Сары-Кол борборунда Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Сары-Кол борборунда Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Сары-Кол борбору Мургаб шаарчасында «Нооруз» элдик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди.

 

Салтанаттуу иш-чарада борбордун аянтында түрдүү улуттардын каада-салттарынан көргөзмөлөр уюштурулду.

 

Анда кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук тамак-аштар коюлуп, ыр-бийлер, ар улуттун каада-салттары көрсөтүлдү.

 

Жергиликтүү элди бул улуу күнү менен куттуктаган райондун жетекчилери Сары-Колго бейпилдик, тынчтык нурун чачып, элибизде токчулук, молчулук болуп, бакубат жашоосуна тилектештигин билдиришти.

 

Ошондой эле майрамды Сары-Кол өрөөнүнүн Токтомуш, Ыраң-Көл, Баш-Гүмбөз жана башка айылдарында да өтө чоң денгеелде белгилешти.

 

sary-kol-borborunda-nooruz-mairam 2 sary-kol-borborunda-nooruz-mairam 3
sary-kol-borborunda-nooruz-mairam 4 sary-kol-borborunda-nooruz-mairam 5
sary-kol-borborunda-nooruz-mairam 8 sary-kol-borborunda-nooruz-mairam 9
sary-kol-borborunda-nooruz-mairam 6 sary-kol-borborunda-nooruz-mairam 7

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены