Султан Парманов - Тажикстандагы кыргыз патриоту

Султан Парманов - Тажикстандагы кыргыз патриоту

С. Парманов: Элдин эне тилин унутпай калышына бир аз өбөлгө болсун деген эле аракет

 

Султан Парманов Тажикстандын Мургабындагы кыргыздардын жашоо-турмушу, райондун жаңылыктары камтылган кыргыз тилиндеги «Сарыкол» деген гезитти чыгарат. Айына бир жолу 800 нускада жарык көргөн басылманын бардык түйшүгү бир гана адамдын мойнунда: гезиттин редактору, корректору, кабарчысы да Парманов өзү. Мургабдан дайыма алыскы Ош шаарына келип гезит чыгарып кетчү журналист «Азаттыкка» маек курду:

 

- «Сарыкол» гезити атайын Мургабдагы кыргыздар үчүн тээ 1939-жылдан бери эле жарык көрүп келет. Союз ыдыраган кезде гезит да токтоп калган. Ошол учурда мургабдык кыргыздар маалыматсыз калган. «Сарыкол» 6-7 жыл чыкпай турган. Азыр ошол гезитти жандандырып чыгарып жатабыз.

 

- Гезит ай сайын жарык көрөбү, анан канча нускада чыгат?

 

- Ооба айына бир жолу чыгат, нускасы 800. Максатыбыз - Мургабдагы кыргыздарды маалымат менен камсыздоо. Өлкөнүн, райондун жашоосун чагылдырабыз.

 

- Мургабда жалпы канча кыргыз жашайт?

 

- Он эки миң ашуун кыргыз жашайт. Ошолорго болгону 800 даана гезит чыгат. Райондук жетекчилер да жазылышат.

 

- Султан мырза, мына Мургабдан Ошко чейин 420 чакырым жол басып гезит чыгарат экенсиз, Тажикстандан эле чыгарууга болбойбу?

 

- Райондо басмакана жок. Жарык маселеси да бир топ мүшкүл. Борбордук басмаканаларга караганда, Ош шаарына келсек бизге жакыныраак.

 

- Гезитте негизинен кандай материалдар орун алат, багыты кандай?

 

- Негизги багытыбыз, элге жасалып жаткан жакшы иштерди, элдин көйгөйүн чагылдырып турабыз. Бизде оперативдүүлүк жок, маалымат жетишпейт. Гезитти кээде эки айлап чыгара албай калган учурлар болот. Каражат да жетишпейт.

 

- Эми 800 нуска болсо да, анан сиздин бул жака келип кеткен жол акыларынызды тажик өкмөтү каржылайбы?

 

- Райондук бюджеттен бир аз дотация бөлүнгөн. Албетте, ал акча жетпейт. Бирок биз өзүбүздүн демилгебиз менен, патриоттулук менен ушул ишти жасап жатабыз. Мургабдагы кыргыздар өз эне тилинде маалымат алсын, кыргызча гезит окуп калсын деп эле чыгарып жатабыз. Акча маселеси биринчи орунда турбайт. Элдин эне-тилин унутпай калышына бир аз өбөлгө болсун деген эле аракет.

 

- Гезитте тажик бийлигинин ишмердүүлүгү чагылдырылабы?

 

- Албетте, мүмкүнчүлүк болушунча чагылдырабыз.

 

- Кыргызстанда болуп жаткан олуттуу окуялар, жанылыктар тууралуучу?

 

- Жок, бизде андай мүмкүнчүлүк жок.

 

- Султан мырза, журналист катары айтсаныз, Тажикстандагы кыргыздардын жашоо турмушу кандай болуп жатат?

 

- Кудайга шүгүр, акырындап оңолуп баратат жашообуз. Дүйнөдө кандай кыйынчылык болсо, бизде деле ошо. Олуттуу кыйынчылык деле жок.

 

- Мургабдагы кыргыздар, Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматты кайдан аласыздар?

 

- Көбүнесе спутник антенасын орнотуп алгандар бар. Ошолордон угабыз. Айрым учурда гана гезиттер колго тийип калат. Башка маалыматты билбейбиз.

 

- Кайсы гезиттер барат, кыргызча телеканалдар, радиолор тартабы, интернет барбы?

 

- Интернет деген жок, улуттук каналды көрөбүз. Радиолорду да көп укпайбыз, барып калган гезиттерди окуйбуз. «Азаттыкты» укчубуз. Азыр негедир алдыра албай жатабыз. «Азаттык плюс» деген жаштар берүүсүн да аябай кызыгып көрчүбүз, ал деле чыкпай калды. Себебин билбейбиз.

 

- Султан мырза, ай сайын узак жол жүрүп гезит чыгарат экенсиз, бул түйшүктөн чарчабадынызбы?

 

- Туура, түйшүк оор. Ошого карабай артынан сая түшүп чыгарып жатам. Кыйынчылыктан арыбай, элге кызмат кылуу жакшы нерсе да.

 

- Демек, сиз өзүңүздү патриотмун деп эсептейсиз?

 

- Мен өзүмдүн туулган жеримди сүйөм, ал жерде тынчылык болушун каалайм. Өзүмдүн кыргыз элиме, Мургабдагы улутташтарыма ушул гезитти чыгарып болсо да, кызмат кылып жатам деп ойлойм.

 

- Маегиңизге чоң рахмат!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены