САРЫ-КОЛ: “Шамалга кактанган адам” (сүрөт)

Ак эмгек жана ак ниеттүүлүк менен тапкан бакыт. Мен сөз кыла турган бул адам Кенжебаев Токтомат 1940 жылы Мургаб айылында жарык дүйнөгө келген экен. Аталган айылда орто мектепти аяктаган соң 1961 жылы аскердик кызмат өтөөгө чакырылып, Өзбек ССРнын Ташкент шаарында кызыл армиянын катарында аскердик милдетин өтөп 1964 жылы келет. Армиядан келгенден кийин Мургаптагы “Ак-Суу” ГЭСинде 4 жыл эмгектенет. Андан соң Кара-Көл айылында дизелдик электр станциясында дизелисть болуп пенсияга чыкканга чейин иштейт.

 

1988 жылдан баштап Кара-Көлдө Жаңы жер учаскасындагы Интер охотада иштеп баштайт. Өзүнүн мергенчилик кыраакылык жөндөмү бар Токтомат аке көптөгөн ийгиликтерди, жетишкендиктерди көрсөтө алат. Иштеген жеринде коллективдин чоң ишенимине, урмат сыйына ее болот.

 

sary-kol-shamalga-kaktangan-adam 2 sary-kol-shamalga-kaktangan-adam 3
sary-kol-shamalga-kaktangan-adam 4 sary-kol-shamalga-kaktangan-adam 5

 

1990 жылы чет мамлекеттен келген конок мергенчиге мүйүзүнүн узундугу 1м 79см болгон түпкү уюлу .базасы.59 болгон “дүйнөлүк аркар” наамына татыктуу кайберенди аттырган. Бул дүйнөлүк рекорддордун бири болгон. Токтомат аке аттырган кулжанын мүйүзү Европа өлкөлөрүнүн 57 мамлекет катышкан мергенчилик олжолор көргөзмөсүндө 3 жолу алдынкы гран при сыйлыгын жеңип алган.

 

Токтомат аке ажылык парызын өтөп келип Сарымогол айылында бактылуу карылык мезгилин өткөрүп бүгүнкү күндө жалгыз уулу Эсендин жана 9 небересинин, 12 чебересинин мандайында 80 жашта жашап жатат. Бар болуң Ажы ата. Сарыколдун уул кызы сиз менен сыймыктанабыз.

 

sary-kol-shamalga-kaktangan-adam 6P.S. Америкада «Дүйнөлүк мерген» деп таап Мургаб районунун Кара-Көл айылынын тургуну Токтомат Кенжебаевка арналган бюст жасалган. Бюст «Шамалга кактанган адам» деген жазуу менен камтылган. Ошол бюсту Кара-Көл айылына чейин америка жараны Huseiin Golapchi алып келип мерген Токтомат Кенжебаевка тапшырган, жол киреге кеткен чыгымы 5000 $ тузгөн.

 

ВИДЕО 

 

Бердибаев Өскөнбай

Сары Могол айылы

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены