Сүйүндүргөн сүннөт той

Сүйүндүргөн сүннөт той

Өлкөбүздө салтка айланып бара жаткан балдарды сүннөткө отургузуу жөрөлгөсүнө арналган салтанаттуу иш чара быйыл дагы Нооруз майрамынын алдында Мургаб райондук жергиликтүү бийликтин аткаруу Органы тарабынан «Сыймык» кафесинде уюштурулуп өткөрүлдү.

 

Бул иш чарага Мургаб, Г.Бердибаев атындагы жана Ыраң-Көл жамаатынын Чечекти айылынан болуп, жалпы 38 бала сүннөт тойго чакырылды. Бул катышкан балдарга белек берүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн уюштурулган иш чара болду. Ага ата-энеси, жакындары коштоп келишти.

 

Бул иш чарага Мургаб райондун төрагасы Мурзабай Жоошбаев өзү катышып сүннөт той жөрөлгөсүнө келген бөбөктөргө куттуктоо сөзүн айтты. Ошону менен бирге аларга баалуу белектерди тапшырды. Андан соң жарыш сөзгө чыгышкан Мургаб жамаатынын төрагасы Б.Сейитбеков Г.Бердибаев жамаатынын төрагасы У.Аилчиев Тажикстан элдик демократиялык Партиясынын Мургаб райондук аткаруу комитетинин төрагасы Ж.Акжаров, эл аралык уюмдардын жетекчилери сүннөткө отуруучу балдарга өз белектерин тапшырышты.

 

Ата-энелердин атынан сөзгө чыгышкан Т.Жумабаев, К.Белекбаев ушул иш-чараларды уюштурушкан райондук өкмөттүн жана жамааттардын төрагаларына жана Мургаб районунун төрагасы М.Жоошбаевке терең ыраазычылыктарын билдиришти. Бөбөктөргө бул сүннөт тойдун аягында сый тамактар уюштурулуп, райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздорунун концертин тартуулашты.

 

Ш.Исламбердиева

 

«САРЫКОЛ» пресс.

 www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены