Сулайман Кайыпов: Кыргыздар Вахан коридорунан көчпөшү керек

Сулайман Кайыпов: Кыргыздар Вахан коридорунан көчпөшү керек

Ооганстандын түндүк-батышындагы Вахан коридорунда жайгашкан аймактарды байырлаган кыргыздар талибдерден кооптонуп, Тажикстанга кире качканы тууралуу маалыматтар чыгууда. Кыргызстан этникалык кыргыздарды алып келүүнү көздөп жатканы белгилүү болду.


Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов "Азаттыкка" маегинде, Оогандагы кыргыздардын тарых-таржымалы, азыркы жагдайы тууралуу айтып берди.


-Памир кыргыздарынын, айрыкча Вахан коридорунда жашаган кыргыздардын тарыхы тууралуу Кыргызстанда ар кандай туура эмес маалыматтар айтылып жана жазылып келет. Алар кечээ эле совет доорунун алгачкы жылдарында, же болбосо колхоздоштуруу мезгилинде ошол жакка качып барып олтуруп калган эл сыяктуу ойлой беришет. Кайра көчүрүп келсе боло тургандай эле ойлой беришет. Бул таптакыр туура эмес.


Себеби, ошол жерде жашаган кыргыздын ичкилик уруулары адам жашабаган Памирди өздөштүрүп, ошол жерди адам жашай турган эко-системага айландырган эл. Автохтонный деп коет илимде, ошол жердин жергиликтүү адамдары. Көчүп барып туруп калган адамдар эмес алар. Аймакта кыргыздар бар экенин билгенден соң гана Кытай тараптан, Пакистандан, Ооганстандын ички түпкүрүнөн, Мургабдан, Алайдан көчүп баргандар болгон. Аларды өз алдынча "Алайчы", "Мургабчы", Кытайдан келгендерин "Дан башчы" деп бөлүп коюшат.

 

sulaiman-kaiypov-kyrgyzdar-vakhan-koridorunan-k-chp-sh-kerek 2

 

Негизи ошол жерди өздөштүрүп, адам жашай турган абалга биринчи жолу алып келген эл – ошол жерде жашаган кыргыз уруулары. Тарыхый мекени бул жакта, ал жакка кийин барган деп карабашыбыз керек. Памир кыргыздарынын ата мекени ушул жер. Өздөрү бул жерди куттуу жер деп эсептешет. Алардын айрымдары "алып кетсин" деген ой менен ар кандай пикирлерди айта бериши мүмкүн. Кыргызстанга барсак, жыргайбыз деп ойлогону бар. Ачык айтыш керек, "ал жакта кыздар көп экен, барсак экиден-үчтөн үйлөнөбүз" деп ойлоп алгандар бар. Мен сүйлөшөм да алар менен. Көбүнчө кызыгуу, аларга кызык көрүнөт да. Ошондуктан "алып кетпейби бизди", "шаарга барбайбызбы" деп ойлошот. Чын-чынына келгенде алар ошол жерде маданият жаратышкан, салтын түзгөн, материалдык жана рухий маданиятын негиздеген.


Ошондуктан ал жер - Вахан коридору кыргыздын жери, ата журту. Бир жер Ооганстанга карап калса эле, кыргыздын жери болбой калды дегендер чыгууда. Ал жердин шарты катаал деп дөдүрөшөт. Ал Памир! Туура, адаптация болуш керек. Мен барып келгем, ал жер бейиш. Ал эмес Түндүк Муз океанына барып, маданият жаратып жатышпайбы. Мына, Финляндиянын шарты кандай, Норвегия шумдук жерби? Ошолор муздун арасында жашап жатып деле маданият жаратып, ата журтубуз деп кетпей олтурушат го.


Памирликтер өздөрү бул жерди бейиш деп, азыр Түркиядагы кыргыздар арман ырларын ырдашат. "Памирге кете албадык" деген арман ырлары өтө көп, мен ошолорду жыйнагам. Ошолорду келгиле деп үгүттөгөн чыккынчылык. Ошол жерди кыргыздар ээлеп турушу керек. Ошол жерди, эко-системаны колунда кармап турган эл – дүйнөгө таасир эткен эл болот. Себеби, экология бузулуп жатат. Ал жердин абасы, суусу баалуу. Бүткүл дүйнөдөгү державалар Вахан коридорунда кагышат. Анан кантип ошол ата журтуң болгон жерди таштап баса бересиң. Бул жактан дагы аларды көчүрүп келиш керек дешет.


- Эми бул маселени "Памирдеги боордошторго жардам көрсөтүү, аларды сактап калуу" деп чечмелеп жатабыз да. Ал жакта медицинанын жетпегени, инфраструктура жок, демографиялык абалы чатак экени ушундай чакырыктарга себеп болду.


- Биринчиден, ал жерде ден соолукту сактоо системасы болгон. Ал жерде мурда кыргыздар көп санда жашаган. Мына, азыр медицина чыккандан кийин кырылып жатат. Алардын жан сактоо системасы болгон. Тамактануу модели, рациону болгон. Ошонун баары аларды сактап турган. Элдик оюндары болгон. Ошол аркылуу ден соолугун чыңдашкан.

 

sulaiman-kaiypov-kyrgyzdar-vakhan-koridorunan-k-chp-sh-kerek 3

 

- Алардын кийинки өскөн жаңы мууну ушул сиз айткан өзгөчөлүктөрдү сактап кала алдыбы?


- Жаңы муун сактаган жок. Аларга апийим, баңгизат келди. Ошол Памирде жашап, андан кийин Пакистан, ары карай Түркияга өткөндөрдүн ичинде Айтаажы деген 101 жаштагы киши бар. Жакында эле 108 жашында Конокбай деген киши өттү. Ошолор Памирдин адамдары. Эмне үчүн алар көп жашайт дагы, азыркылары эле кырылып калат? Себеби, мурдагыдай иш кылбайт. Мурдагыдай жүн кыркылып, топоз, койлор саалып, майлар жасалып, иштелип, Кабулга чейин мал айдалып барып сатылбайт.


- Ушундай абал болсо, тагдыры, келечеги кандай болот?


- Эми тагдырын оңдош керек да. Ооганстан менен эл аралык достук байланышты түзүш керек. Диаспора саясаты болуш керек. Кыргызда диаспора саясаты жок да азыр. Диаспора саясаты – дүйнөдөгү улуттук саясаттын эң маанилүү бөлүгү деп эсептелет.


Ооганстандын жетекчилиги менен сүйлөшүү керек да. Убагында Рахманкул хан ооган жетекчилери менен сүйлөшүп, ошол жерди өзүнчө бир Кыргыздардын автономиясы катары кармап турган. Аскер берген эмес. "Төрт чек араны кармап турат. Туулганда эле аскер болуп туулат, буларды аскерге албайбыз" деген Закир шах. Андан кийин алардан салык алган эмес. Малдарын Кабулга чейин айдап барып сатканда дагы, булардан салык алган эмес. "Булар өзүнчө жашасын, өзүнүн маданияты, өз тили, өз аймагы. Ошолорду коруп жашай берсин" деген.


Автономия деген парламенттен өтүп, мыйзамдаштырылган эмес. Бирок турмуштун өзүндө кадимкидей эле Рахманкул хан болуп, кадимкидей эле Ооганстандын ичинде Кыргыз автономиясы сыяктуу эле жашаган. Ал жер абдан кең жер.

 

sulaiman-kaiypov-kyrgyzdar-vakhan-koridorunan-k-chp-sh-kerek 4

 

- Ооганстандын ички саясаты, геосаясат өзгөрүп жатканда, азыр ооган бийлигинин кыргыздарга мамилеси кандай?


- Ооганстандын саясаты Вахан коридоруна, кыргыздарга эч качан жаман болгон эмес. Кыргыздардын депутат өкүлдөрү бар. Кыргыздарга жакшы мамиле жасап, өз алдынчалыгын сактап, ошол жерде турушун ооган өкмөтү дайыма каалап келген. Азыр эми саясат өзгөрөт, АКШ күчтөрү чыгып кетти, башка күчтөр келип жатат. Саясат өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бирок ошол саясатты туура жолго өзгөртүүгө биз дагы аракет кылышыбыз керек да. Биздин дагы эл аралык байланыштарды түзгөн адистерибиз бар. Ошолор иштеши керек.


Аларды көчүрүп келүү дөдөйлүк деп эле айтам. Бул чоң геосаясат. Ал жер чоң күчтөрдүн кагылышкан жери. Ошол жерде кыргыздар турса, сактап калсак. Ооган бийлиги эч качан ошол жердеги кыргыздарга каршы болгон эмес. Алардын медицина тармагын, билим берүү тармагын калыбына келтирсе болот.


- Ошону кантип жасайт? Кантип көчүрбөй туруп, ошол аймакта кармап калууга, элди сактоого мүмкүн? Жолдору барбы?


- Кандай жолу болмок эле. Дардактап аткан ура-патриоттор бар эмеспи. Барышсын, ошол жерде иштесин. Мамлекет ошол жакка барып иштегендердин бир күнүн он күнгө эсептеп, жакшы каражат төлөп берсин.


- Бул эми кыргыз бийлигинин эле эркинде эмес, ооган өкмөтү менен жалпы стратегияны талап кылган иштир?


- Сөзсүз, ооган өкмөтү менен элчилик аркылуу иштеш керек.


- Ооганстанда "Талибан" кыймылы бир катар жерлерди ээлеп алып, Памирдеги кыргыздарга дагы коркунуч туулганы тууралуу кабарлар келип жатат. Айрым маалыматтарда алар Тажикстанга мал-жандыгын айдап көчүп өткөнү айтылды. Ооганстандагы кырдаалдын өзгөрүшү Памир кыргыздарына канчалык коркунуч туудурат?


- Вахан коридоруна чейин талибдер жетип, Чоң Памир жана Кичи Памир деп коет, ошол жердеги кыргыздардын жашоо-турмушуна таасир этерине анчалык ишенбей турам. Оңой эле жете калчу жол эмес, айлап жүрүп олтуруш керек. Андай маалыматты уккан жокмун.


- Балким, Памир кыргыздарынын өсүп жетилген жаңы мууну, ал жердеги катаал шарттан качып жаткандыр?


- Сөзсүз. Болушу мүмкүн. Мен бир жигит менен сүйлөшүп калдым Нарынга келген. Кырк күн ошолордун арасында иштеп, материал жыйнадым. Ошондон "эмне үчүн бул жакка келдиң?" деп сурадым, "Агай ал жакта кыз жок, бул жакка келип, үйлөнүп, урук-тукумду уласак" дейт. Ал жакта кыз жокпу десем, бизге ылайыктуусу жок дейт. Демек, бул эмне деген сөз? Социалдык активдүүлүк жок болсо, иштебесе, баңгизат колдонсо, адамдардын сапаты төмөндөйт да. Аны чекпеген үй-бүлөлөрдүн балдарынын дени карды соо болот. Анан алар тигилерди теңсинеби. Бул жерде демографиялык чоң маселе бар.


- Бул жактагы кыргыздар менен Памир кыргыздарынын айырмачылыгы, өзгөчөлүгү эмнеде? Маданиятын сурап жатам.


- Алар кыргыз маданиятынын эң эски өрнөктөрүн сактап калышкан. Алардын жеген тамак ашынын бизде ондон бири да жок. Биз этти кайнатып алып эле камыр кошуп жеп, бешбармак бар деп олтура беребиз. Ал жерде тамактын жүздөгөн түрү бар. Эч дан өспөгөн жерде, 4500 метр бийиктикте жашап алып, ошол жердин аялдары нанды эстетикалык деңгээлге көтөргөн, анын түрлөрү канча. Мен тамак-аш маданияты тууралуу үч том китеп жаздым. Кошоктору, табышмактары, макал-лакаптары тууралуу эмгектерди жаздым. Чоң маданияты бар эл.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены