Сары-Колдо сакталып калган эңке чокон

Сары-Колдо сакталып калган эңке чокон

Чүкөнү Сары-Колдо ашык дешет


1992-жылы башталган Тажикстандагы жарандык согуш Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы Мургаб районунда кадим замандардан бери жашап келаткан сарыколдук кыргыздардын да жашоосуна тескери таасирин тийгизген эле.


Кыргызстан менен карым-катыш барган сайын татаалдашып, кыргыздардын айрымдары тарыхый мекенге көчүп кетүүнү дегдей башташкан. Алгачкы 25 үй-бүлө көчүп келип, Чүй облусундагы Кара-Дөбө айылына отурукташкан болчу.


Кыргызстандагы ошол кыргыздарды баш коштурган "Улуу Мекен" коомдук фондунун төрагасы, ишкерлик менен алектенген Алмаз Урустамов жердештеринин тагдыры, азыркы учурдагы жашоо-турмушу жөнүндө маек куруп берди.


Алмаз мырза, адегенде өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

- Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Мургаб районунда төрөлүп өстүм. Тажик жана кыргыз тилинде окуткан орто мектепте билим алдым. Мектепте кыргыз класстары тажик класстарына караганда үч-төрт эсе көп болчу. Кыргыз, тажик балдары бирге окуп, бирге чоӊойдук. Тажик балдары менен кыздары, алардын ата-энелери да кыргызча сүйлөп, аш-тойлорго катышып жүрө беришчү. "Сен кыргыз, сен тажик" деген бөлүнүү болгон эмес. Себеби, бул жердеги эки эл илгертен бери ынтымакта жашаган. Бир туугандай эле болуп калышкан.


Менин бала чагымдын бактылуу күндөрү мына ошол Мургабда өттү. Достук, ынтымак тарбиясын ушул жерден кан-жаныма сиӊиргем. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги Политехникалык институттун курулуш жана экономика факультетинде окуп, жогорку билимге ээ болдум.

 

sary-koldo-saktalyp-kalgan-e-ke-chokon 2
“Улуу Мекен” коомдук фондунун төрагасы Алмаз Урустамов жана карыя мугалим, акын Алымкул Акназаров фонддун активисттери менен

 

Институтту бүткөндөн кийин Мургабга кеттиңизби же ошол бойдон Кыргызстанда жашап калдыңызбы?

- Тажикстанда согуш чыгып, эл кооптуу абалга дуушар болгон маал эле. 1993-жылы 4-курста окуп жатканымда көп жылдар бою Мургабда жетекчилик кызматтарда иштеп, республикага таанылган атам Камал Урустамов Памирдеги 25 үй-бүлөнү Чүйдүн Кара-Дөбө айылына көчүрүп келди. Бул Бадахшандагы Сары-Кол эли үчүн күтүлбөгөн бир чоң окуя болгон ошол кезде.


Атамдын кыргыздар кыйналбасын деп ак ниеттен жасаган камкордугун жердештерибиздин көпчүлүгү адегенде туура эмес кабыл алып, "чыккынчы" дегенге чейин барышты. Бул түшүнбөстүктөр атамды капа кылбай койгон жок, албетте. Көпкө чейин суз тартып жүрдү. Ошондой болсо да, Чүйгө көчүп келген жердештерди отурукташтырып, жашоо-тиричилигин жакшыртууга жардамын аяган жок.


Көчүүгө каршы чыккандар бул иш туура болгонун кийинчерээк түшүнүштү. Ошолордун дээрлик бардыгы эле кийин көчүп келди. Биздин жердештер жергиликтүү калк менен тез эле жуурулушуп, ынтымакта жашап калды. Бир канчасы куда-сөөк да болушту. Атам элди отурукташтыргандан кийин деле жаны тынч алып отуруп калган жок.

 

sary-koldo-saktalyp-kalgan-e-ke-chokon 3
Камал Урустамов жердештери менен (биринчи катарда, солдон экинчи)

 

Эч кимден эч нерсесин аябай көп жылдар бою элдин өнүгүп кетүүсүнө күч жумшады. БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасынын жетекчиси Эржан Мураттын жардамы менен 15 миӊ доллар грант алып, муктаж болгондорго тараткан. Өзүнүн жетекчилиги астында атайын уюштурулган "Мургаб" дыйкан чарбасына керектүү техникаларды, чакан тегирмен, түрдүү үрөндөрдү сатып алган. Тилекке каршы, ден соолугу начарлап, 2011-жылы 69 жашында каза болуп калды.


Сиз азыр "Улуу Мекен" коомдук фонд уюштуруп, өзүңүз жетектеп жатыптырсыз. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?

- Атам каза болуп, арадан жети жыл өткөндөн кийин, жердештерим бир күнү чогулуп: "Бизге экинчи Камал керек, сарыколдуктарды көтөрмөлөп бириктирген, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк кылган адамга муктажбыз. "Камал Урустамов" фондун ачалы, сен аны жетектеп бер" деп суранышты. Атамды эсинен чыгарбай сыйлап жүрүшкөнүнө абдан кубанып, макул болдум.


Бирок фондду "Улуу Мекен" деп атасак туура болот, анткени дүйнөдөгү ар бир кыргыз кайсы гана өлкөдө жашабасын, улуу мекени – бул кыргыз мамлекети, "биз кыргыздын өз мамлекети бар экенине сыймыктанышыбыз керек жана колдон келген кызматыбызды мекенибизден аябашыбыз парз" деп айттым. Аксакалдар сунушумду колдошту. Натыйжада үч жыл илгери ушул фонд уюштурулду.


Фонд кандай максатта уюштурулган?

- Үч багыттагы ишмердикти белгилеп алганбыз. Биринчиси – Памирден көчүп келген Сары-Кол кыргыздарынын ынтымагы. Алардын саны азыр Чүй менен Бишкек шаарындагыларды эле кошкондо он миӊдей болуп калды. Убак-убагы менен дидарлашып туруу, аксакалдарды акыл-насаат айттыруу, ар кандай мааракелерди уюштуруп элди катыштыруу сыяктуу иш-чаралар ынтымакты сөзсүз бекемдейт. Ошондой эле, бул иштер жаштарга жакшы сабак болуп турат.


Экинчиси – Бадахшандагы Сары-Колду кыргыз элине таанытуу. "Манастан" бери айтылып келе жаткан кыргыздын Сары-Кол деген жери бар экенин, ал жерде нукура кыргыздар жашарын айгинелөө, ал кыргыздардын салт-санааларынын, үрп-адаттарынын өзгөчөлүктөрүн тааныштыруу. Үчүнчүсү – жердештерге колдон келишинче ар тараптан жардам берип туруу. Биз азыр мына ушул үч багытта иш жүргүзүп, жакшы натыйжаларга жетишип келатабыз.


Аткарылган ошол иштердин айрымдарын айта аласызбы?

- Мисалы коомдук телекөрсөтүүнүн "Ой ордо" ж.б. программаларына катыштык. "Тарых, тил жана маданият" телеканалында Сары-Кол элинин тилинин өзгөчөлүктөрү, маданияты, кол өнөрчүлүгү, салт-санаасы жана жашоо турмушу тууралуу бир нече жолу кенен маек куруп бердик.


Фейсбукта "Улуу Мекен" деген баракча ачканбыз, андагы окурмандарыбыздын саны азыркы учурда 14 миӊден ашып калды. Аталган баракчага Сары-Кол тууралуу ар түрдүү маалыматтарды жарыялап турабыз.

 

sary-koldo-saktalyp-kalgan-e-ke-chokon 4
“Улуу Мекен” коомдук фондунун кезектеги жыйынында

 

2019-жылы "Сагындырган Сары-Кол" аттуу поэзия кечесин уюштуруп, Сары-Колдон чыккан акындарды элге тааныштырдык. Кечеге Мургабда беш жыл мугалим болуп иштеген Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов ж.б. катышып, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.


Мындан тышкары кыргыз элинин Сары-Колдо гана сакталып калган эӊке чокон ордо оюнун уюштуруп, жердештерибизди үч жылдан бери ушул оюндун финалында чогултуп келебиз. Өткөн жылы "Эңке Чокон" федерациясын Юстиция министрлигинен расмий түрдө каттоодон да өткөрүп алдык. Ошентип, сары-колдуктардын бул оюну кыргыз элинин улуттук спортуна кошкон салымы болду деп айтар элем.


Баткенде болуп өткөн кандуу коогалаңдан кийин Тажикстандын Мургаб районунда жашап жаткан бир ууч жердештериңиздер менен кабарлашып турсаңыздар керек?

- Карантин жарыялангандан бери карым-катышыбыз дээрлик токтоп калган. Бирок телефон аркылуу болсо да кабарлашып жатабыз. Кандуу коогалаӊдан кийин бардыгыбыздын кулагыбыз ошол жердештерибизге бурулган. Азырынча кандайдыр бир кооптондура турган кабар угула элек. "Тынч, аманбыз" деп турушат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены