b-anardyn-murgabda-tk-n-zhashoosu 5
zhalgyz-boi-ene-b-b-anardyn-murgabda-tk-n-zhashoosu 6 zhalgyz-boi-ene-b-b-anardyn-murgabda-tk-n-zhashoosu 7

 

Апамдын ошол союз учурунда эле айылда жеке тигүү цехи болгон. Бир гана мени эмес, айылдагы көптөгөн кыз-келиндерди үйрөткөн. 7 жашымда ийне кармасам, мына 50 жылдан бери жан шеригиме айланды. Раң-Көл айылындагы Аблеч Шаиков атындагы мектептен билим алып, Мургабдагы 3 айлык тигүүчүлүк курсун аяктадым. Турмушка чыктым. Жолдошум мал бакты. Мен кол өнөрчүлүк дүйнөсүнө сүңгүп кирдим. Кыздардын себин жасадым. Кардарларым күн сайын артып отурду. 1 уул, 3 кыздуу болдук. Бирок жолдошум акыркы күндөрү ашказандын рак оорусуна чалдыкты. Көп жерге барып дарыланды. Бирок ичер суусу, көрөр күнү түгөнгөн экен. 40 жашында таң аткыча кан кусуп жатып, баарыбызды боздотуп, тиги дүйнөгө сапар салды. Андан бери 20 жыл өттү. 4 баламды ээрчитип, сыртта эркек, үйдө аял болгон оор турмушту баштан кечирдим. Балдарым жетилип, атасынын алдына таттуу тамагын коюп, ысык чайын сунарда жарык дүйнө менен кош айтышып кете бергени өмүр жолумдун өкүнүчү болду да калды. Ооба, түшүмө кирет. Кадимкидей сакайып, өңүнө нур бүткөн. Тээ тоо боорун кыялай басып, сөз катпай кетип калат. Чочуп ойгонуп кетем. Түн бир оокум болсо да арбагына багыштап куран окуп, неберелеримдин чачынан сылай көпкө ойлонуп жатып таң атырам. Кечээ күнкү жасаган курак төшөктөрүмө суктана карайм», - деди ал.

 

Мургаб жергесинин аска-зоолорунда жайы-кышы ак кар, көк муз кетпейт. Тоолорунда арка, кулжа, эликтер мекендеп, эли топоз багышат. Бак-дарактар жок болгондон улам туш тараптан соккон шамал айыл ичин аралай өтөт. Катуу чөптөрдү отун катары колдонуп, тамак-аш бышырышат. Ушундай жерде үй-бүлөнү багуу жолдошу өткөн соң Бүбүанарга бир топ оор түйшүктү жаратат. Оор турмуштун айынан балдарын ээрчитип, 2013-жылы Кара-Балта шаарына келген. Бул тууралуу мындайча баяндайт.

 

«Жолдошум көпкө ооруду. Ага кошумча бир кызымдын да жүрөгү оорулуу болду. Эки адамды бирдей дарылатуу түйшүк жаратты. Көп оор күндөрдү баштан кечирдим. Жолдошумдун көзү өтүп кеткени кайгы салды. Акыры Кара-Балта шаарына көчүп келип отурукташтык. Бул жерде да чеберчиликти улап келем. 2 кызым турмушта. Уулум үйлөнүп, устачылык менен алектенет. 9 неберем бар. Кыздарым да чеберчиликти өздөштүрүшкөн. Эң кичүү кызым ыр жазат. Жазуучу же акын болобу, өмүрүн берсин. Бир мезгилде мүмкүн биздин оор турмушту жеңген күндөрүбүз, чеберчилигибиз китеп болуп чыгар. Бизден үлгү алгандар да болушу ыктымал. Башты жерге салбай, катаал турмушка тике карап, билек түргөн, белди бек бууган учурлар кайраттуулукка, эмгекке жаштарды чакырар. Ошондо акын кыздын апасымын деп кубанып жүрөрмүн. Мына, кудайга шүгүр. Баары жакшы. Түрдүү курак төшөктөрдү, кыздын себин жасайм. Неберелеримди жонума көтөрүп, айылчылап да кетем. Бир кызым педколледжди аяктады. Калгандарын колум жука болгондон улам окута албадым. Дагы деле кеч эмес. Кичүү кызымды окутсам. Акын болсо. "Алтын апа" деп ыр жазса… Кыялдарым жакшы. Бир гана арабызда балдарымдын атасы жок. Бири кем дүйнө деген ушул экен да», - дейт Бүбүанар апа.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены