“Сары-Кол жаштары” коомдук бирикмеси

“Сары-Кол жаштары” коомдук бирикмеси

Арбаныздар кадырман калайык калкым, кымбаттуу Сары-Кол элим. Бүгүн Сары-Кол эли эле эмес дүйнө эли чачыранды болуп турган заманда, агыл-төгүл, оор-кыйыш учурда баарыбыз биригип, бирдиктүү иш алып барып, ыйык Сары-Кол жергебиздин дагы келечегин ойлоп, бири-бирибизге арка бел болчуу учур келди. Айталы дегенибиз бүгүнкү күндө жергебиздеги жаштар, жаш үй-бүлөлүлөр агылып эле жер которуп шаарды көздөй чуркоодобуз. Биздин ыйык жергебиз, өз диалектибиз, өз үрп-адаттарыбызды кээ бирки унутулуп бараткан кымбат салттарыбызды кандай жашоодо жашабайлы, кайсы жерде жүрбөйлү, ошол таберик мурастарыбызды унутпоого тийишбиз. Бүгүнкү күндө Сары-Колчу жердештерибиз ары жагы Америка кошмо штатында, бул жагы Россия мамлекетинде, мындан тышкары Германия, Турция, Болгария сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдү кыдырып иштеп кеттик. Дагы көпчүлүк бөлүгүбүз негизги чоң мекенибиз Кыргызстан мамлекетинде да отурукташып, жайгашып калдык.


Урматтуу элим мына ушундай учурда Кыргызстан аймагында жашап жаткан Сары-Колчу жердештерибизге ак кызмат өтөө максатында жалаң Сары-Колдук улан-кыздардан турган топ болуп бирдиктүү иш алып баруу максатында биригип "Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесин түзгөнбүз, анда эмесе төмөнкү маалымат ушул коомдук бирикме туурасында болсун.


2 1"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин кыскача тарыхы


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмеси 2015-жылы Кыргыз республикасынын Ош шаарындагы Сары-Колдук жаштардын демилгеси менен түптөлгөн. 2019-жылы ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ош облустук юстиция башкармалыгынан офицалдуу түрдө катталып. Күбөлүк, печат алып уставын бекитип жетекчи катары Ислаев Медетбек Назаровичти дайындап, ишмердүүлүгүбүздү жандантып дем, күч менен элибизге кызмат кылып келебиз.


Коомдук бирикме түзүүгө түрткү берген факторлор:

- Сары-Колдон Кыргызстанга келген жаштардын агымы;

- Социалдык жана экономикалык туруксуздук;

- Жаштардын ар кандай туура эмес топторго кирип кетпөөсүн тизгиндөө;

- Жаштарды ар тараптан колдоого алуу жана ар кандай көптөгөн факторлор негиз болгон;


2 2Негизги максатыбыз


Сары-Кол жаштарынын ынтымагын бекемдөө, достугун чыңдоо, биримдике чакыруу жана спорттук, маданий, илимий, юридикалык, социалдык жактан аярлуу катмардагы жердештерибизге көп тармактуу колдоо көрсөтүү.


Жогорудагы максаттарды көздөй "Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин узак мөөнөттүү жылдык, айлык пландарын иштеп чыгып, бекитип, ар кандай таармактагы иш чараларды өткөрүп, жаштарды шыктандырып, ар тараптуу колдоо көргөзүп келебиз.


Бүгүнкү күндө "Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмеси "Ынтымак бар жерде ырыс бар, биримдик бар жерде жылыш бар" деген девиз менен, проритеттүү максатка багытталган, идеалдуу картинасы бар, максатка жетүү жолунда туура багытта бараткан юридикалык күчкө ээ коомдук бирикмеге айланган.


Биз коомдук бирикменин жетекчиси жана жалпы сектор жетекчилери, бөлүм жетекчилери жана активдүү мүчөлөр... ыктыярдуу түрдө элибиздин, жаштардын кең келечеги үчүн кызмат кылуудан тайманбайбыз жана кызмат кыла бермекчибиз.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин интернет баракчалары:


Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCP4nSEcU4BCFw5mA1tigBPg

Инстаграмм: @sarykol_jashtary_kb


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин негизги түзүүчү тобу менен тааныштырабыз:


1 1Ислаев Медетбек Назарович

27.12.95. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районуна караштуу Аличор айылында туулган.


Жогорку билимдүү. 2013-жылы Ош мамлекеттик университетинин" Орус филологиясы" факультетине тапшырып 2017-жылы аталган окуу жайдын "Орус-тили жана адабияты" адистигин бакалавр негизиндеаяктаган.2019-жылы ошол эле адистиктин магистр дипломун артыкчылык менен бүтүргөн. "Дене-тарбия" адистиги боюнча 3-курстун студенти. (сырттан окуу бөлүмүнүн.)Азыркы учурда Ош мамлекеттикуниверситетин "Педагогика, психолгоия жана дене-тарбия"факультетинин окутуучусу. Декандын эл аралык байланыштар боюнча орун басары. Факультеттин окумуштуулар кеңешинин мүчөсү. Мындан сырткары эл уулу болгон тамадачылык өнөрдү аркалайт.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү аталган коомдук бирикме түптөлгөлү бери туруктуу жетекчиси. Үй-бүлөлү .


2014-жылы филология фатультетинде "Жылдын мыкты студенти" наамынын ээси. 2017-жылы Орус тили жана адабияты адистиги боюнча бакалавр, 2019-жылы ошол эле адистиктин магситратура бөлүмүн аяктаган. Дене-тарбия факультетинин 3-курсунун студенти. (сырттан окуу бөлүмүнүн) 2020-жылы ОшМунун "Ардак грамотасынын" ээси.


1 2Үркүнчиев Сүйүн Амирамзаевич

23.02.95. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районуна караштуу Ыраң-Көл айылында туулган.


Жогорку билимдүү. 2002-жылы Ыраң-Көл айылындагы №4 Аблеч Шаиков атындагы орто мектептин босогосун аттап 2011-жылы Хорог шаарындагы Президенттик гимназияда окуусун уулантып кайра 2013-жылы №4 А.Шаиков мектебинен аяктаган.


2013-жылы КыргызРеспубликасынын Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана Мененджмент факультетине тапшырып, 2017-жылы "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистигин бүтүргөн. Иштеген кызмат орундары. 2017-2019-жылдар аралыгында ЗАО "Парнёр КДЖ" жеке менчик ишканасында зав склад, автозаявшик жана админстратор болуп иштеп кийинчереек ОсОО "Интеллектуальная система безопасности" жеке ишканасында мененджер болуп эмгек жолун уланткан. 2020-жылыдан баштап чакан бизнесте өзүн сынап келүүдө жана "Уркунчиев" ЖЧКнын ээси. 2022-жылдан баштап ОсОО "Барбол" кондиттердик фирмасында маркетолог. Ыраң-Көл фондунун бухгалтер кассири жана уюштуруучусу.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү аталган коомдук бирикме түптөлгөндөн баштап ревизор жана кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси. Коомдук бирикменин уставын, укук актыларын жана эмгек келишимдеринин автору. Үй-бүлөлү, бир кыздын атасы.


1 3Шаджанов Адахам-Жусуп Исмаилович

07.06.96. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районуна караштуу Ыраң-Көл айылында туулган.


Жогорку билимдүү. 2014-жылы бюжеттик негизде Ош технологиялык Университетинин Инженер страитель факультине тапшырып2018-жылы аталган окуу жайды аяктаган. 2018-2020-жылдар аралыгында "Исхак" жеке окуу бөлүмүндө информатика багыты боюнча мугалим. 2020-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-тили жана адабияты факультетинин студенти (сырттан окуу бөлүмүнүн) 2021-жылы Ош шаарныдагы №32 Жолон Мамытов атындагы орто мектепте кыргыз-тили мугалими болуп эмгектенген азыркы учурда Москва шаарында катардагы жумушчу.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин активдүү мүчөсү. Аталган коомдук бирикме түптөлгөлү бери спорт сектору бөлүмүн жетектейт. Үй-бүлөлү, эки уулдун атасы.


2015-жылы Ордо оюну боюнча универсиаданын чемпиону, алтын медалдын ээси. 2016-жылы Ош шаарында өткөн Ордо оюнунда баш байге. 2017-жылы грек-рим күрөшү боюнча Ош шаардык турниринде 2-орундун ээси. 2016-2017-жылы теология факультетинин "Дин таануу" сертифкатынын ээси. 2018-жылы "Клооп.kg" порталы уюштурган жаш журналистдолбоорунун катышуучусу, "Энекем" "Шералы" "Сары-Кол кыргыздарынын кыз узатуу салты" жана башка көптөгөн макалаларлдын автору. 2019-жылы "Исхак" жеке окуу бөлүмүндө "Мыкты мугалим" наамынын ээси. 2020-жылы Баткен облусунун Исфана шаарынын билим берүү башкармалыгынын "Ардак грамотасы" менен сыйланган.


1 4Айбашов Марат Бакыбаевич

29.11.97. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районуна караштуу Кара-Көл айылында туулган.


Жогорку билимдүү. 2015-жылы бюджеттик негизде Ош мамлекеттик университетинде кыргыз филология жана журналистика факультети. Касым Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университеттин кыргыз филологиясы жана педагогика факультетин 2019-жылы аяктаган. 2019-жылдан тартып Ош шаарындагы Ош Таатан соода борборунда жеке ишкерлик менен алектент. Үй-бүлөлү.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин активдүү мүчөсү. Аталган коомдук бирикме түптөлгөлү бери маданий сектору бөлүмүн жетектейт.


"Жалын" элдик театрнын солисти. 2017-жылы Кара-Кол шаарынын мери Д.Арпачиевдин ыраазычылык баракчасы. Казакстан Республикасынын "Аspan" фирмасынын грамотасы. ОшМунун шайыр тапкычтар долбоорунун "Мыкты оюнчусу" КФжЖнын "Ардак грамотасы". К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин ректорунун "Ардак грамотасынын" ээси.


1 5Дүнкөбаев Абдувахаб Бердигожоевич

01.02.97. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районуна караштуу Аличор айылында туулган.


Жогорку билимдүү. 2015-жылы Ош мамлекеттик университетинин Программист адистигине тапшырып аталган университетти 2019-жылы аяктаган. Ушул эле университетте "Педагогика, психология жана дене-тарбия" факультетинде сырттан окуу жана дистанттык бөлүмүндө методист болуп үзүрлүү эмгектенүүдө. Бойдок.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин активдүү мүчөсү. Аталган коомдук бирикме түптөлгөлү бери Медиа сектору бөлүмүн жетектейт. Асман кино мектебинде актердук чеберчилигин өркүндөтүп. Бир канча клиптерде роль жаратып келет.








1 6Аблечов Мирлан Бактыбекович

18.05.99. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районуна караштуу Ыраң-Көл айылында туулган.


Жогорку билимдүү. 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинин "Бизнес жана Мененджмент" Факультетине тапшырып аталган окуу жайды 2020-жылы бүтүргөн. 2021-жылы аталган университеттин "Кыргыз филологиясы жана журналистикасы" факультеинин 2-курсунун студенти. Акыйкатчы апаратынын төрагасы. Мындан тышкары эл уулу болгон тамадачылык кесипти жана акындык өнөрдү аркалап келет.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин активдүү мүчөсү. Спорт секторунун милдетин аткаруучу. Бойдок.


2014-жылдан тартып куудулдук өнөр менен алектенип келет. 2017-жылы "Жаңы доордун уландары" тобунун негиздөөчүсү. 2018-2019-жылдар аралыгынлда Сары-Кол аймагына гостролдоп концерт коюп келгенге дагы жетишкен. 2019-жылы ошол эле концертин Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында тартуулаган. Кыргыз маданиятына эмгеги синген ишмер, сатирик, алп куудул Рахман Разыковтун жана Кыргыстан, Таджикстан жазуучулар союзунун мүчөсү Майрамбек Тойчиевтин шакирти. Ырчы Топчубай Айтмаматовдун сахналаш иниси. Сары-Колдук жердештери тарабынан "Этникалык куудул" каймана аты бар. 2017-жылы "Асман Медиа" кино компаниясынын актердук курсуну ийгиликтүү аяктап сертифкатынын менен сыйланган.


1 7Эгемкулов Абдимажит Мөнкөбаевич

02.23.98. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районуна караштуу Аличор айылында туулган.


Жогорку билимдүү. 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинин "Орус филология" факультетине тапшырып 2020-жылы аталган окуу жайдын "Орус-тили жана адабияты" адситигин аяктаган. Билимин дагы да жогорлотуу максатында филология адистигинин магистратура бөлүмүнүн студенти. Кесиби боюнча Ош шаарындагы ВЛКСМ мектебинде эки жыл эмгектенген. Азыркы учурда "Ансар Групп"коорперативдик жеке ишканасынын медиа тармагында эмгектенет.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин бир жылдык убакыттан бери активдүү мүчөсү. маданият жана билим секторун жетектейт. Бойдок.


2019-жылы Ош шаарынын Жаштар комитетинин Ыраазычылык баракчасы. Ош мамлекеттик университетинин Ыраазычылык баракчасы. Шахмат боюнча 3-даражадагы разряд, облосной олимпиаданын чемпиону. "Инсан Таануу" коомдук бирикмесинин куратору. 2022-жылы Араб мамлекетинин Мекке жана Мадина шаарларында кичи Умра зыяратын өтөп келген.


1 8Зарилбек кызы Назира

18.01.99. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районуна караштуу Токтомуш (Кызыл-Рабат) айылында туулган.


Жогорку билимдүү. 2017-жылы Ош мамлекеттик университетинин "Искусство" факультетинине тапшырып 2021-жылы Дизайн костюма адистигин аяктаган. 2021-жылдан тартып Бишкек шаарында жеке тигүү цехинде технолог болуп эмгектенүүдө.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин бир жылдык убакыттан бери активдүү мүчөсү. Кайрымдуулук секторун жетектейт. Бойдок.


2018-жылы Ош мамлекеттик университетинин "Дизайнер Конструкция" сертификатынын ээси. "Жаш дизайнер" конкурсунда 2-орунду камсыздаган. "Кыз кыял" автордук коллекциясынын күбөлүгүнүн ээси.







1 9Токтобаева Сабира Маматурдиевна

27.12.03. Тажикстан Республикасынын ТБАОнун Мургаб районунда туулган.


Жогорку билимдүү. 2019-жылы Ош шаардык №16 лицейинин 3-курсунун студенти. Кесиби боюнча дизайнер.


"Сары-Кол жаштары" коомдук бирикмесинин бир жылдык убакыттан бери активдүү мүчөсү жана катчысы. Бойдок.


Волейбол оюну боюнча Ош шаардык №16 лицейинин мыкты оюнчусу, күмүш медалынын ээси, 2019-жылы "Жаш дизайнер" конкурсунун жеңүүчүсү. 2021-жылы "Мыкты студент" наамынын алган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены