Сарыколду көргөн барбы, улар үнүн уккан барбы?

Сарыколду көргөн барбы, улар үнүн уккан барбы?

Тажикстандагы кыргыздар байырлаган жерлердин бири -- Памирдеги сарыколдук (мургабдык) бийик тоолуу кыштактар. Журналист, жазуучу жана публицист Мирзохалим Каримовдун кезектеги блогу.

 

Нечен кылымдардан бери кыргыздар жашап келаткан Мургап району -- 1932-жылы Тажикстандын Тоолуу Бадакшан Автоном облусунун курамына кирген аалам чокусундагы эң бийик жерлердин бири. Тарыхый маалыматтарда бул жер илгери Сары-Кол деп аталып, кыргыздар түпкүлүктүү эл болгону тууралуу айтылат.

 

Райондун жалпы аянты 38,5 миң чарчы чакырым, деңиз деңгээлинен 3800-4000 метр бийиктикте жайгашкан.

 

Климаты өтө татаал, узакка созулган кыш мезгилинде 40-50 градуска чейин суук болот. Катуу шуулдап соккон шамал жааган кар менен жаанды жерге-сууга тийгизбей учуруп кетип турат. Шыбактан башка мөмө-жемиш, жашылча, бак-дарак деген өспөйт бул жерде.

 

Райондун борборуна отургузулган саналуу сары талдарды эсепке албаганда, бири-биринен ондогон чакырым аралыкта жайгашып калган кыштактар, айлана-тегеректин баары жылаңач бойдон бозоруп турат.

 

Мургап айылынын этек жагын бойлоп аккан анчейин чоң эмес Ак-Суу дарыясынын, көлдөр менен көлмөлөрдүн шор баскан жээктеринде тизеге жетпей өскөн шибер чөптүн абдан калориялуу экени, аны оттогон мал ошондон улам семиз болору айтылып жүрөт.

 

Кар, жамгыр анда-санда жаагандыктан, элдин малы кышы-жайы талаада откорулат. Ошол себептен кыргыздар кышкылык үчүн өбөлөп-дөбөлөп тоют топтоп убара болушпайт. Төлдөгөн малды үч-төрт күн жылуу жерде кармап туруш үчүн гана шибер чөптү устара менен кыргандай таза оруп, азын-оолак сактап коюшат.

 

Памирлик кыргыздар негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип жан багышкандыктан, аларды бул жагынан бай тажрыйбага ээ болуп алышкан десе болот.

 

Климаты катаал бийик тоолуу жерде гана багыла турган топозду бордоп асырашат, сүтүн саашат, ал түгүл керек маалда унаа катары да пайдалана беришет. Топозду бордоп семиртүү, баш санын көбөйтүү жагынан өлкөдө атагы чыккан, Булуң-Көлдөн чыккан айтылуу топозчу Бакдөөлөт (Бахтдавлят) Муратбековго СССР доорунда (1965-жылы) Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылганы мургабдыктардын өтө мээнеткеч калк экенинен кабар берет.

 

Аалам чокусундагы көк тиреген бийик тоолордун койнунда чыдамкайлык менен өмүр сүрүп келаткан бул кыргыздардын арасынан илимпоздор, жетекчилик кызматтарда иштеп абройго ээ болгон ардактуу адамдар, элинин керегине жарай алган билимдүү кадрлар, жана да нечендеген чыгармачыл инсандар да чыккан.

 

Мургаптыктар тууралуу жаш акын Кыял Тажиеванын ыр саптарынан:

"...Болсо дагы Тажикстан аймагы,

Кыргыз чапкан ар бир өзөе сайлары.

Тээ бийикте калкып калган Памирде,

Мургап эли кыргыздардын каймагы".

 

Мургаптык даңазалуу инсандардын катарына районду он жыл бою жетектеген Камал Урустамовду, акимдик милдетти бир нече жыл жемиштүү аркалаган Ыдырыс Шажановду, аткаруу комитетинин төрайымы кызматын аркалап кадыр-барк тапкан Сайра Абдрахманованы, филология илимдеринин кандидаты Апенди Кадыркуловду, медицина илимдеринин кандидаты Мамараим Жумабаевди, коомчулукка таанымал журналисттер Зулпукар Сапанов менен Султан Пармановду ж.б. кошууга болот.

 

Мургаптык кыргыздар бул жердештеринин ысымдарын сыймыктануу менен оозго алып жүрүшөт.

 

Нукура кыргыз салтын, үрп-адаттарын, тилин ыйык сактап, руханий баалуулуктарын кылымдардан бери жоготпой келаткан кыргыздардын улан-кыздары аймактагы 14 кыргыз мектепте өз эне тилдеринде окуп келишет.

 

Жогорку билим алууну каалагандарга автоном облустун борбору Хорог, байтакты Дүйшөмбү жана эки коңшу өлкөнүн ортосунда атайын түзүлгөн келишим боюнча Кыргызстандын Ош, Бишкек шаарларындагы жогорку окуу жайларына барып окууга мүмкүнчүлүктөр берилген.

 

Билим берүү жаатындагы негизги көйгөйлөрү – бул мектептердеги окуу куралдарынын, адабий китептердин, мугалим кадрлардын жетишсиздиги.

 

Бул жагынан жалаң Мургап районундагы 14 мектепте эле эмес. Тажикстандын кыргыздар жыш отурукташкан Жерге-Тал (азыркы «Лахш») районундагы 50гө жакын кыргыз мектептеринде деле көптөгөн көйгөйлөр бар.

 

Тилекке каршы, Советтер Биримдиги тарагандан кийин Кыргызстан тарап да, Тажикстан тарап да бул олуттуу маселеге астейдил көңүл бурбай келатышканын улутташтардан көп жылдардан бери угуп жүрөбүз.

 

Жумурияттагы 1990-жылдардагы саясий жаңжалдын кесепети Мургаптын катаал шартында ансыз деле кыйналып жашап жүргөн он миңден ашуун кыргыздарды деле четте калтырган эмес.

 

Тарыхый мекенинен алыскы жерде өмүрлөрү топоз, мал багуу менен өтүп келаткан сарыколдук кыргыздар отун-суунун, азык-түлүктүн, кийим-кеченин жетишсиздигинин, Ош шаарына келип кетүүдөгү жолдун азабын аябай тартышкан.

 

Ушундан улам үй-жайларын, мал-мүлктөрүн соодалап, Кыргызстандын Чүй бооруна ж.б.калааларына көчүп келип жашоого аргасыз болушкан сарыколдуктар жүздөп саналат.

 

Кыйынчылыктарга карабастан, тарыхый атажурттун бир бөлүгү болгон Сарыколдо байырлоосун жана улуттук маданияттын өрнөктөрүн бапестеп сактоосун улантып келе жаткан улутташтарыбыз арбын. Аларга миң мертебе ыраазычылык билдиребиз.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены